Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Казакстан: Арыстагы жарылуу боюнча аскер адамдары соттолду


Казакстан. Арыстагы аскер кампасындагы жарылуу боюнча сот өкүмү. 26-июль, 2021-жыл.
Казакстан. Арыстагы аскер кампасындагы жарылуу боюнча сот өкүмү. 26-июль, 2021-жыл.

Чымкенттин соту Түркстан облусунун Арыс шаарындагы аскер кампасында ок-дарылар жарылган окуяга байланыштуу 16 аскер адамына өкүм чыгарды.

Алардын арасынан 12 адам 4 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылса, төртөө 4 жылдан 7 жылга чейин шарттуу кесилди. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы кабарлады.

Сот жараяны былтыр 11-майда башталган болчу. Сот жообуна Арыстагы аскер бөлүгүнүн кызматкерлери менен Коргоо министрлигинин аскер адамдары да тартылган. Аларга кызматтык шалаакылык, курал-жарак, ок-дарыларды сактоо эрежесин бузуу жана кызматтык милдеттерин аткаруудагы көзөмөлдүн жоктугу боюнча бир топ айыптар коюлган.

Сот жаза мөөнөтүн чегерүүдөн сырткары аскер бөлүгүнүн мурдагы командирине жана эксплуатациялык кызматтын мурдагы жетекчилигине аскердик же башка мамлекеттик кызматты ээлөөгө өмүр бою тыюу салды.

Айыпкерлердин адвокаттары тергөө иштеринин жүрүшүндө жардыруунун себептери аныкталбай, кимдин эмнеге күнөөлүү экени так далилденбегенин белгилешти.

Ошондой эле, адвокаттар соттон тергөө маалында кетирилген мыйзам бузууларга көңүл бурууну суранышты. Соттолуучулардын арасынан бироө гана күнөөсүн моюнга алып, калгандары соңку сөздө өз оюн айтуудан баш тартышты.

2019-жылы 24-июнда Арыста курал-жарак сакталган кампадан өрт чыгып, өзгөчө кырдаал жарыяланган. Тургундар калаадан чукул чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Расмий маалыматтар боюнча 41 миң киши көчүрүлгөн. Анда үч адам каза таап, ондогон киши ооруканага жаткырылган.

XS
SM
MD
LG