Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

"Чокудан алып түшчү куткаруучу жок". Кыргызстандагы кооптуу альпинизм


Памир тоо кыркаларындагы Ленин чокусу.
Памир тоо кыркаларындагы Ленин чокусу.

Экстремалдык спорт үчүн Кыргызстандагы шарттар кандай? Коопсуздук маселеси кантип чечилет жана куткаруу кызматтарынын иш-аракети канчалык жакшы уюштурулган?

Кыргызстандын бийик тоолору дүйнөдөгү альпинизм менен машыккан спортчуларды кызыктырат. Жыл сайын жүздөгөн альпинисттер өлкөгө келип кетет. Ошол эле маалда кырсыкка кабылгандары да бар. Өткөн аптада эле Баткенде орусиялык альпинист дайынсыз жоголуп, кийин сөөгү табылды.

Кыргызстанда соңку жылдары тоо жана спорт туризми - альпинизм жандана баштады. Адистер өлкөдө бул тармактын келечеги барын жана ал жөнөкөй туризмге караганда алда канча кирешелүү экенин белгилеп келет. Анткен менен асман тиреген чокуларды багындыруу үчүн келген альпинисттердин коопсуздугун камсыздаган шарт көңүл жылытпай турганы белгиленүүдө.

Акыркы айда Кыргызстандагы бийик тоо чокуларын багындырууга чыккан алты чет өлкөлүк турист каза болду. Алардын үчөө чехиялык, калгандары Франция, Словакия жана Орусиянын жарандары. Булар ар кайсы күндөрү, башка-башка жерлерде кырсыкка кабылган.

Бир апта мурда Баткен облусунун Ак-Суу чокусунда дайынсыз жоголуп, кийин сөөгү табылган альпинист Евгений Глазуновдун сөөгүн чет өлкөлүк жана жергиликтүү куткаруучулар түзгө алып түшүү иштерин жүргүзүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамыркановдун "Азаттыкка" айтымында, кырсыкка кабылган туристтердин баары тоого чыгары тууралуу алдын ала маалымат берген эмес.

Алардын камсыздандыруусу жок болгондуктан, мекеменин тик учагы куткаруу иштерине катыша албай жаткан.

Урматбек Шамырканов.
Урматбек Шамырканов.

"Акыркы учурда кырсыкка кабылган туристтер белгиленген таризде биздин башкармалыкка жана туризм департаментинде каттоого турган эмес. Туристтик компаниялар менен дагы келишимдери болгон эмес, камсыздандыруусу жок. Өз жолдору менен келип, жергиликтүү балдардан жалдап алып чыгып кетишкен. Глазунов Ысык-Көл, Нарындын Ат-Башы районундагы Көл-Чуу, Чатыр-Көл багытын тандаган. Ош облусундагы Чоң-Алай районуна Ленин чокусуна, Борбордук, Достук, Кызыл-Арт, Эркечтам каттамын алган. Бирок Баткендеги Ак-Суу чокусуна чыгабыз деген сөз болгон эмес. Булардын каттамы өзгөрүп кеткен. Азыр биздин куткаруучулар дагы анын сөөгүн алып түшүү иштерин жүргүзүп жатат. Буга дагы эки-үч күн кетет", - деди министрдин орун басары.

Шамырканов тоо туризми, өзгөчө альпинизм үчүн жол тарткандардын алдын ала маалымат бергени ар кандай кырсыктардан сактанууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагында үч тик учак бар, алар 5 миң метр бийиктикке чейин көтөрүлө алат. Алар куткаруу иштерине пайдаланылат. Ошондой эле туристтерди көздөгөн жерине жеткирүү кызматын аткарат. Мунун акысы саатына эки-үч миң долларды түзөт.

Кыргызстандагы Спорттук туризм федерациясынын президенти Владимир Агафонов тоо туризмин өнүктүрүү менен кошо кадр даярдоо да маанилүү экенин белгиледи.

Адистин буга мисал катары ӨКМдин шарты катаал чокуларга чыга турган адистери жоктугунан орусиялык альпинист Глазуновду куткарууга сырттан кесиптештери келгенин айтты:

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тоого чыгууга даярдалган эмес. Куткаруучулар тоого чыгышы үчүн климаттык катаал шарттарга көнүп, бир топ күндүк даярдык, адаптациядан өтүшү керек. Каражаттын тартыштыгынан улам министрликтин чокуларга чыга турган отряды жок. Алар көп учурда бийикте эмес, түздө гана жардам бере алат. Жакында эле жогорку квалификациядагы альпинист Евгений Глазунов каза болду. Татаал жол менен түшүп келатканда ага таш тийген. Аны аскадан түшүрүү үчүн Орусиядан атайын альпинисттер учуп келишти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары аны кыла албайт. Тоо туризминде ушундай жагдайлар катталып калган учурда биз деле тоого чыгып жүргөн досторубуздун, альпинисттердин жардамына гана ишенебиз".

Өлкө аймагында эң бийик деп саналган жети чоку бар:

  • Жеңиш чокусу - 7439 метр,
  • Ленин чокусу - 7134 метр,
  • Тамдыкул чокусу - 5880 метр,
  • Семенов чокусу - 5816 метр,
  • Сабла чокусу - 5621 метр,
  • Каракол чокусу - 5280 метр,
  • Жаман-Суу чокусу - 5126 метр.


Туризм департаменти жана Альпинизм федерациясы барган сайын чет өлкөдөн туристтер, өзгөчө альпинисттер көбөйгөнүн белгилеп жатат. Алардын так саны белгисиз.

Федерациянын вице-президенти Илим Карыпбеков бул кирешелүү тармак экенин белгилеп, өкмөттү ага көңүл бурууга чакырды:

Илим Карыпбеков.
Илим Карыпбеков.

"Альпинизмде негизги жумуш - куткаруу. Тоодо туристтер жабыркап калганда аларды тез арада ооруканага түшүрүү зарыл. Эгер тик учак болбосо, бир нече саат же бир нече күн убара болууга туура келет да, кырсыкка кабылгандарды тирүү алып түшүү ыктымалдыгы азаят. Азыр ӨКМ тик учак сатып алып, ошону колдоно баштады. Эми камсыздандыруу компаниялары менен бирге иш алып барса жакшы болот эле. Федерация ошол багытта иш жүргүзүүдө. Бул оңунан чыкса, абал дагы жакшырмак. Кар алдында, көчкү алдында калып, муздун жаракаларына түшүп кеткен, аскадан кулаган учурлар буга чейин деле болуп келген, тилекке каршы, боло берет. Альпинизм - туризмдин дүйнөдөгү эң кымбат түрлөрүнүн бири. Бул багытка кызыккандардын басымдуу бөлүгү - миллионер, миллардерлер. Алар Европа, АКШдан келет. Бир эле альпинист бир эле чокуга чыгыш үчүн кеминде 15 миң доллар коротот. Альпинизмдин сезону жок, ошондуктан бул түгөнгүс кен байлык. Бара-бара бул багытта инфратүзүмдү жакшыртуу керек. Мисалы, биздин түзгөн шарт-ыңгай Непал, Гималайдагы тоолорго чыгуу шарттарына караганда кыйла начар. Жакшы жатактар, лагерлер жок".

ӨКМ маалыматына ылайык, куткаруу иштерине жардам берүү боюнча 2023-жылы 17, 2022-жылы 11 өтүнүч түшкөн. Эки учурда 10дой турист каза болгон, Жеңиш чокусунда бешөөнүн сөөгү табылбай калган. 25тейи куткарылган.

Альпинисттердин 40% Орусиядан келет. Иран, Германия, Польша, Чехия, Испания, Франция, Англия, Америка, Сауд Арабиясынан келгендер да катталган. Оор жолдо аларга кызмат кылган саналуу гана компания бар. Климаттык катаал шартка чыдап, сырттан келген альпинисттердин жүгүн ташып, жол көрсөтүү кызматын көрсөткөндөр арасында жергиликтүү тургундардан сырткары непалдык шерптер (жандоочулар) дагы бар.

XS
SM
MD
LG