Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:54

Түндүк-түштүк жолу: депкомиссия түзүлдү


Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушу. Туннель. Тогуз-Торо району. Архивдик сүрөт.
Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушу. Туннель. Тогуз-Торо району. Архивдик сүрөт.

Парламентте түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушуна байланышкан ишти иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Бул жолдун курулушу 850 миллион долларга бааланып, 2023-жылы бүтөрү пландалган. Бирок иштин жүрүшүндө тендер чыры жана бир катар алешемдикке жол берилген фактылар айтылып жүрөт.

Жогорку Кеңештин 3-июндагы жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушуна байланышкан маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө сунушу талкуу жаратты.

Айрым депутаттар парламент жайкы каникулга кетер алдында жана 6-чакырылыштын мөөнөтү бүтүп жатканда комиссия түзүүнүн зарылчылыгы жок экенин, иш аягына чыкпай каларын айтышты.

Талаш-тартыш менен колдоо тапкан комиссиянын курамына депутаттар Саматбек Ибраев, Максатбек Эгембердиев, Марлен Маматалиев, Акыл Кемелов, Султанбек Анарбаев, Улугбек Садиков, Уланбек Исмаилов, Мейкинбек Абдалиев, Аманкул Токтомамбетов, Нурбек Мурашев, Бурул Аманова жана Шералы Абдылдаев кирди.

Марлен Маматалиев
Марлен Маматалиев

“Жол курулушундагы тендердин өткөрүлүшү тууралуу бизге бир топ кайрылуу келип түшкөн. Жолдун туурасы бир топ кыскарып, акча желип кеткени тууралуу фактылар бар. Комиссия ушуларды иликтеп чыгат. Транспорт министрлигинин ишин да карайбыз”, - деди депутат Марлен Маматалиев.

Кара жолдун курулушунда буга чейин коррупциялык схема болгону ашкереленген. 2019-жылы транспорт министринин ошол кездеги орун басары Азимкан Жусубалиев тендер өткөрүүдө чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргош үчүн 520 миң доллар пара талап кылып, анын 50 миң долларын алып жаткан деген негизде кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту Жусубалиевди 14 жылга кескен.

Жусубалиев жол курууга байланыштуу тендердик комиссияны жетектеген.

Министрдин орун басары пара талап кылган деп айтылган италиялык “Тодини” компаниясынын ишин өкмөт 2020-жылдын декабрь айында бир тараптуу токтоткон.

Аталган компания түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун Эпкин - Баш-Кууганды аймагындагы 69 чакырымын салыш үчүн 2018-жылы өкмөт менен 40 миллион 751 миң долларга үч жылга келишим түзгөн.

Италиялык компания жол курулушунун 12% аткарган. Былтыр кышында токтогон Жумгал районундагы бул тилкени курууга кайра тендер жарыяланары, иш жаз айлары менен кайра уланары айтылган.

Жумгал районунун тургуну Марат Оторбаев ансыз да тамтыгы чыккан жол казылган бойдон иш жылбай турганын маалымдады:

“Көпүрө салыш үчүн түз жолду бузуп, ар кайсы жерден айланма жол жасап коюшкан. Ошол бойдон турат. Чаңы асманга сапырылып жатат. Машинелерибиз талкаланып бүттү. Акимге кайрылсак тендер жарыялана электигин айтты”.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурд кара жолдун 70% ашыгы бүтүп калды. Аны колдонууга берүү мөөнөтү 2023-жылга пландаштырылып жатат.

2014-жылы башталган, жалпы наркы 850 миллион долларлык долбоорго – Кытайдын "Эксимбанкы" жана Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары инвестор болгон.

Кытайдын China Road & Bridge Corporation корпорациясы жүргүзүп жаткан курулуш иштери үч фазага бөлүнгөн.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлү Санжар Асаналиев аткарылган иштер тууралуу буларды билдирди:

“Пландалган эстакада көпүрө жана туннелдерди куруу иши кайрадан жанданат. Казарман-Жалал-Абад участкасына альтернативдүү жол салуунун алкагында 2,8 - 3,8 чакырымдык туннел курулуп жатат. 2020-жылы бул туннелдин курулушу уланып, үстүңкү жана ылдыйкы катмарына үч чакырымдык асфальт төшөө ишке ашкан. Арал-Казарман участогунда жалпы узундугу 1472 метрлик эки эстакада көпүрөсү курулуп жатат. 1076 метрлик көпүрө 70% салынып бүттү, 396 метрлик көпүрөнүн иши 90% аяктады”.

Жол курулушу боюнча адис-эксперт Талант Садакбаев депутаттык комиссиянын курамына кесипкөй адистер кириши керек деп эсептейт:

“Тендерди өткөрүү ишин текшергенден сырткары, жолдун курулушунун сапатын да текшерүү керек. "Мындай кылып жатабыз" деп айтып койсо, ошондой экен деп кетип калбаш керек. Дыкат иликтөөнү талап кылат”.

Балыкчы–Кочкор–Чаек–Арал–Казарман–Жалал-Абад багытындагы 433 чакырымдык жол Кыргызстандын эгемен тарыхындагы эң ири долбоорлордун бири катары айтылып жүрөт. Анын 200 чакырымга жакыны жол такыр түшө элек тилкелерден өтүүдө.

2017-жылы Жогорку Кеңеште түндүк-түштүктү байланыштырган кошумча жолго экс-президент Алмазбек Атамбаевдин атын берүү сунушу айтылган. Бул демилгени экс-депутат Кубанычбек Жумалиев көтөргөн. Бирок аны айрым депутаттар аны “жагалдануу” аракети катары баалап, сындап чыгышкан.

XS
SM
MD
LG