Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

Душанбеде сакалы үчүн кармалып, СИЗОдо көз жумган Саидазам


Саидазам Рахмонов
Саидазам Рахмонов

мазмуну

  • Тажикстандын күч түзүмдөрү 29 жаштагы Саидазам Рахмоновдун сөөгүн жакындарына өткөрүп берди.

Алар маркумдун денесинде кыйноодон калган тактар бар экенин айтып жатышат. Акыркы жылдары Германияда жашаган Рахмоновду немис бийлиги Тажикстанга кайтып барууга мажбур кылган. Анын өлүмү кызуу талкууга түштү.

Коопсуздук себептеринен улам атын атоону каалабаган Саидазам Рахмоновдун тууганынын айтымында, 13-октябрда үй-бүлөсүнө өткөрүлүп берилген маркумдун денесинде кыйноонун белгилери байкалган. Анын денесинде электр талдыргычтын издери, көптөгөн көгала тактар болгон жана бир буту сынган.

Тажик жараны Саидазам Рахмонов Германияда туруктуу жашоо уруксатын алуу жараянын күтүп жаткан. Ал төрт ай мурун Германиядан Дүйшөмбү шаарына Тажикстандагы Германия элчилигинен документтерин бүтүрүү үчүн келген. Туугандарынын айтымында, ал бардык керектүү кагаздарды тапшырган жана визасын күтүп жаткан.

Рахмоновдун жакындары жана достору Дүйшөмбүдөгү журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тарткан. Анын жубайы, немис жараны Т. П., "Азаттыктын" тажик кызматына курган маегинде, күйөөсү Саидазам 6-октябрда Москвага учарын айтканын билдирген.

"Дайынсыз жоголгон"

"Азаттыктын" тажик кызматы – "Озоди"радиосунун өз булактарынын маалыматына караганда, Саидазам Рахмонов Дүйшөмбүгө аэропортко жөнөрдүн алдында туугандарына байланышап, аны Москвада достору тосуп ала турганын айткан.

"Аны Москвада тосуп алчу досторунун бири кийин Саидазам учуп келбегенин билдирди. Андан кийин туугандары аны издей баштап, Улуттук коопсуздук комитетине, Ички иштер министрлигине жана башка мекемелерге кайрылган. Бирок эч бир жерде анын кармалганы тууралуу маалымат ырасталган эмес. Ошол күндөрү Дүйшөмбүдө жогорку деңгээлдеги эки саммит өтүп жаткан. Саидазам Рахмоновдун дайынсыз жоголгону тууралуу арызды Сино райондук милиция бөлүмү 12-октябрда гана кабыл алган", - деди журналисттерге атын атагысы келбеген адам.

Саидазам Рахмонов.
Саидазам Рахмонов.

13-октябрда Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Саидазам Рахмоновдун сөөгүн үй-бүлөсүнө өткөрүп беришкен. Туугандары ошол күнү Рахмонов 6-октябрда кармалганын жана камакта болгонун билишкен.

Сөөктү алып келген кызматкерлер анын өлүмү тууралуу суроолорго "Саидазам кармоо маалында өзүнө кол салган" деп жооп беришкен.

Жакынынын айтымында, сөөктү өткөрүп берүү маалында укук коргоо органдары үй-бүлө мүчөлөрүнө сүрөткө жана видео тартууга тыюу салган.

Буга чейин күч кызматкерлери Рахмоновдун Дүйшөмбү шаарындагы үйүндө тинтүү жүргүзүшкөн.
"Алар Саидазамдын кармалганы тууралуу эч нерсе айтышкан жок, болгону өткөрүлүп жаткан саммиттерге байланыштуу коопсуздук чаралары көрүлүп жатат деп түшүндүрүшкөн", - деди журналисттерге жакындары.

Милиция Рахмоновго "экстремисттик ишмердүүлүк жүргүзгөн", "террористтик топтор менен байланышта болгон" жана "Дүйшөмбүдө теракт даярдаган" деген айыптар тагылганын билдирген. Туугандары бул дооматтарды негизсиз жана жалаа катары баалашат.

Жоопсуз кайрылуулар

Күйөөсү дайынсыз жоголгондон кийин Саидазам Рахмоновдун жубайы Тажикстандын Берлиндеги жана Германиянын Дүйшөмбү шаарындагы элчиликтерине кат жолдогон. Ал каттарда күйөөсүн Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери кармаган болушу ыктымал экенин белгилеген. Анын айтымында, Саидазам Германияда үй-бүлөсү менен туруктуу жашоо уруксатын күтүп жаткан.

Аялдын айтымында, Дүйшөмбүгө келердин алдында алар Германиянын Корбах шаарындагы иммиграция кызматтарына Саидазамдын мекенине кайтуусу кооптуу болушу мүмкүн экенин эскертишкен, бирок тийиштүү органдар "эч кандай коркунуч жок" деп ишендиришкен.

Рахмоновдун досторунун бири "Озоди" радиосуна анын кармалышы тууралуу жаңы маалыматтарды айтты. Анын айтымында, Саидазамды Дүйшөмбү аэропортунда коопсуздук кызматкерлери сакалынан улам токтотушкан. Аны өзүнчө бөлмөгө алып кирип, телефонун текшеришкен. Телефондон диний мазмундагы видеолор табылгандан кийин Саидазамды тергөө абагына алып кетишкен.

Рахмонов камакта турган учурда күч кызматкерлери анын досторун да суракка чакырышкан. Айрымдарын Дүйшөмбү шаарында, башкаларын чет өлкөдө - анын ичинде Германияда да суракка алынган. Сурак маалында Саидазамдын жеке жашоосу жана ишмердүүлүгү тууралуу сурашкан.

Маалыматка караганда, Саидазам Рахмонов 2018-жылы Германияга барган. Ал немис жаранына үйлөнгөн. Германияга кетердин алдында Дүйшөмбү шаарындагы Hyatt Regency мейманканасында иштеп, кийин Германияда да отелде жумушка орношкон.

Freedom of Eurasia уюму 15-октябрда тараткан билдирүүсүндө Германиянын Рахмоновду мекенине кайтууга мажбур кылган чечимин айыптады. Уюм немис иммиграциялык органдары Саидазамдин коопсуздугу тууралуу эскертүүлөргө көңүл бурбай, аны визасын Дүйшөмбүдөн алууга мажбур кылганын билдирди.

Мындай чечими менен Германия "тажик бийлигинин кепилдиктерине ишенип, адам укуктарынын бузулушуна көмөктөш болуп калуу коркунучуна кабылды" деп белгиленди билдирүүдө.

Freedom of Eurasia Саидазам Рахмоновдун жоголушу жана өлүмү боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө чакырды.

Шерине

XS
SM
MD
LG