Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Араб-жөөт согушунун арты кандай болот?


Палестина -- Израилдин аба соккусунан кийин көтөрүлгөн кара түтүн. Газа, 14-ноябрь, 2012.
Палестина -- Израилдин аба соккусунан кийин көтөрүлгөн кара түтүн. Газа, 14-ноябрь, 2012.

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (12-18-ноябрь).

Өткөн аптада эл аралык мааниси чоң бир катар окуялар болуп кетти: Кытайда саясий жетекчилик алмашты, бул өлкөнү жакынкы он жылдын ичинде Американы кууп өтө турган мамлекет кылчу ишмер киши бийлик башына келди; күтүлбөгөн жерден Израиль менен Палестинанын ортосунда айыгышкан ок атышуу башталды; Орусияга расмий сапар менен келген Германиянын канцлери Ангела Меркель Владимир Путинге карата жумшак айтылган, бирок катуу чымчыган сын пикирин айтты; ошол эле Орусияда мурда болуп көрбөгөндөй чоң масштабадагы коррупциялык иштердин бети ачыла баштады.

Адегенде арабдар менен жөөттөрдүн жарым кылымдан бери токтобой келаткан кагылышуусу эмне үчүн кайрадан дүрт этти деген маселеден баштайлы. Германияда чыккан Der Shpigel (Шпигель) журналы бул жаңы согуштун арты абдан жаман бүтүшү мүмкүн деген ойду билдирди. Биринчиден, дейт журнал, азыркы араб дүйнөсү Египетте, Тунисте, Ливияда болуп өткөн революциялардан кийин таптакыр башка дүйнө. Эгер мурунку заманда Хосни Мубарак баштаган Египет Израилдин ар кандай иш-аракеттерине көз жумду мамиле жасаса, азыркы жаңы жетекчилик биринчи күндөн баштап толугу менен Палестинаны колдоодо. Буга Араб Лигасына мүчө мамлекеттердин тез арада уюшулган жолугушуусу да толук күбө.

Экинчиден, палестиналык арабдар кандайынан караганда деле өз жери жана өз мамлекеттүүлүгү үчүн күрөшүп жаткан эл. Израилдин Газа секторуна жасаган жаңы соккусу азыркы жөөт премьер-министри Беньямин Нетаньяху жетектеген Ликуд партиясынын шайлоо алдындагы саясий оюну катары баалагандар да жок эмес. Мындай ойду Түркиянын премьер-министри Эрдоган да билдирди. “Эгер бул сокку ошондой максат менен жасалган оюн болсо, анда бул “өтө опурталдуу оюн” дейт Der Shpigel журналы англис тилиндеги сайтында.

Ошону менен бирге Израилдин бул согушка киришүүсү анын Ирандын ядролук объекттерин бомбалоо алдындагы акыркы даярдыгы катары кароо керек, деп билдирди Stratfor аналитикалык жумалыгы. Жөөттөрдүн “Темир калкан” (Iron Dome) деп аталган ракетага каршы комплекси Иранда жасалган, бирок Газа тараптан атылган ракеталарды мелжеген жерине жеткирбей асмандан атып түшүрүүдө. Демек, Иран Израилге канча ракета атса да, алар абадан эле жок кылынаары эмитен эле түшүнүктүү болуп калды, деп кабарлады “Россия-планета” баштаган бир катар орус телеканалдары.

Өткөн аптада Кытайдын эң жогорку жетекчилери алмашты. Бээжинден чыккан The China Daily гезити өткөн жума күнү он жыл бийлик башында отурган Ху Цзинтаонун ордуна келген 59 жаштагы Си Цзинпин 25 кишиден турган саясий бюронун мүчөлөрүн топтоп, 18-партиялык съезддин чечимдерин толугу менен турмушка ашыралы деген мааниде сөз сүйлөгөнүн, пресса алдында да кыскача сөз сүйлөгөнүн кабарлады.

Кытай менен Американын өз ара мамилеси келечекте кандай болмокчу деген маселенин тегерегинде ой жүгүртүп келип, ошол эле The China Daily гезити бул эки мамлекет өз ара абдан тыгыз экономикалык байланышта болуп калганын белгилеп, жалаң гана Кытайдан келип окуган студенттер АКШнын бюджетине жыл сайын 5 миллиарддан ашуун акча каражатын алып келээрин эскертип өттү.

Ошол эле Кытай темасын уланткан The New York Times гезити “Жанган жылдыз жана баткан жылдыз” (A Star in China Both Rises and Sets) аттуу макаласында Си Цзинпинди чыныгы технократ, чоң уюштургуч катары баалап, анын 49 жаштагы аялы Пенг Лийуан болсо бүткүл өлкө беш колундай билген белгилүү ырчы экенин, бул экөөнүн жалпы байлыгы 100 миллион долларга жетээрин жазып чыкты. Сыягы, деп жазат The New York Times гезити, мамлекеттин биринчи жетекчисинин зайыбы эми мурункудай сахна жылдызы боло албайт, негизинен кайрымдуулук иштери менен алек болуп, артисттик ишин дээрлик токтотот, себеби Кытайдын мурунтан келаткан партиялык этикети, биринчи жетекчинин аялынын коомдогу орду ушуну талап кылат.

Der Shpigel журналы Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Орусияга сапарына токтолду. Канцлер Кремлдеги жыйынтык сөзүндө Путинге жумшак айтып, бирок Pussy Riot группасындагы эки кызды ага каршы сөз айтканы үчүн түрмөгө каматканын катуу сындаганы, Орусиянын коргоо министрлигиндеги абдан тереңдеп кеткен коррупция да кенен сөз кылынды. Орус армиясындагы миллиарддаган суммадагы чоң коррупция тууралуу, ал коррупцияга мурунку министр А.Сердюковдун жеке өзү болбосо да, күйөө баласынын, бир тууган карындашынын, өзү менен кошо коргоо министрлигине ала келген кадрларынын түздөн-түз тиешеси бар экенин “Независимая газета” да акыркы номурунда сөз кылды.

Экинчи бир орус гезити “Коммерстанть” коррупция, алдым-жуттумдук космос тармагында иштеген “Глонасс” программасында да зор масштабга жеткенине токтолду. Азыр бети ачылган уурулуктун жалпы суммасы 6.5 миллиард рубль экен, ал эми тергөө учурунда дагы канча акчанын башы кылтыят - аны келечек көрсөтөт, дейт “Коммерстанть” гезити.

Акырында ошол эле “Независимая газета” Кыргызстан жөнүндө да макала жарыялады. Макалада өлкөнүн түштүгүндө жашыруун типография табылганын, ал басмаканада эл аралык террористтер үчүн жалган паспорттор даярдалып келгенин, аны жасап жүргөн киши - кыргыз жараны, башта бир нече жолу соттолгон адам экенин маалымдады.
XS
SM
MD
LG