Президент Петро Порошенко Валерий Гелетейдин отставкасын кабыл алып, анын ордуна Улуттук Гвардиянын колбашчысы Степан Полторактын талапкерлигин көрсөттү. Президент Петро Порошенко 13-октябрда коргоо министри кызматына Улуттук гвардиянын колбашчысы Степан Полторактын талапкерлигин көрсөтүп жатып, анын мекенчилдиги жана профессионалдуулугу, ак ниеттүүлүгү, Улуттук гвардиянын кайра башынан түзүү, армиядагы тартипти кармоо, аскерий духту көтөрүү боюнча кадамдары бул тандоого түрткү берген негизги себептер экенин белгиледи:
- Сиздин аскерлер арасындагы бийик беделиңиз да маанилүү роль ойноду. Мен генералдар менен сүйлөштүм. Контртеррористик операциялар аймагына барган кезимде катардагы жоокерлер, команидирлер менен сүйлөшө алдым. Бул жолугушуулар менин чечимимдин тууралыгына ынандырды. Анткени бул чечим абдан маанилүү.
Байкоочулардын баамында, жаңы коргоо министрине Украинадан ажыраган аймактардын бардыгы менен убактылуу болсо да келишүү, ошол эле учурда алардын кеңейишине жол бербөө вазийпасы жүктөлүшү мүмкүн. Полторактын Коргоо министринин кызматка көргөзүлүшү буга чейинки салгылашууларда негизги күч болгон Улуттук Гвардиянын курамындагы батальондорду таануу дегенди да билдирет.
Ушул жылдын февралынан тарта Украинанын Ички Иштер министрлигинин ички аскерлерин жетектеп, апрелден тарта Улуттук гвардиянын башкарып келген Степан Полторак президент сунуштаган кызматтын маанилүүлүгүн түшүнүп турганын белгиледи.
- Сиз сунуштаган кызматтын канчалык маанилүү экенин мен так түшүнүп турам. Алдыда кандай кадамдар жасалышы керек экенин так билем жана сиздин сунушуңузду кабыл алам. Мен күчтүү армия тынчтыктын кепилдиги деп айта алам. Мына ошондуктан биз бул үчүн колдон келгенибизди жасашыбыз керек. Мен биздин армия жетиштүү деңгээлде күчтүү, тез, билимдүү жана техникалык жактан камсыз болуш үчүн баардык аракетимди жасайм, - деген Полторак Украинанын акыркы алты ай ичиндеги төртүнчү коргоо министри болот.
Мурдагы президент Янукович бийликтен кулатылгандан кийинки оор күндөрдө коргоо министринин кызматын алгач адмирал жана оңчул «Эркиндик» партиясынын мүчөсү Игорь Тенюх ээлеген.
Тенюх министрликке келгенден кийин, бир ай ичинде Орусиянын аскерлери Крымга кирип келип, Москва аймакты аннексиялап алды. Жарым аралда курчоодо калган украина аскерлери Киевден эч көрсөтмө болбогонун айтышты, бул үчүн парламент жана демонстранттар Тенюхтун чечкиндүүлүксүздүгүн айыпташты.
Ал «Мен кызматка жармашпайм”,- деп айткандан кийин өлкө парламенти 25-мартта анын отставкасы үчүн добуш берди.
Тенюхтан кийин Коргоо министри болуп Михал Коваль дайындалды.
Орусия Крымды аннексиялап алгандан бир нече апта өтпөй куралчан жикчилдер Донецк жана Луганск аймактарынын мамлекеттик администрация имараттарын басып ала башташты.
Байкоочулардын айтымында, Киевдин баштапкы реакциясы бир аз таң калыштуу болду, даярдыгы жок запастагы аскерлер аймактагы жикчилердин турумдарынын айланасында коридор түзүп алган куралсыз орусиячыл жарандар менен беттешүүгө аргасыз болушту.
Украинанын чыгышында да Орусия Крым сценарийин кайталайт жана армия баарын өз алдынча жайгара албайт деген коркунуч менен Ички Иштер министрлигинин алдында куралчан батальондор топтоло баштады.
Украинанын бүтүндүгү үчүн күрөш Петро Порошенко май айынын аягында президент болуп шайлангандан тарта күчөдү. Июнь айында ок атууну бир тараптуу токтотуу өнөктүгү ийгилик таппагандан соң, Украинанын жаңы президенти чыгышты кайра кайтарып алуу үчүн өз командасы менен биргеликте жаңы толук кандуу аскерий операция баштады.
Үчүнчү июлда ал Ковальдын ордуна мурда президент жана парламент төрагасынын коргоо башкармалыгын жетектеп келген Валерий Гелетейди дайындады.
Ал башынан эле өзүнө чоң талап коюп алгандай болду. Парламент бекиткенден кийин депутаттар алдында сүйлөп жатып, «Мага ишенип койгула, биз Крымда жеңиш парадын өткөрөбүз”- деп айтып жиберген.
Июль айы толугу менен жана август айынын башында өзүлөрүн "Донецк" жана "Луганс республикалары" деп атап алган аймактагы жикчилдер Киевдин чабуулунан коргонууга мажбур болушту. Августту ортолой украиналык күчтөр Луганск жана Донецктин айланасындагы таяныч бекеттерди ээлешип, бул шаарларды дээрлик курчоого алышты.
Августун соңунда жикчилдер орус аскерлеринин жардамы астында Азов деңизининин боюнан жаңы фронт ачышып, украин армиясы үчүн бул сокку күтүүсүз болду.
Армия Донецктин чыгышындагы Иловайск деген жерде орусияячыл бөлүктөрдүн курчоосунда калган улуттук гвардиячыларга колдоо көргөзө албай, 100дөн ашуун аскердин өмүрү кыйылды, бир канчасы туткунга түштү.
Украинанын саясий бийлик алмашкандан бери үчүнчү коргоо министри Гелетейдин кызматтан кетишине мына ушул жагдай түрткү бергендей.
Президенттер Путин менен Порошенконун кездешүүсүнөн кийин ок атышууну токтотуу боюнча сентябрдын башында жетишилген макулдашуу урушту басаңдатканы менен, Донецк аэропортунун айланасындагы кагылышуулар дагы эле уланууда.
БУУнун маалыматы боюнча элдешүү жараянынан кийин 331 адам көз жумду.
Порошенко бул жумада Путин менен жолугууну көздөөдө. Москва болсо чек арадагы аскерлер өз базаларына жиберилээрин билдирди.
Украинада апрелден берки жаңжалдан 3660 киши каза таап, 9 миңге жакыны жараат алган. Жикчилдердин туткунунунан 1,5 миңдей жаран бошотулган.