Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Жамбылдагы жарылуудан 13 киши каза тапты

Полиция Жамбыл облусундагы №28349 аскер бөлүгүнө баруучу жолду тосуп турат. 27 -август, 2021 -жыл
Полиция Жамбыл облусундагы №28349 аскер бөлүгүнө баруучу жолду тосуп турат. 27 -август, 2021 -жыл

Бейшембиде Жамбылдагы аскердик кампада катуу жарылуу болуп, каза болгондордун саны 13ге жетти. Жүзгө жакын адам жараат алып, айрымдарынын абалы оор экени кабарланды. Жергиликтүү бийлик айыл тургундарын эвакуациялады.

26-август күнү кечинде Жамбыл облусунун Байзак районундагы аскердик кампада өрт чыгып, ок-дарылар жарылды. Казакстандын коргоо министри Нурлан Эрмекбаев жарылуудан беш кызматкери каза болгонун билдирди. Дагы бир нече аскер дайынсыз болуп жатканы айтылууда.

Жарылуунун так себеби белгисиз, бирок министр кырсык коопсуздук талаптары сакталбагандыгынан, химиялык реакциядан же "саботаж болушу мүмкүн" деп божомолдоду.

Соцтармактарда тараган тасмаларда Тараз шаарына жакын аймактык ооруканаларга жарылуудан жараат алгандар "Тез жардам" унаасы менен агылып келип жатканын көрүүгө болот. Жамбыл облусунун акимчилигинин маалыматында жума күнү эртең менен 28 адам ооруканаларга жеткирилген, алардын дээрлик көпчүлүгү аскердик бөлүктүн кызматкерлери.

Ошондой эле, Тараз шаардык ооруканасынын башкы дарыгери Сакен Жумашев "Азаттык" радиосунун казак кызматына жарылуудан кийин 93 адам ооруканага жеткирилгенин кабарлады, алардын ичинен бешөөнүн абалы өтө оор.

Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр тартылып, үч айылдын тургундары эвакуацияланган. Бирок Жамбыл облусунун акими Бердибек Сапарбаев, бүгүн абал турукташканын, айыл тургундары үйүнө кайтарын кабарлады.

"Эвакуацияланган үч айылда жалпысынан 718 адам турат. Алар 10 мектеп, беш жатаканага жайгаштырылган. Алардын дээрлик көпчүлүгү кайра үйүнө кетишти", - деди Сапарбаев.

Президенттин талабы

Президент Касым-Жомарт Токаев жарылууга байланыштуу чукул жыйын өткөрүп, окуянын кесепеттерин жоюу үчүн ведомстволор аралык мамлекеттик комиссия түзүүнү тапшырды. Аны вице-премьер Роман Скляр жетектейт. Комиссиянын башчысына тезинен окуя болгон жерге баруу керектигин айтты.

"Жабыркаган үй-бүлөлөрдү жана элди социалдык жактан коргоо үчүн зарыл болгон бардык чараларды көргүлө. Саламаттык сактоо министрлиги кырсыкта жабыркагандарга комплекстүү медициналык жардам берүүнү уюштурушу керек", - деди Токаев.

ПрезидентБашкы прокуратура менен Ички иштер министрлигине окуяны тыкыр иликтөөнү тапшырды. Улуттук коопсуздук комитети, Башкы прокуратура, ИИМ жана башка тийиштүү мамлекеттик органдарга окуяга байланышкан жалган маалыматтарды тараткандарга чара көрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүү керектигин айтты.

Министрдин отставкасы

2018-жылдан бери Казакстандын коргоо министри кызматын аркалап келе жаткан Нурлан Эрмекбаев жума күнү "Азаттык" радиосунун кабарчысынын "отставкага кетишиңиз мүмкүнбү?" деген суроосуна, мындай чечимди жарылуу болгон күнү эле кабыл алганын билдирди.

"Менин азыркы башкы максатым - кырсыктын кесепеттерин тез арада жоюу. Кызматтан кетүү маселесине келсек, бул жарылуу жөнүндө кабарды уккандан кийин дароо мен отставкага кетүүнү чечтим. Калганын жогорку жетекчилик чечет", - деди Эрмекбаев.

Деген менен 2019-жылы Түркстан облусунда Арыс шаарында курал-жарак сакталган кампадан өрт чыгып, өзгөчө кырдаал жарыяланган. Расмий маалыматтар боюнча, ал кезде шаардан 41 миң киши көчүрүлгөн. Үч адам каза таап, ондогон киши ооруканага жаткырылган. Окуяга байланыштуу 12 аскер ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылган.

Анда да Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коргоо министри Нурлан Эрмекбаевге катуу сөгүш жарыялап, аскердик кампадан ок-дарылардын баарын алып чыгууну тапшырган.

Арыстагы жарылуудан кийинки жашоо

Ок-дары кампасынан 100 метр аралыкта жайгашкан көп кабаттуу үйдө өрт чыккан. Казак бийлигинин маалыматына ылайык жарылуунун айынан 26 үй күйүп кеткен.
1/18 Ок-дары кампасынан 100 метр аралыкта жайгашкан көп кабаттуу үйдө өрт чыккан. Казак бийлигинин маалыматына ылайык жарылуунун айынан 26 үй күйүп кеткен.
Казакстандын Арыс шаарында ок-дары кампасындагы жарылуудан кийин үйлөр бузулуп, айрым имараттар күйүп кеткен.
Жарылуудан Арыс шаарындагы үйлөрдүн 85% эшик-терезелери, чатырлары талкаланганын 28-июнда Түркстан облусу боюнча Өзгөчө кырдаалдар департаментинин башчысы Нургали Жунусов билдирди.
2/18 Жарылуудан Арыс шаарындагы үйлөрдүн 85% эшик-терезелери, чатырлары талкаланганын 28-июнда Түркстан облусу боюнча Өзгөчө кырдаалдар департаментинин башчысы Нургали Жунусов билдирди.
Казакстандын Арыс шаарында ок-дары кампасындагы жарылуудан кийин үйлөр бузулуп, айрым имараттар күйүп кеткен.
&quot;Азаттыктын&quot; казак кызматынын кабарчысы үйгө түшкөн снарядды көчүрүү операциясына күбө болду. Сапёрлор снаряд түшкөн үйдүн ичин 2 метрге чейин казып, аны алып чыгышты.<br />
&nbsp;
3/18 "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы үйгө түшкөн снарядды көчүрүү операциясына күбө болду. Сапёрлор снаряд түшкөн үйдүн ичин 2 метрге чейин казып, аны алып чыгышты.
 
Казакстандын Арыс шаарында ок-дары кампасындагы жарылуудан кийин үйлөр бузулуп, айрым имараттар күйүп кеткен.
Сапёрлердун айтымында, тегерек-четин казып чыккан бул снаряд жапырт ок атуучу реактивдүү системаларда колдонулат.&nbsp;
4/18 Сапёрлердун айтымында, тегерек-четин казып чыккан бул снаряд жапырт ок атуучу реактивдүү системаларда колдонулат. 
Казакстандын Арыс шаарында ок-дары кампасындагы жарылуудан кийин үйлөр бузулуп, айрым имараттар күйүп кеткен.
Снаряддын изи.&nbsp;
5/18 Снаряддын изи. 
Казакстандын Арыс шаарында ок-дары кампасындагы жарылуудан кийин үйлөр бузулуп, айрым имараттар күйүп кеткен.
Снарядды үч сапёр алып чыкты.&nbsp;
6/18 Снарядды үч сапёр алып чыкты. 
Казакстандын Арыс шаарында ок-дары кампасындагы жарылуудан кийин үйлөр бузулуп, айрым имараттар күйүп кеткен.
Сапёрлер снарядды көчөгө алып чыгышууда.&nbsp;
7/18 Сапёрлер снарядды көчөгө алып чыгышууда. 
Казакстандын Арыс шаарында ок-дары кампасындагы жарылуудан кийин үйлөр бузулуп, айрым имараттар күйүп кеткен.
Снаряд жаңы курулган үйгө түшкөн.&nbsp;
8/18 Снаряд жаңы курулган үйгө түшкөн. 
Казакстандын Арыс шаарында ок-дары кампасындагы жарылуудан кийин үйлөр бузулуп, айрым имараттар күйүп кеткен.
Жарылууда үйгө түшкөн снарядды сапёрлер сырткары алып чыгып жаткан чагы.
9/18 Жарылууда үйгө түшкөн снарядды сапёрлер сырткары алып чыгып жаткан чагы.
Казакстандын Арыс шаарында ок-дары кампасындагы жарылуудан кийин үйлөр бузулуп, айрым имараттар күйүп кеткен.
Ок-дары кампасынан бир чакырым аралык алыстыкта түшкөн аскер снаряды. Бул сүрөт 29-июнь күнү тартылган.
10/18 Ок-дары кампасынан бир чакырым аралык алыстыкта түшкөн аскер снаряды. Бул сүрөт 29-июнь күнү тартылган.
Казакстандын Арыс шаарында ок-дары кампасындагы жарылуудан кийин үйлөр бузулуп, айрым имараттар күйүп кеткен.
Шаардан алыс барбай эле жерде жаткан жарылуучу заттарды көрүүгө болот. Бирок 28-июнда казак бийлиги шаар &quot;толук тазаланды&quot; деп маалымат тараткан.&nbsp;
11/18 Шаардан алыс барбай эле жерде жаткан жарылуучу заттарды көрүүгө болот. Бирок 28-июнда казак бийлиги шаар "толук тазаланды" деп маалымат тараткан. 
Казакстандын Арыс шаарында ок-дары кампасындагы жарылуудан кийин үйлөр бузулуп, айрым имараттар күйүп кеткен.
Кумдагы металлдын калдыктары.
12/18 Кумдагы металлдын калдыктары.
Казакстандын Арыс шаарында ок-дары кампасындагы жарылуудан кийин үйлөр бузулуп, айрым имараттар күйүп кеткен.
13/18
Казакстандын Арыс шаарында ок-дары кампасындагы жарылуудан кийин үйлөр бузулуп, айрым имараттар күйүп кеткен.
Жарылган снаряддын калдыгы.&nbsp;
14/18 Жарылган снаряддын калдыгы. 
Казакстандын Арыс шаарында ок-дары кампасындагы жарылуудан кийин үйлөр бузулуп, айрым имараттар күйүп кеткен.
&nbsp;27-июнда арыстыктардын&nbsp;<a href="https://www.azattyk.org/a/kazakhstan-arys-society/30023542.html" target="_blank">айрымдары шаарга кайтып барбай турганын билдиришип,</a>&nbsp;бийликтен башка аймактан жер бөлүп берүүнү талап кылган.&nbsp;
15/18  27-июнда арыстыктардын айрымдары шаарга кайтып барбай турганын билдиришип, бийликтен башка аймактан жер бөлүп берүүнү талап кылган. 
Казакстандын Арыс шаарында ок-дары кампасындагы жарылуудан кийин үйлөр бузулуп, айрым имараттар күйүп кеткен.
Жергиликтүү бийлик уюштурган автобустар Чымкент шаарында баш калкалап жаткан миңдеген адамдардын бир бөлүгүн 28-июнда Арыска жеткире баштаган.
16/18 Жергиликтүү бийлик уюштурган автобустар Чымкент шаарында баш калкалап жаткан миңдеген адамдардын бир бөлүгүн 28-июнда Арыска жеткире баштаган.
Казакстандын Арыс шаарында ок-дары кампасындагы жарылуудан кийин үйлөр бузулуп, айрым имараттар күйүп кеткен.
Үйлөрү жараксыз абалда калган тургундар үчүн шаардык мектепте убактылуу жашап туруучу пункт ачылды.&nbsp;&nbsp;<br />
<br />
&nbsp;
17/18 Үйлөрү жараксыз абалда калган тургундар үчүн шаардык мектепте убактылуу жашап туруучу пункт ачылды.  

 
Казакстандын Арыс шаарында ок-дары кампасындагы жарылуудан кийин үйлөр бузулуп, айрым имараттар күйүп кеткен.
Үй ээси жарылуудан кийин кыйраган үйүнүн чатырын оңдоп жатат.
18/18 Үй ээси жарылуудан кийин кыйраган үйүнүн чатырын оңдоп жатат.
Казакстандын Арыс шаарында ок-дары кампасындагы жарылуудан кийин үйлөр бузулуп, айрым имараттар күйүп кеткен.
Артка
Алдыга

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Куржундар
XS
SM
MD
LG