Чехия 1-январдан тартып, жарым жыл бою Евробиримдикке төрагалык кылат. Дипломаттык чөйрөлөрдө килейген Франциядан кийин төрагалык кылуу Чехия үчүн өтө оор болорун боолгошууда. Буга өлкө президенти Васлав Клаустун Биримдикке болгон сын көзкарашы, премьер-министр Мирек Топаланек менен ымаласы жоктугу жана Прага-Москванын арасындагы араздашуу негиз болууда. Чехиянын АКШнын ракетадан коргонуу планына кошулуусуна Россия катуу нараазы.
Жаңы жылдан тартып Европа Биримдигинин төрагалыгы уюмду түптөөчүлөрдүн бири Франциядан уюмдун жаш мүчөсү Чехияга өтөт. Бирок Чех жетекчилигинде Биримдиктин иш жобосун аныктаган Лисабон келишими боюнча жалпы пикир жок. Ушундан улам, премьер-министр Мирек Топаленек Евробиримдиктин элдешпес сынчысы, өлкө президенти Васлав Клаустун бийликтеги Жарандык-демократиялык партиянын ардактуу төрагалыгынан кетүүсүн талап кылды.
Израил жекшемби күнү да Газа тилкесин бомбалоону улантты. Палестиндердин Газада үстөмдүк кылган ХАМАС уюму да Израилди ракетадан аткылоодо. Урушта 280 чамалуу палестиналык жана бир израилдик набыт болуп, дагы 700дөй палестин жана бир нече жөөт жараат алганы маалымдалууда.
Кытай деңиз каракчыларына каршы күрөшүү үчүн Сомалинин жээгине аскерий кемелерин жөнөттү. Бул Кытайдын деңиз күчтөрүнүн XV-кылымдан бери биринчи жолу өлкөдөн алыс жактарга аскерий вазийпа менен чыгышы. Кытай деңиз аскерлерин Аден булуңунда шоокум салган каракчыларгарга каршы операцияга катышуусу Бээжиндин дүйнөлүк коопсуздуктагы таасиринин өсүүсүнө өбөлгө түзөт.
Жума күнү Израил гумманитардык жардам өтүүсү үчүн Газа тилкесиндеги бир нече чекара бекетин ачты. Израил жетекчилиги камоону токтордон мурда палестин согушчандары ракетадан аткылоосуну токтотпосо, катуу чара көрүлөрүн эскертти. Чекара канчага чейин ачык болору белгисиз.
Россия президенти Медведев эгер Украина газ карызын төлөбөсө, Москва борчту өндүрүү үчүн бар мүмкүнчүлүгүн пайдалана турганын кулак какты кылды. Өкмөттүк «Газпром» компаниясы болсо 2009-жылдын келишимине 1-январга чейин кол коюлбаса, Украинага көгүлтүр отун берилбей турганын эскертти.
Россиядагы финансылык кризис автоөнөржайына да жетти. 22-декабрда өлкөнүн эң чоң автомобиль жасоочу компаниясы-АвтоВАЗ тетиктерди камсыздоо үзүгүлтүккө учураганга байланыштуу өндүрүштү убактылуу токтотту. Бир апта илгери четөлкөлүк жеңил машинелерден алынчу бажы төлөмү көбөйтүлгөндөн улам Россиянын бир катар шаарларында нааразылык чаралар өткөн эле. Автоөнөржайдагы кризиске каршы өкмөт кандай күрөшүүдө? Андан майнап чыгабы?
Грузия жана Кошмо Штаттар арасындагы стратегиялык кызматташуунун келишими боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. АКШнын Мамдепартаментинин маалымдашынча, хартияда Грузияга коопсуздугун бекемдөө, саясый-экономикалык реформаларды жүргүзүү, ошондой эле евро-атлантикалык уюмдарга өтүүсүнө жардамдашуу боюнча иш-чаралар аныкталат. Өткөн жумада эле АКШ-Украина ортосундагы стратегиялык кызматташуу келишимине кол коюлган.
Өткөн жумада БУУнун Башкы ассамблеясы адам укугун коргоочулардын өтүнүчүнө карабай, диндерди, өзгөчө исламды каралоону айыптаган резолюция кабыл алды. Бул төрт жыл удаа кайталанууда…
Барак Обама шайлоо өнөктүгү маалында Иран жетекчилиги менен эч кандай шарты жок жана түз сүйлөшүүгө даяр экенин айткан. Обама 20-январда бийликке ырасмий түрдө отурган соң, Иран жетекчилиги менен түз сүйлөшүүнү кааласа, алар кайсы маселени талкуулашат?
Президенттер Дмитрий Медведев менен Александр Лукашенка келерки 2009-жылга Россиядан Белоруска газ сатуунун принциптерин жана анын төлөмүн макулдашты. Сүйлөшүүлөр жабык эшиктин артында өттү. «Газпромдо» жаңы жылдан газдын баасын Белоруска кеминде 200, атүгүл 240 долларга көтөрүү планы бар
Ири газ экспорттоочу өлкөлөрдүн отун-энергетика министрлеринин Москвада өтүп жаткан жыйынында газ экспорттоочу өлкөлөр форумунун жобосу иштелип чыгат деп күтүлүүдө. Жыйынга дүйнөдөгү эң чоң газ өндүрүүчү Россия жана башка ондон ашуун өлкө катышууда.
Иран бийликтери 10-декабрда Тегерандагы Адам укугун коргоо борборун жапты. Борбор бул күнү Адам укугунун универсалдык декларациясынын 60 жылдыгын майрамдаганы жаткан. «Улуттар Уюму Ирандагы адам укугунун абалын сындаган резолюциясын жарыялаганда, борбордун маалыматына таянган», деп түшүндүрөт кеңсени жабуу себебин Нобелдин тынчтык сыйылыгын лауреаты Ширин Эбади «Азаттык» радиосуна берген интервьюда.
Ирак өкмөтү Ички иштер министрлигинин отуздай кызматкери камакка алынганын тастыктады. Алар Саддам Хусейн кулатылганга чейин өлкөнү башкарган БААС партиясын кайра түзмөк болду деп шектелүүдө.
Жети жыл өмүрүн Гуантанамо түрмөсүндө өткөргөн босниялык үч жаран бейшемби күнү мекенине кайтып келди. Өткөн айда АКШнын соту Боуделла ажы, Мустафа Айт Идр жана Мухаммед Нехле такталбаган маалыматтын негизинде кармалган деп тапкан.
2001-жылы декабрда Германиянын Бонн шаарында көрүнүктүү оогандардын төрт тобу Хамид Карзай башындагы убактылуу өкмөт түздү. Өз ара макулдашууга жараша, Убактылуу өкмөт жарым жылдан соң Өткөөл өкмөт менен алмашты, эки жылдан соң Хамид Карзай президент шайланды.
Жорж Бушту бут кийими менен урууга аракет кылган журналистти бошотууну талап кылып, дүйшөмбү күнү Иракта миңдеген адамдар демонстрацияга чыгышты.
Парижде Ооганстандын жана ага коңшулаш өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери кездешти. Жекшемби күнү жабык эшик артында өткөн сүйлөшүүдө тараптар Ооганстандагы стабилдүүлүктү орнотууда өз ара кызматташуунун мааниси чоң экенин белгилешти. Ошондой эле, маң аткезчилигине жана террорчулукка каршы күрөштүн маанилүү бөлүгү катары чекара коопсуздугун бекемдейли деп макулдашты Жыйынга Ирандын өкүлү катышкан жок.
Швейцариянын айтылуу «Юнионсферлаг» («Unionsverlag») басылмасы Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине карата улуу жазуучунун чыгармаларынын алты томдугун немис тилинде чыгарды.
Кошмо Штаттардын Сенаты өлкөнүн автомобиль өнөр жайына 14 миллиард доллар жардам берүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун бекитпей койду. Сенатор-республикачылар кесиптик кошуундар жумушчулардын маянасын кыскартууга макул болмоюн, долбоорду колдоодон баш тартышты. Атактуу “General Motors” жана “Crysler” автоконцерндери кабылган финансылык капсалаң эларалык базарга кандай таасир этет?
Дагы жүктөңүз