Чыгармачыл топтун мүчөлөрүнүн айтымында, тасма сынчыларга жана көрүүчүлөргө катуу таасир эткен. Жакын арада фильм кинотеатрларда, андан кийин Netflix стримингинде көрсөтүлөт.
"Жарашуу" Сан-Себастьяндагы фестивалда сынактан тышкары көрсөтүлгөн. Тасмада Испаниядагы жарандык согушта эки тарапта согушкан офицерлер тагдырдын буйругу менен Советтер Союзуна келип калганы баяндалат. Алардын мекенге кайтуу аракети ГУЛАГ менен аяктайт, болгондо да Карагандадагы лагерге айдалышат.
Сталиндик лагерде катаал шартта жан аргасын издеген мурдагы келишпес душмандар тил табышып, достошууга аргасыз болот. Бул көркөм тасма болгону менен реалдуу окуяларга негизделген: Карлаг лагеринде чындап эле испандар кармалган.
"Биз муну чындап эле өзүбүз үчүн гана эмес, продюсерлер, дегиле биздин өлкө - Казакстан үчүн чоң секирик катары эсептейбиз, - деди тасманын аткаруучу продюсери Даир Каракеев. - Анткени дүйнөлүк прокаттан кийин, Netflix'ке чыга турган биринчи казак-испан долбоору. Мындай мурда болгон эмес. Netflix'е казак тили, домбра, казак музыкасы жаңырат. Мындай мурда болгон эмес".
Съемка Испания менен Франциянын чегиндеги Басков аймагында өткөн: ал жердеги өзгөчө салык режими азыраак чыгым жумшоого мүмкүнчүлүк берген. Анан калса топтун теңинен көбү испандар, аларды Казакстанга алып келүү өтө кымбатка түшмөк дешти "Жарашууну" тарткан топ.
Даир Каракеев Испанияда тасманы тартуу үчүн кичинекей Карлаг курушканын айтты.
"Баары шыр кетти. Ошол кезге окшоштуруу үчүн өтө көп жумуштар жасалды. Мисалы, съемка үчүн бир канча тонна кар сатып алдык. Аны кап менен кино тарткан жерге алып келип, Карлагдагы катаал кышты берүүгө аракет кылдык".
Тасманын режиссеру - Мигель Анхель Вивас. Ал Netflix үчүн айтылуу"Кагаз үй" телеикаясынын айрым эпизоддорун тарткан. Даир Каракеев аны менен иштөөгө канааттануу алганын айтууда.
"Жарашуунун" аткаруучу продюсеринин айтымында, тасма өтө терең жана драмалуу чыккан. Фестивалда көрүүчүлөр ыйлап жана чыгармачыл топ сахнага чыкканда узакка чейин кол чабышкан. Актерлор дагы көз жашын тыя алган эмес. Чыгармачыл топ эми тасма казак көрүүчүлөрүнө да катуу таасир этет деп үмүт артышууда.
"Жарашуу" 10-октябрда Испанияга жана башка Европа өлкөлөрүнө прокатка чыгат. Казакстанда 30-октябрдан тарта көрсөтүлө баштайт. Андан кийин 30-октябрдан тарта Netflix'те эл аралык релиз башталат. Тасманы "испан Оскары" аталган Гойя сыйлыгына көрсөтүү пландалууда.