Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Израил менен "Хамастын" тиреши күчөдү


Газага абадан сокку урулгандан кийинки бир көрүнүш. 16-ноябрь, 2012-жыл.
Газага абадан сокку урулгандан кийинки бир көрүнүш. 16-ноябрь, 2012-жыл.

Газада кырдаал чыңалууда. Жумадан ишембиге караган түн ичи аскерий учактар Газа секторуна 180дей сокку урду.

Тунистин тышкы иштер министри Рафик Абдесслем ишемби күнү Газа секторуна барган учурунда Израилдин аба соккуларын айыптап, анын аракети эл аралык мыйзамдарга каршы келээрин белгиледи:

- Бул жерде эл аралык мыйзам, эл аралык чектөө деген бар. Израилдин жасап жаткандары мыйзамсыз жана кабыл алынгыс. Израил көп нерсе өзгөргөнүн, араб дарыясында көп суу акканын (кырдаал өзгөргөнүн) түшүнүүсү абзел. Ал толук эркин жана эл аралык мыйзамдан өйдө турбай турганын билиши керек.

Абдесслем араб дүйнөсүнүн Израилдин Газага чабуулу башталгандан берки экинчи расмий өкүлү болду. Ага чейин жума күнү Газага Египеттин премьер-министри Хишам Кандил барып кеткен.

Израил сыналгысынын маалыматына караганда, жумадан ишембиге караган түн ичи аскерий учактар Газа секторуна 180дей сокку урган. Андан талкаланган жайлар арасында "Хамастын" лидерлеринин бири, премьер-министр Исмаил Ханиянын кеңсеси да бар.

Тель-Авивде ракетадан коркуп, жер төлөгө бекингендер. 16-ноябрь, 2012-жыл.
Тель-Авивде ракетадан коркуп, жер төлөгө бекингендер. 16-ноябрь, 2012-жыл.
Израил тараптын ырастоосунда, алардын аракети "Хамас" кыймылы көзөмөлдөгөн сектордон өлкө аймагына ракета атылышын токтотуу максатын көздөйт. Армиянын басма сөз катчысы Авиталь Лейбович жекшембиде буларды белгиледи.

- Биз бүгүн күбө болуп жаткандай, "Хамастын" жогорку аскерий лидерлеринин көбү жашырынууда. Мечит, оорукана өңдүү жарандык жайларда бекинип жатышат. Мындай жагдай бизге алар олуттуу кысым алдында калды деп болжолдоого негиз берүүдө. Ракета коркунучу алдында тикелей жашаган үч миллиондой израилдик кадимки жашоого кайтып, тынчтык орномойунча биз аскерий операцияны улантабыз.

Газа менен чек арасына аскерлерди топтоштуруп койгон Израил өкмөтү кечээ кечинде резервден 75 миң жоокерди чакыруу чечимин кабыл алды. Мындан улам эми кургактан да операция өткөрүлүшү мүмкүн деп күтүлүүдө.

Газа, 16-ноябрь, 2012-жыл.
Газа, 16-ноябрь, 2012-жыл.
Кырдаал кечээ "Хамас" Иерусалимди көздөй ракета аткандан кийин курчуп кетти. Иерусалимге ракета жеткен учур 1970-жылдардан бери болгон эмес. Иерусалимге чейин "Хамастын" согушкерлери Тел-Авивди көздөй да ракета койо беришкен.

Азыркы атышуулар башталгандан бери Газадагы расмий өкүлдөрдүн айтымында, 38 палестиналыктын өмүрү кыйылды. Израил бейшемби күнү "Хамастын" согушкерлеринин ракетасынан үч тургунун жоготкон.

Ишемби күнү Иордандын Батыш жээгинде Газадагы окуяларга нааразы болгон палестиндер Израилдин коопсуздук күчтөрү менен кагылышты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG