Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:00

Ысык-Көл жолу: Кытай компанияларына артылган ишеним

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдө Балыкчы-Каракол автоунаа жолунун Балыкчы-Барскоон тилкесинин курулушу беш жылдан бери бүтпөй жатат.

Өткөн жыл соңунда атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев жол курган жалданма компаниялардын өкүлдөрүнө жолуккан. Анын жыйынтыгы менен "Кыргыз жол курулуш" компаниясынын негиздөөчүсү Мирлан Исагалиев жол курулушунун мөөнөтүн жана ченемдерин одоно бузган деп кармалган.

Курула турган жолдун жалпы узундугу 216 чакырым. Жолдун бүтпөй жаткан бөлүгүн кытайлык компания аягына чыгармак болгон. Ал кандай компания? Эмне үчүн жергиликтүү компаниялар ишти соңуна чыгара албады?

Бүгүнкү күндө 216,6 чакырымдык Балыкчы-Барскоон-Каракол жолунун курулушу жети бөлүктөн туруп, ага төрт жеке компания жана бир мамлекеттик ишкана катышууда.

Долбоордун үчтөн бир бөлүгүн (34,6%) Кытайдын мамлекеттик корпорациясы, дагы 10% жакынын кытайлыктар түзгөн жеке компания куруп жатат.

Кытай өкмөтүнө таандык China Road and Bridge Corporation (CRBC) компаниясы Барскоондон Караколго чейинки 75 чакырым жолдун курулушун 2025-жылдын жаз айларында алган.

Ал эми Балыкчыдан Барскоонго чейинки 71,6 чакырым жолдун тарыхы бир топко созулуп кетти. 2021-жылы эки жергиликтүү компанияга берилип, иштин арышы жылбай жатканда алты тилкеге жана төрт ишканага бөлүнгөн.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жыл аяктап баратканда курулуш компанияларын чогулткан жыйында атамекендик ишканалардын кудурети жетпей, долбоорду кытайлыктарга берүүгө мажбур болуп жатканын айткан.

“Кыргыздар өзү жумушту аласыңар дагы аткара албайсыңар. Мына, “КыргызЖолКурулуш” жумушту алган, туурабы? Беш жылдан бери аткара албай, эч нерсе кыла албай, акыры мына кытай компаниясына өткөрүп берип атышат. Өздөрү аткара албайт, кыла албайт! Мына, беш жылдан бери эч нерсе кылбай, эми кытай компаниясына өткөрүп берип жатышат”.

Дарамети чектелүү ата мекендик ишканалар

Балыкчы-Каракол жолунун 141,64 чакырымдык Балыкчы-Барскоон бөлүгү башында атамекендик эки компанияга берилген. Баштапкы 71 чакырымы “КыргызЖолКурулуш” компаниясына жана 70,6 чакырымдык экинчи бөлүгү “Арек Строй” ишканасына тийген.

Кымбатчылыктан улам “Арек Строй” энчисине тийген долбоордун 30 чакырымын өзүнө калтырып, калган 40,6 чакырымынан баш тарткан. 2023-жылдын сентябрында анын 25 чакырымы “КыргызЖолКурулушка”, 17 чакырымы “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасына берилген.

Бирок, “КыргызЖолКурулуш” ишканасы ал тилкедеги куруу иштерин бир жарым жыл бою баштабай койгондуктан, “Арек Стройдон” алган жолдун 20 чакырымы 2025-жылдын башында кытай жарандарынын “Фирдаус Транс Строй” фирмасына, 5 чакырымы “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасына өткөрүлгөн.

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев "Адилет Кыргызстан" депутаттык тобунун жыйынындагы сөзүндө Балыкчы-Барскоон жолунун бардык тилкелеринде жумуш кызуу жүрүп, 31-августка бүтүрүү мерчемделип жатканын билдирди.

"Балыкчы-Барскоон жолу 2021-жылы башталган. Кыргызстандын атамекендик компанияларына берилген. Андан бери төрт жыл өттү. Жолдун жарымына чейин курулуш иштери салынды десек болот. Бирок, дагы бир топ көлөмдөгү жумуштар бар. Быйыл 31-августка чейин бул жол толугу менен бүтөт. Бул боюнча тийиштүү иш-чаралардын бардыгын көрдүк, жумуштардын бардыгы бөлүштүрүлүп берилди, азыр дагы бардык участокторунда курулуш иштери жүрүп жатат. Барскоондон Караколго чейин деген 76 чакырымдык тилке да бар. Аны Азия өнүктүрүү банкы каржылап жатат. Куруу мөөнөтү үч жыл. Бирок, биз азыр Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүп, эки жылда бүтүргөнгө уруксат берүүнү сурап атабыз".

Баштапкы келишимге ылайык, Балыкчы-Барскоон жолу төрт тилкелүү, туурасы 21,5 метр, баасы чакырымына 798 миң доллар деп бекитилген. Долбоордун жалпы наркы 9 млрд 570 млн сом деп эсептелген. Баалар улам кымбаттап жаткандыктан, 2023-жылы келишимге өзгөртүү киргизилип, долбоордун баасына дагы 1 млрд 250 млн сом кошулган. 2025-жылдын февраль айында келишимге үчүнчү өзгөртүү киргизилип, долбоордун жалпы наркы 13 млрд 200 млн сомго жеткен. Ар бир чакырым жолдун баасы 1 млн 295 миң долларды түзгөн.

Буга карабай, курулуш иштери өтө жай жылып, долбоордун алды 41%, арты 9% гана аткарылган.

“Фирдаус Транс Строй” курулуш фирмасы 2010-жылы түзүлүп, бирок узак мезгилдер иштебей турган. 2023-жылы кайра катталып, Ван Минли жана Цюань Цзинфань аттуу кытай жарандарынын ээлигине өткөн. Фирманын жетекчиси Ма Султан Ташиевдин жыйынында өзүн кытай жараны катары тааныштырган, бирок ачык булактарда анын кыргыз жараны экенин көрөбүз.

Расмий базалардагы маалыматтарга ылайык, фирма түзүлгөндөн бери дээрлик кыймылсыз туруп, жол куруу жаатында тажрыйба топтогон эмес. Ишмердиги 2024-жылы башталып, 2025-жылы бир кыйла кызуу иштеген.

Бирок ага карабай, кыргыз өкмөтү Балыкчы-Барскоон жолунун 2 млрд сомдук тилкесин ага ишенип берип отурат.

Кыргыз жолдорунун жарымын курган China Road and Bridge Corporation

Айланма жолдун Барскоондон Караколго чейинки 75 чакырым бөлүгүн Кытайдын China Road and Bridge Corporation компаниясы куруп жатат. Долбоорду Азия өнүктүрүү банкы каржылоодо. Келишимге былтыр апрель айында кол коюлган.

CRBC Кыргызстандын транспорттук инфратүзүмүн жаңылоодо маанилүү ролду ойноп жаткан кез. Кыргызстанда 2002-жылдан тарта иштеп баштаган компания Кытай-Кыргызстан-Өзбекстанды байланыштырган автожолдорду, Бишкек-Ош жана Бишкек-Нарын-Торугарт жолдорун реконструкциялоо долбоорлоруна катышкан. Чейрек кылымдык ишмердигинде бир нече миллиард доллардык буйрутмаларды ишке ашырган.

Учурда Кыргызстанда бир нече ири инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырып жатат. Бишкек шаарынын түндүк жагындагы айланма жолун (Сокулуктан, Кантка чейин жана Профсоюз көчөсүн кошо), Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт жолунун бир бөлүгүн, ошондой эле “Манас” жана “Ош” аба майдандарынын учуу-конуу тилкелерин реконструкциялоо иштерин бир учурда аткарууда.

China Road and Bridge Corporation Кытайдын ири мамлекеттик курулуш компаниясы. Бишкекте атайын өкүлчүлүгү бар. Компаниянын расмий сайтындагы маалыматтарга таянсак, Кыргызстандын рыногуна 2001-жылы кирип, жол, көпүрө жана тоннель сыяктуу масштабдуу инфратүзүмдүк объекттерди куруп иштеп келет. Чейрек кылымдык мезгилде 20дан ашуун долбоорду ишке ашырганы айтылат. Алардын ичинде Ош-Сарыташ-Эркечтам, Бишкек-Нарын-Торугарт жана Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолдору бар. Кытай өкмөтүнүн грантынан каржыланган инфратүзүмдүк долбоорлор көбүнчө анын энчисине берилет.

Компания өз сайтында Кыргызстанда 658 чакырым жол курганын жазган. Бирок, аткарган долбоорлорун эсептеп көргөндө анын мындан эки эсе көп – 1650 чакырым жолду курганын көрөбүз.

Ишкер Тилек Токтогазиев кытайлыктар менен кызматташканда “ким акча төлөсө, ошол музыканы тандайт” деген принцип так иштей турганын кеп кылат. Насыя каражаттар Кытайдан алынгандыктан, кыргыз өкмөтү алардын шартына көнүүгө мажбур болорун белгилейт.

“Кытайдын soft power деген түшүнүгү бар да. Дүйнө жүзү боюнча көп ошондой инфратүзүмдүк иштерди кытай компаниялары жасайт, анан мамлекеттик карыз болуп калат. Бул бизде эле эмес, ошол эле Африкада, Латын Америкада, калган мамлекеттерде жүргүзүп аткан саясаты. Бирок, бизди эч ким мажбурлабайт да, биздин тандоого коёт. Булардан карыз алабыз деп аткандан кийин, анда алардын шартына көнгөнгө туура келип калат. Мүмкүн азыр кытайлар иштеп атканда деле биздин дагы компанияларды аларга субподрядчик кылып киргиздирип, бүт технологиясын өздөштүрө тургандай, жөн эле алардын кара жумушун жасай бербей, инженердик жактарын изилдеп, өзүбүздүн атамекендик күчтүү компанияларды түзгөнгө шарт түзүп берип коюш керек. Макул, биринчи этаптарда түз эле кытайлык компания ишти аткара берет. Бирок, субподрядчиктерге өзүбүздүкүн коштуруп, тажрыйбаны ала тургандай кылдыртсак стратегиялык жактан абдан туура болмок эле”.

Кытайдын берешендиги жана анын тобокелдиктери

2004-жылдагы келишимге ылайык, Ош-Сарыташ-Эркечтам жолунун бир бөлүгү Кытай өкмөтүнүн 59 млн юандык гранттык каражатына курулган. Долбоорду ишке ашыруу Кытайдын China Road and Bridge Corporation компаниясына жүктөлгөн. Арийне, кийин белгилүү болгондой, компания жолду куруп берген акысына “Иштамберди” алтын кенин алган. “Инвестицияга ресурсту алмашуу” жолу менен алынган кенди кийин Кытайдын башка бир “Фул Голд Майнинг” ишканасына өткөрүп берген. Мындай маалымат 2013-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин Башкы прокуратуранын суроолоруна жооп катында айтылган жана президенттин расмий сайтына жарыяланган.

Кытайдан алынган насыяларды өздөрүнүн компаниялары ишке ашырып, каражаттын олуттуу бөлүгүн кайра алып кетип жатканына карабай, карыз Кыргызстандын эсебине жазылып келет. Ал карыздарды төлөө кечиктирилсе ири объекттерди алып коюу укугуна ээ экенин Акылбек Жапаров өкмөт башчы болуп турганда бир нече жолу кайталаган.

“Тышкы карыздын ичинен 50% ашыгын Кытай Эл Республикасынын Эксимбанкына төлөйбүз. Ал каражаттарды кантип жана кайдан табабыз деп беш жыл катары менен ойлонушубуз керек. Коркуткан сөз эмес, бирок төлөй албасак Бишкек ЖЭБдин, Датка-Кеминдин башкаруусу, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолго болгон башкаруулар бөлөк бирөөнүн колуна өтөт. Тактап айтканда, Экспорттук-импорттук банк кайсы башкаруучу компанияны киргизсе, ошого өтөт. Жакынкы Пакистан, Шри-Ланка жана бөлөк өлкөлөрдө ушундай фактыларды сиздер менден дагы жакшы билесиздер. Биз ошондуктан, ушундай моюнга илинген жиптен кутулушубуз керек. Кудай сактасын деп эле отура бербей, бир туунун астында биригип, бир багытта иштешибиз керек. Көз карандысыздыгыбызды сактап калышыбыз керек”.

2016-жылы ушул компания Кыргызстандын Транспорт министрлигине жол тандабастарды белек кылып бергени коомдо кызуу талкууланган.

Кытай инвесторлору менен компаниялары барган жеринде ар кандай себептер менен белектерди, бейформал акча которууларды көп колдонгондуктан, Америка-Европанын ачык иштеген компаниялары көп учурда алар менен атаандаштыкка туруштук бере албай калышары айтылып келет. Мындан улам, АКШ президенти Дональд Трамп Батыштын компанияларына “силер дагы ушундай ыкмаларды колдонуп, долбоорлорду ала бергиле” деген ишаратты берген.

Кыргызстанда иштеген кытай компаниялары коррупциялык мамилени колдонору же колдонбой турганы белгисиз. Бирок, соңку жылдары ири инфратузүмдүк долбоорлордон тарта ар кандай деңгээлдеги курулуштарга чейин куруп жаткан Кытай компанияларынын көбөйүп жатканы анык.

Шерине

XS
SM
MD
LG