2009-жылга жаңы келишим түзүлбөгөндүктөн, Россия 1-январдан тартып Украинага газ берүүнү токтоткон. Москва бирок европалык керектөөчүлөрдү камсыздоо үзгүлтүккө учурабайт деп ишендирүүдө. Евробиримдик керектеген газынын бештен бири Украина аркылуу Россиядан келет.
Россия үч жыл мурда да кычыраган кышта Украинага газды бууп коюп, Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү, анын ичинде Италия жана Францияга газ аз барып калган. Киев менен Москванын 2006-жылкы тирешүүсү эки күндө жөндөлгөнү менен, постсоветтик эки өлкөнүн газ чатагы дагы кайталанса, андан Евробиримдик жабыр тартарын Брюсселге айкын кылган эле.
Азыр Москва да, Киев да газ талашынан европалык керектөөчүлөр жабыркабайт деп ишендиришүүдө. Ошол эле учурда эки тарап бири бирин өз шартын таңууламак болууда деп айыптоодо. 1-январда Россиянын премьер-министри Владимир Путин Украинаны газды Европага транзиттөө боюнча 2010-жылдын 31-декабрына чейин түзүлгөн келишимди бузмак болууда деп күнөөлөдү:
- Украиналык өнөктөштөрүбүз Украинага газ сатуу боюнча келишимге кол коюлбаса, Батыш европалык керектөөчүлөргө газды ташуу үзгүлтүккө учурайт деп ырасмий түрдө билдиришти. Бул туура эмес. Себеби Украина жана Россия арасында Европага газ жеткирүү жөнүндөгү келишим бар.
Украина газ чатагын жөндөөдө бул ирет Брюсселден жардам издөөдө. Ал үчүн жума күнү Украинанын энрегетика министри Юрий Продан башындагы делегация Евробиримдиктин жаңы төрагасы Чехиянын премьер-министри Мирек Топаленек менен жолугушуу үчүн Прагага сапар алды.
Россиянын газ монополисти «Газпром» жаңы жылга чейин 1000 куб метр газ үчүн 250 доллар сурап жаткан. Бул сунушка Украина ынанбай турганын 1-январда президент Виктор Ющенко билдирди:
Украинага Россиядан келген газдын баасы орточо 30 процентке кымбаттап, 1000 куб метри-Россия сунуш кылгандай - 250 доллар болсо, биздин тариф саясатыбыз да өзгөрүүгө тийиш. Же Украина аркылуу өтчү газдын тарифи кеминде 2 процентке жогорулап, 1000 куб метр газ үчүн транзит баасы 2, 2 доллар болуш керек.
Россия газды жаңы жылдан тартып 1000 куб метр газды Борбор Азиядан 340 доллардан алып калганын билдирди жана 2009-жылы көгүлтүр отунду Украинага 418 доллардан сатылат деп жарыялады. Бул суммага жол чыгымы да кирет. Жаңы баа жөнүндө «Газпромдун» башчысы Алексей Миллер мындай деди:
- Украина 2009-жыл үчүн биз сунуш кылган ыңгайлуу шартка ынабай, 1 000 куб метрге 250 доллардан төлөөгө макул болбогон ган соң, «Газпром» январь дан тартып Украинага газды Европа базарындагы баа менен 418 доллардан сата баштайт.
Батыш Европада 1 000 куб метр газдын орточо баасы 500 долларга чукул турат. Ырасмий Киев «Газпром» сураган 418 долларга баага көнсө, Украина өткөн жылдагыдан 14 миллиард доллар көп төлөп калат.
«Газпромдун» ырасташынча, Украина газ үчүн 2 миллиард доллар карызын дале төлөй элек.