Армениянын курама өкмөтүнө кирген Дашнякцeтюн партиясынын ана башы Грант Маркарян шайлоо өнөктүгү учурунда Барак Обама элди шыктандырганын айтып, ал үчүн Жорж Бушка караганда мыкты президент болуу чоң кыйынчылыкты жаратпайт деп ишенет.
- Бирок менин билишимче, АКШнын өкмөттүк түзүлүшү саясатты жеңил өзгөртүүгө жол бербейт жана айырым адамдар чоң өзгөрүүлөрдү жасай албайт.
Белорус саясатчысы, оппозициядагы «Эркиндик үчүн кыймылынын» лидери Александр Милинкевич өз өлкөсүндөгү демократиялык өзгөрүүлөр АКШ менен Евробиримдиктин Белоруска карата бирдиктүү саясат жүргүзүүсүнө да багыңкы дейт:
- Кошмо Штаттары Беларус саясатын Евробиримдик менен мүмкүн болушунча мунасада жүргүзүшү абзел. Бул маселеде АКШ менен Биримдиктин бир сөздүү болушу зарурат. Кийинки жылдары көпчүлүк учурда мындай болбоду.
Грузияда АКШнын жаңы өкмөтү өлкөнүн эгемендигин коңшулаш Россиядан коргоого жана Батыштын саясый институтарына өтүүгө көмөктөшөт деп үмүт кылышат. Грузиянын мурдакы агартуу министри, Кавказдын тынчтык, демократия жана өнүгүү борборунун башчысы Гия Нодиянын айтышынча:
- Грузияда Обаманын администрациясына чоң үмүт артышат. Себеби АКШ менен тыкыс кызматташуу өлкөнүн коопсуздугу жана стабилдүүлүгү үчүн өтө маанилүү. Баарынан да, Грузиянын келечекте НАТОго өтүүсүн колдоосун токтотпостон, куралдуу күчтөрдү модернизациялоого көмөктөшүүгө тийиш. АКШ менен эркин соода келишими түзүлсө, Грузиянын экономикасы үчүн тоодой жөлөк болмок.
Россиялык серепчилер Барак Обама баарынан да Россияга болгон мамилени өзгөртүүсү зарыл деп эсептешет. Мамдуманын тышкы иштер комитет башчысы Константин Косачевтун сөзүнчө, Вашингтон түрдүү проблемаларды Москва менен калыс талкуулап гана ийгиликке жетет экен:
- АКШнын Россия саясаты өзгөрөт деп ойлойм. Демилге Америка тараптан болуп, Кошмо Штаттардын кызыкчылыгына катар Россияны кызыктырган маселелер да талкууланууга тийиш. Эки ортодо кызматташуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр болсо да, Буштун администрациясы бүгүнгө чейин аны пайдаланбады.
Мамдуманын мурдакы мүчөсү Владимир Рыжков АКШнын 44-президенти тушунда Россия-Америка алкасында чоң өзгөрүүлөр болот деп ойлобойт. Анткени Россияга чектеш региондордо АКШнын узак мөөнөттүк кызыкчылыгы бар, дейт оппозициячыл саясатчы:
- Кошмо Штаттары Кавказдагы ролун дагы бекемдөөнү каалайт жана Грузия, Украина сыяктуу постсоветтик өлкөлөрдү өз орбитасына тартууга аракет кылат. Белорустагы кырдаал боюнча да биздин көз караштарыбызда олуттуу айырмачылыктар бар. Кошмо Штаттары Борбор Азиядагы ордун дагы кеңейтет. Ушинтип ракетадан коргонуу, НАТОнун кеңейүүсү, постсоветтик өлкөлөр сыяктуу талуу проблемалар турганда, АКШ-Россия мамилесинде фундаменталдуу өзгөрүүлөр болоруна ишенбейм.
Украиналык жазуучу-философ Оксана Забужконун айтымында, Барак Обаманын бийликке келүүсү Украинадагы жагдайга оң таасир этет деп ишенгендер жаш баладай жаңылыш ойлошот:
- Биз 2009-жылды чоң тобокелчилик менен баштап жатабыз. Ошондуктан, ар кандай прогноз жасоо - бул жоопкерсиздик болот деп ойлойм. Барак Обама өтө опурталдуу кызматка отурду. Украинадагы кырдаалды Обамага байланыштыруу эски советтик диссиденттердин «Батыш бизге жардам берет» деген балалык үмүтүн эске салат. Батыш жана АКШ биринчи кезекте бири бирине жардамдашуу менен алек болот деп ойлойм.