Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Газада Израил-ХАМАС мунасага келди


Газа. 21-ноябрь, 2012-жыл.
Газа. 21-ноябрь, 2012-жыл.

Израил менен ХАМАС бир аптадан бери Газа тилкесинде жана жакын аймактарда жүрүп жаткан атышууларды токтотуу келишимине жетишти.

Египеттин Тышкы иштер министри Мухаммед Камел Амр келишим тууралуу өткөн түнү АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон менен биргелешкен маалымат жыйынында жарыялады.

Клинтон келишимди жылуу кабыл алганын билдирип, Египеттин президенти Мухаммед Мурсинин Газадагы зордук-зобунду токтотууга кошкон жеке салымы үчүн президент Барак Обама өзгөчө ыраазычылык билдиргенин айтты.

"Бул – жалпы регион үчүн чечүүчү учур. Египеттин жаңы өкмөтү бул өлкөнү узактан бери региондогу стабилдүүлүк менен тынчтыктын тирөөчү кылып келген жоопкерчиликти жана жетекчиликти өзүнө алды", - деди Клинтон.

Сегиз күнгө созулган атышууда 148 палестиналык набыт болду, Израил тараптан беш адам көз жумду. Ал арада, АКШнын президенти Барак Обама Израилдин өкмөт башчысы Беньямин Нетаньяхуга телефон чалып, аны Египеттин атышууну токтотуу тууралуу сунушун колдогону үчүн мактады.

Газада кризис башталганына шаршембиде туура бир апта толду. Америкалык “Нью-Йорк Таймс” гезити жазгандай, ок атышууну узак мөөнөткө токтотуу боюнча мунасага келүүнү каршылашкан тараптардын бири-бирине койгон шарттардын кабыл алынгыстыгы татаалдаштырчудай.

Маселен, ХАМАС кыймылынын лидери Халид Машаал Каирден Израил алар көзөмөлдөгөн Газаны блокадалоону токтотуусун билдирген.

Израил болсо мындай чара секторго тыштан курал-жарак киргизбөө үчүн зарыл деп санайт.

Чукул сапарын Иерусалимден баштаган Клинтондун айтымында, ал аймактык лидерлер, анын ичинде Египеттин президенти Мохаммед Мурси менен иштешет:


- Алдыдагы күндөрү АКШ биздин Израилдеги жана бүткүл аймактагы өнөктөштөрүбүз менен Израил калкынын коопсуздугун чыңдоо, Газадагы калктын шартын жакшыртуу жана аймактын бардык эли үчүн кеңири масштабдагы тынчтыкты карай жылуу багытында иштешебиз.

Клинтон бүгүн Каирге келээр алдында Рамаллада палестин лидери Махмуд Аббас менен кездешти. Анткени Газа секторун көзөмөлдөгөн ХАМАС кыймылын АКШ "террордук уюм" деп эсептейт.

Палестин лидерине чейин Клинтон Израил премьер-министри Беньямин Нетаньяху менен эки саат сүйлөшүү өткөргөн.

Жөөт премьери жаңжал дипломатиялык жол менен жөнгө салынуусун колдоду. Бирок Израил өзүн коргоо боюнча зарыл чараларды көрөрүн да кошумчалады:


- Бул көйгөйдү дипломатиялык жол менен чечүү мүмкүн болсо, биз ага артыкчылык беребиз. Бирок эгер андай болбосо, силер түшүнөсүңөр деп ойлойм. Израил өз элин коргоо боюнча талап кылынган чаралардын барын колдонот.

ХАМАС болсо Израилдин аракеттерин “балдарды жана аялдарды бутага алган кылмыш” деп атап, атышууну токтотуу боюнча макулдашуу жетишилмейинче ага жооп берүүнү уланта берээрин айтууда.

Жакынкы Чыгышта азыр ортомчулук вазийпасы менен БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун да жүрөт. Ал бүгүн Рамаллада палестин президенти Махмуд Аббас менен сүйлөшүүдөн кийин тараптарды кыянатчылыктардан баш тартууга кайрадан үндөдү. Мунун алдында Пан Ги Мун жөөт өкмөт башчысы Биньяминь Нетаньяху менен да кездешкенде, ХАМАСтын Израил аймагына ракета атууларын айыптап, бирок Израилди да “болушунча сабырдуулукка” чакырган:


Пан Ги Мун жана Махмуд Аббас. 21-ноябрь, 2012-жыл.
Пан Ги Мун жана Махмуд Аббас. 21-ноябрь, 2012-жыл.
- Израилдин ракеталары, балким, Газанын ичиндеги аскерий буталарга багытталган менен ал жайкын тургундарды да өлтүрүп, жарадар кылып жатат. Жарандык инфраструктурага зыян келтирүүдө. Жарандардын өмүрүнүн кыйылышы кандай жагдай болбосун, кабыл алынгыс. Күчтү ашыкча колдонуу мыйзамсыз жана четке кагылуусу керек.


Газадагы кризисти бүгүн БУУнун Коопсуздук кеңеши талкуулаганы жатат.

Газада атышуу токтойт деген үмүттөр кечээ кечинде пайда болгон.

Атүгүл ХАМАС тарап Египеттин ортомчулугу аркылуу шаршемби таңкы төрттөн тарта атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жеткенин жарыялап жиберген.

Бирок ал сунушка ХАМАС менен сүйлөшүү эртелик кыларын айтып, Израил жооп берген эмес.

Атышуулар жана жоготуулар

Атышуулар шаршемби күнү да уланып, Израил абадан 100дөн ашуун бутага сокку урган. Израил армиясынын айтымында, Газадан атылган төрт ракета өлкөнүн түштүгүнө түштү. Борбор Тел-Авивде жүргүнчү автобус жардырылып, кеминде он киши жаракат алган. Жөөт бийликтери окуяны “терракт” катары мүнөздөштү.


Израил Газаны атк
Тел-Авивде жардырылган автобус. 21-ноябрь, 2012-жыл.
Тел-Авивде жардырылган автобус. 21-ноябрь, 2012-жыл.
ылай баштаган шаршембиден бери 148 адам өмүрү кыйылды. Алардын кеминде 50дөн ашууну жөн-жай тургундар экен.

Мындан сырткары дарыгерлердин маалыматына караганда, Газанын 800дөй тургуну, анын ичинде 200дөн ашуун жаш бала жаракат алган.

Израил болсо ХАМАСтын чабуулунан төрт тургунун, бир жоокерин жоготту. Аналитиктер эгер Изралдин абадан коргонуу системасы ракеталардын көбүн асмандан атып түшүрбөгөндө, алардын жоготуусу мындан көбүрөөк болмоктугун айтып жатышат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG