Азаттык Азия (Azattyq Asia) – "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Борбор Азия боюнча орус тилдүү бөлүмү.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин администрация башчысынын мурдагы орун басары Комил Алламжонов беш ай мурда кол салууга кабылган окуя тууралуу биринчи жолу маалымат берди. Ал британиялык Financial Times басылмасына маек курду.
Тажикстандын тургуну "алган жубайым кыз эмес экен" деп кайната-кайненесин сотко берди. Ал тойго кеткен акчанын баарын кайтарып берүүнү талап кылган. Бирок сот анын арызын четке какты.
Соңку жылдары орусиялык "Яндекс" компаниясы Борбор Азиянын дээрлик бардык өлкөлөрүндө такси рыногунда монополистке айланды. Кыргызстанда, Казакстанда же Өзбекстанда ал тармакта реалдуу атаандаштык жок. Бирок компания коңшу Тажикстандын рыногун багындыра алган жок. Кеп маркетинг маселесинде эмес.
5-февралда тажикстандык журналист Рухшона Хакимованын сегиз жылга кесилиши коомчулукту нес кылды. Анын 2,5 жаштагы жана 9 айлык кыздары таенесинде калды.