Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:08

АКШ чабарманы Митчелдин сапары, ханзада Түркинин кеңеши


АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча жаңы чабарманы Жорж Митчелл
АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча жаңы чабарманы Жорж Митчелл

Кошмо Штаттардын Жакынкы Чыгыш боюнча жаңы чабарманы Жорж Митчелл бул аптада биринчи жолу регионго келет. Тажрыйбалуу дипломаттын сапары алдында үч жумага созулган Газадагы согуш токтоду. Бирок Израил менен палестиндердин радикалчыл ХАМАС кыймылы менен урушту токтотуу боюнча келишимге кол коюла элек. Жоолошкон эки тарапты элдештирүү – Митчеллдин негизги вазийпасы.

Жорж Митчеллдин Жакынкы Чыгыштагы визити 27-январда Израилден башталат деп күтүлүүдө. Митчелл Израилдин жетекчилери жана Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас менен жолугушуп, Египетке, Иорданияга, балким, Сирияга да барышы ыктымал. Вашингтондо айтылганга караганда, АКШлык чабарман Газага барбайт, ХАМАС менен сүйлөшпөйт.

Митчелл Газаны контролдогон ХАМАС кыймылы менен сүйлөшпөй туруп, башкы вазийпасын- Израил-ХАМАС арасындагы тынчтыкты бекемдей алабы? Бул чоң суроо. Израил 17-январда ок атууларды токтотуп, аскерлерин Газадан чыгарып кетти. Согушта 1300дөй палестиналык окко учту, дагы 5 миңдей адам жарадар болду.

22 күндүк чабуул, Израилдин билдиришинче, ХАМАСты алсыратты, алардын Израилди ракетадан аткылоосу токтоду, бул - операциянын негизги көздөгөн максаты болчу. Бирок премьер-министр Эхуд Олмерт 22-январда айткандай, кырдаал далее татаал:

- Биз белгисиз көп региондо жашайбыз. Коңшуларыбыздын маанасы кай жакка ооп кетерин дайыма эле биле албайбыз. Бул күндөрү ок атуулардын токтогонуна болгон сүйүнүчкө катар, жагдай башкача өнүгүп кетиши мүмкүн экенин эстен чыгарбашыбыз керек.

ХАМАС согушта жеңилбегенибиз - биздин жеңишибиз деп, Израилден 1, 5 жылдан берки Газаны экономикалык жактан камоого алуусун токтотууну талап кылууда.

Олмерт өкүнө мойнуна алгандай, Израиль жана ХАМАС ырасмий түрдө качан элдешээри белгисиз. 10-февралда Израилде болчу парламенттик шайлоо алдында, бир да израилдик партия ХАМАСтын шартына ынана койбосу анык.
Палестин жетекчилиги Израил менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантууга макул, бирок ХАМАСка канчалык тили өтөт, белгисиз.

Бул жагдайда Митчелл канчалык тажрыйбалуу болбосун ийгиликке Египет, Иордания сыяктуу ХАМАСке таасири бар өлкөлөрдүн жардамысыз жете алары күмөн.

Сауд Арабиясын башкарган падыша үй-бүлөсүнүн мүчөсү, ханзада Түрки ал-Файсал «Файненшль Таймс» гезитинин соңку санына жарыяланган катында АКШ Жакынкы Чыгыш саясатын өзгөртөпсө, региондогу тынчтык сүйлөшүүлөрүндө оң жылыштар болбойт дейт.

Түркинин пикиринче, Обама эң алды Израилдин Батыш Иорданда жөөөттөргө турак үйлөрдү куруусун жана Газана камоого алуусун айыптоосу керек. АКШ, ошондой эле, Израилди аскерлерин Ливан ээ чыгып жаткан талаштуу Шебаанын аймагынан чыгарып кетүүгө жана Сирия менен сүйлөшүүлөрдү баштоого чакыруусу керек. Ансыз, Жакынкы Чыгышта тынчтыкка жетүү мүмкүн эмес, деп санайт саудиялык ханзада Түрки ал-Файсал.

XS
SM
MD
LG