Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:51

Хиллари айым айткан“smart power” стратегиясы


АКШнын жаңы жетекчилиги тышкы саясатта прагматикалуу жана принципиалдуу болуп, куру идеологияга таянбайт, деди мамкатчылыкка көрсөтүлгөн Хиллари Клинтон шейшемби күнү Сенаттын Тышкы байланыштар комитетинде болгон угууда.

20-январда Барак Обама бийлик чылбырын колго алгандан кийин, АКШ тышкы саясатта дипломаттык жана экономикалык механизмдерди кеңири колдонорун Сенаттагы шейшемби күнкү угуу ачык көрсөттү.

Сенаттын Тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Жон Керри Хиллари Клинтондон Обаманын администрациясы Ирандын ядролук дымагын кантип ооздуктарын сураганда, Обама да президент Буш сыяктуу эле Ирандын ядролук куралга ээ болуусуна ынана албайт, деди болочок мамкатчы:

-Биздин максатыбыз: дипломатияны, санкцияларды колдонуп, Ирандын ядролук куралдуу болуусуна жол бербегендей чоң буроосу бар өлкөлөр менен жакшы ымала түзүү аркылуу аны болтурбоо.

Клинтондун сөзүнчө, анын кызматчылары ырасмий Тегеран жолугушууларда жакшы ыкласын көрсөткөнүн тастыктамайын, мамкатчы Иран жетекчилиги менен байланышка барбайт.

АКШнын Израил-Палестин чатагына болгон мамилесинде да чоң өзгөрүүлөр болбойт. Ак Үй, Хиллари айымдын айтымында, Тегеран менен алака түзсө да, ХАМАС менен мамиле курбайт:

-Менин оюмча, ХАМАС зобун-зордуктан баш тартып, Израилди таанымайын жана (мурдакы Палестин жетекчилиги жана Израил арасындагы жетишилген) келишимдерди аткармайын, Израил ХАМАС менен сүйлөшпөс керек.

Клинтон айымдын айтышынча, Израил-Палестин чатагын жөндөөдө, Иран менен Сирияны ХАМАС жана Хизбалладан алыстатууда, ошондой эле Ооганстан менен Пакистандагы ислам экстремисттерине каршы күрөштө “smart power” стратегиясы колдонулат.

-…ар бир учурда өз карамагыбыздагы ылайыктуу дипломаттык, экономикалык, аскерий, саясый, юридикалык жана маданий механизмдерди колдонобуз. “Smart power”, дипломатия тышкы саясатыбыздын алдында жүрөт.


АКШ Сенатындагы угууда Сенатор Ричард Лугар Хиллари айымдын мамкатчылыкка көрсөтүлүүсүн колдоо менен бирге бир каалоосун билдирди. Анын оюнча, Хиллари айым Мамдепартаментти башкарып турганда күйөөсү экс-президент Билл Клинтондун соопкерчилик фонду чет элдик донорлордон эч кандай тартуу албашы абзел.

XS
SM
MD
LG