Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Жасалма интеллект, парламент реформасы жана "чыр аялдар". Токаевдин кайрылуусу талкуу жаратты


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, 8-сентябрь 2025-жыл.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, 8-сентябрь 2025-жыл.

Касым-Жомарт Токаев 8-сентябрда парламенттин кош палаталарынын биргелешкен жыйынында салтка айлангандай калкка кайрылуу жасап, кеңири коомдук талкуудан кийин референдум өткөрүп, Сенатты жоюп, бир палаталуу парламентке өтүүнү сунуштады. Токаевдин кайрылуусундагы негизги учурларга токтолобуз.

Жасалма интеллект министрлиги

Жыл сайын сентябрдын алгачкы күндөрүндө өтүп келген коңшу өлкөнүн президентинин салттуу кайрылуусу быйыл адаттагыдан кечирээк болду. Бул жолу өткөн аптанын аягында кармалганы айтылган Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу жыйынга келеби деген суроо коомчулуктун жана журналисттердин кызыгуусун жараткан негизги маселеге айланды.

8-сентябрда эртең менен Казакстандын тышкы иштер министри өкмөт үйүнө келип, журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып өзүнүн камалганы тууралуу маалыматты «калп жана абсурд» деп атады.

Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу (солдон биринчи)
Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу (солдон биринчи)

Токаевдин кайрылуусу «Жасалма интеллект доорундагы Казакстан: санариптик трансформация аркылуу актуалдуу милдеттер жана чечимдер» деп аталып, негизинен санариптик өнүгүүгө арналды.
Президент санариптик кодекстин кабыл алынышын тездетүүнү тапшырып, жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү министрлигин түзүүнү жарыялады. Министрликти өкмөт башчынын орун басары деңгээлиндеги адис жетектей турган болду.

Токаев сөзүн улай Алматы облусундагы жаңы түзүлгөн Алатау шаарына өзгөчө макам берип, аны түздөн-түз өкмөттүн карамагына өткөрүүнү сунуштады. Казак президентинин айтымында, бул шаар чөлкөмдөгү алгачкы smart city технологиясы колдонулган санариптик борбор болуп, анда криптовалюта менен төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү да болот. Бээжин өткөргөн ШКУ саммитинде макулдашылгандай, «Алатау-сити» долбооруна Кытай компаниясы жооптуу болот.

Инвесторлордун укугун коргоо комитети

Касым-Жомарт Токаев Казакстанда инвестиция үчүн ыңгайлуу климат түзүүнүн негизги шарты макроэкономикалык туруктуулук экенин айтты. Ошол максатта ал Январь окуяларынан кийин Башкы прокуратурада түзүлгөн Активдерди кайтаруу комитетинин атын өзгөртүүнү сунуштады.

«Менин оюмча, Башкы прокуратурадагы Мыйзамсыз активдерди кайтаруу комитетин Инвесторлордун укугун коргоо комитети деп өзгөртчү убакыт келди», — деди Токаев.

Ал прокуратура «мыйзамсыз активдердин ээлери менен жакшы иштегенин» белгилеп, казынага болжол менен 850 миллиард теңге кайтарылганын билдирди. Президенттин айтымында, бул каражат мектептерди, спорттук имараттарды курууга, саламаттыкты сактоо жана суу инфраструктурасын курууга, жаңылоого жумшалган.

Башкы прокуратурадагы Активдерди кайтаруу комитети 2022-жылдагы Январь окуяларынан кийин түзүлгөн. Ошондон бери бийлик анын иши боюнча улам отчет берип, мамлекетке кайтарылган каражаттардын көлөмүн жана алар кандай колдонулганын жарыялап келет. Бул кампания көп учурда ачык-айкын жүргүзүлбөйт деп сынга алынат.

АЭС курулушун тездетүү

Казак президенти өлкөдө экинчи жана үчүнчү атомдук электр станцияларынын курулушун баштоону тездетүүнү тапшырды. Ал «жакында Кытай төрагасы Си Цзинпин менен болгон жолугушууда эки өлкөнүн атом тармагындагы стратегиялык өнөктөштүгү боюнча макулдашууга жетишилгенин» билдирди.

Казак өкмөтүнүн маалыматына караганда, Казакстандагы экинчи жана үчүнчү АЭСти Кытайдын CNNC компаниясы курат. Байкоочулар бул станциялар Орусиянын «Росатом» компаниясы куруп жаткан биринчи станцияга караганда эртерээк ишке берилет деп божомолдоп келишет.

Ошондой эле 8-сентябрдагы кайрылуусунда Токаев үч жылдын ичинде өлкөдө кеминде үч жогорку технологиялуу продукция чыгаруучу ишкананы ишке киргизүүнү тапшырды. Ал Казакстандын кайра иштетилген продукция чыгарууда чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экенин кошумчалады.

«Дүйнөлүк тенденцияларды эске алганда, сейрек кездешүүчү металлдардын жана башка маанилүү материалдардын мааниси өзгөчө жогорулап жатат. Бул тармакта Казакстан дүйнөлүк өндүрүш жана соода чынжырларына бекем интеграцияланууга бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ», — деди Токаев.

Казакстан дүйнөдөгү түстүү жана сейрек кездешүүчү металлдардын эң ири запастары бар өлкөлөрдүн катарына кирет. Быйылкы жылдын биринчи жарымында өлкөдө пайдалуу казындылардын кени бар 38 келечектүү участок табылган.

Жолдор жана "чыр чыгырган аялдар" тууралуу

«Мыйзам жана тартип» бөлүмүнө өтүп жатып Токаев «азыр коомдук жайларда да, жолдордо да зомбулук, ыплас сүйлөө, мушташуу сыяктуу учурлар кадимки көрүнүшкө айланып калды»,- деп белгиледи. Жол коопсуздугу тууралуу ал коомчулукта кызуу талкууланып жаткан электросамокаттар темасына токтолду. Токаев эки жыл мурда жөө адам баскан жолдордо жүрүүгө чектөө киргизген мыйзамдык өзгөртүүлөргө карабастан кырдаал өзгөрбөгөнүн, жарандар дагы эле коркунучка туш болуп жатканын белгиледи.

Маданият жана маалымат министри Аида Балаева
Маданият жана маалымат министри Аида Балаева

Андан соң ал Казакстандын эл аралык аренадагы аброюна доо кетирип жатат деп айрым аялдардын жүрүм-турумуна көңүл бурду.

«Арасында чуу чыгарып, ыплас сүйлөгөн, коомдук тартипти бузган аялдар бар. Бул маданияттуу, өнүккөн коомго жарашпаган адат, элибиздин эл аралык кызматташтык беделине зыян келтире турган көрүнүш», — деди Токаев.

Бул сөздөргө аялдардын укуктарын коргогон фем-активисттер, айрыкча Batyrjamal медиаресурсу жооп кайтарып, президенттин кайрылуусунда «мамлекет башчы аялдар менен балдарды зомбулуктан кантип коргоо планы жөнүндө так маалымат берген жок, бирок аялдардын чыр чыгарып жатканы жагымсыз экенин айтты»,- деп жазышты.

Парламент реформасы

Сөзүнүн соңунда Токаев Сенатты жоюп, бир палаталуу парламент түзүү зарылдыгын билдирди. Ал Сенатты Казакстан парламентиндеги жогорку палата катары мурунку президент Нурсултан Назарбаев 1995-жылы «өлкө жаңыдан мамлекеттик түзүлүштүн пайдубалын түптөө жолуна түшкөн татаал жана туруксуз саясий шартта» түзгөнүн белгиледи.

Токаевдин айтымында, отуз жыл ичинде Сенат «мамлекеттик курулуштун туруктуулугун камсыз кылууда маанилүү тарыхый миссиясын татыктуу жана натыйжалуу аткарды». Казак президенти өзү да бул палатаны он жыл бою жетектеген. Дал ушул палатанын төрагасы катары ал 2019-жылы Назарбаевдин отставкасынан кийин президенттин милдетин аткаруучу кызматын аткарган.

Казак парламентинин депутаттары
Казак парламентинин депутаттары

Бир палаталуу парламент түзүү маселенин 2027-жылы жалпы Улуттук референдумга чыгарып, андан кийин Конституцияга зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушталды.

«Эгерде биз баарыбыз бир добушка келип, бир палаталуу парламент түзүү зарылдыгы боюнча чечим кабыл алсак, анда мындай парламент, менин оюмча, партиялык тизме аркылуу гана шайланышы керек», — деди Токаев.

Реакциялар

Мамлекеттик кеңешчи Ерлан Карин президенттин кайрылуусунун башкы темасы «кеңири санариптештирүү жана жасалма интеллектти ар тараптан киргизүү» болгонун айтты.

Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев Токаевдин кайрылуусун социалдык тармактагы баракчасында талдап жатып бир палаталуу парламент түзүү сунушуна токтолду. Эксперт бул өлкөдөгү жаңы бийлик транзитине даярдык болушу мүмкүн экенин айтты, анткени мындай мамлекеттик моделде бир палаталуу парламенттин спикеринин конституциялык макамы жогорулайт.

«Бул өлкөдө мурдагы президенттер да талапкер боло ала турган дагы бир маанилүү кызмат пайда болот дегенди түшүндүрөт», — дейт саясат таануучу.

Токаевдин парламентке «партиялык тизме аркылуу гана шайлоо» сунушу тууралуу айткан сөзүн Сатпаев бул президентке толук көз каранды, Акордо «кол менен башкарган» парламентти түзүү аракети деп эсептейт.

Саясат таануучу Газиз Абишев өзүнүн Telegram-каналында жазгандай, эгер парламент бир палаталуу болуп калса, депутаттардын ыйгарым укуктары бир кыйла кеңейет. Анткени бир палата премьер-министрди, өкмөт мүчөлөрүн, күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин, Жогорку соттун судьяларын жана Конституциялык соттун мүчөлөрүн бекитүү укугуна ээ болот. Ошондой эле Абишев парламентте көпчүлүк орун алган партиянын лидери дароо күчтүү фигурага айланат деп эсептейт.

Саясатчы Димаш Алжанов «Азаттык Азияга» берген комментарийинде Токаевдин Конституцияга өзгөртүү киргизүү планына көңүл буруу керектигин айтты.

Макаланы которгон: Айгерим Акылбекова

Шерине

XS
SM
MD
LG