Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:53

ЕБ: Аялдарды - чоң компаниялардын жетекчилигине!


Евробиримдиктин ютиция комиссары Вивиан Рединг Брюсселдеги конференцияда. 5-март 2012
Евробиримдиктин ютиция комиссары Вивиан Рединг Брюсселдеги конференцияда. 5-март 2012

8-мартта аялдардын эл аралык күнү майрамдала баштаганына 101 жыл толду. Бирок аялдар менен эркектер өндүрүштө бирдей мүмкүнчүлүккө ээ деп айтканга али эрте.

Алсак, Европанын демократиялуу өлкөлөрүндө чоң компаниялардын жетекчилигинде аялдар 14 процентке жетпейт. Еврокомиссия мындай теңсиздикти өзгөртүү үчүн атайын мыйзам долбоорун даярдоодо. Ал мыйзам 27 мүчөлүү Евробиримдикте кабыл алынса, 2020-жылга аялдар ири компаниялардын директорлор кеңешинде 40 процентти түзүүгө тийиш.
Чоң компанияларда аял жетекчилердин санын 40 проценттен кем кылбоо жөнүндөгү квота алгач 2004-жылы Норвегияда киргизилген.


Cofinimmo - Бельгиянын кыймылсыз мүлк рыногундагы чоң оюнчулардын бири. Инвестициялык компаниянын директорлор кеңешинин 12 мүчөсүнүн бири гана аял. Ал Франсуа Ройс. Былтыр Бельгияда кабыл алынган мыйзамга жараша, алты жыл арасында фондулук биржада катталган чоң компаниялардын жетекчилеринин үчтөн бири аялдар болушу шарт. Берегидей квота талабын аткарбаган фирмалар финансылык санкцияга кабылат. Франсуа Ройстун оюнча, жаңы мыйзам аялдардын профессионалдык өсүшүнө кенен жол ачканга катар директорлор кеңешинин мүчөлөрүн тандоону да жакшыртат.

- Жетекчилерди тандоону жакшыртуу директорлор кеңешине эркектердин келүүсүнө да мүмкүндүк түзөт,- дейт Ройс айым. - Мурда башкы директор же кеңештин мүчөлөрү көбүн эсе өз системасындагы тааныш өнөктөштөрүн кеңешке мүчөлүккө чакырчу. Эми кеңеш мүчөлөрүн тандоо профессионалдык жолго коюлса, ага түрдүү адамдар келет да.

Аялдар үчүн квота берүүнүн тарапкерлери атайын изилдөөлөргө шилтеп, жетекчи орундарда аялдар көп иштеген компаниялар эркектер үстөмдүк кылган фирмаларга караганда алда канча кирешелүү иштешээрин айтышат.

Чоң компанияларда аял жетекчилердин санын 40 проценттен кем кылбоо жөнүндөгү квота алгач 2004-жылы Норвегияда киргизилген. Жобону аткарбаган ишканаларга айып салынган. Бул жөрөлгө Франция, Италия, Нидерландия жана Испанияда да колдоо тапты.

Евробиримдик учурда гендердик теңдикти камсыздоо боюнча мыйзам даярдоодо. Биримдиктин юстиция комиссары Вивиан Рединг 2015-жылы компаниялардын жетекчилеринин 30 проценти, 2020-жылы 40 проценти аялдар болушун каалайт. Азыр уюмга мүчө 27 өлкөдө аялдарга квота берүү жана аны аткарбаган компанияларга санкция колдонууга элдин мамилеси изилденүүдө.

Рединг айымдын билдиришинче, квота боюнча мыйзам күзгө барып даяр болушу мүмкүн. Ал квотага каршы. Бирок аны зарыл деп эсептейт:

- Сиздер билесиздер, мен өз пикиримди ачык айткам. Мен квотанын жактоочусу эмесмин. Бирок квота киргизилишин, квотанын зарылдыгын жана пайдасын билем.

Квотанын сынчылары Швеция менен Финландияда эч кандай мыйзамсыз эле чоң компаниялардын жетекчилигинде аялдар 25 проценттен аз эмес экенин айтышат. Швециянын интеграция жана теңчилик иштери боюнча министри Ниамко Сабуни аялдардын директорлор кеңешинде көп болуусун каалаганы менен квотага каршы.

- Менимче, көпчүлүк муну улуттук маселе деп ойлойт. Бул талкуунун натыйжасында жетишилген иш. Бул иште биз ар кандай деңгээлдебиз. Ар кимибиз өз жообубузду жана түрдүү чечимди табышыбыз керек. Биз түрдүү деңгээлде тургандыктан бүгүн эле жалпы мыйзам кабыл алуу менен ишти баштабашыбыз керек, - дейт Сабуни айым.

Анын пикиринче, квотадан көрө аялдардын кызматтык жактан өсүшүнө жана балдарын тарбиялаганга көмөктөшүү зарыл.

Eurobarometer борборунун соңку изилдөөсү директорлор кеңешинде гендердик балансты сактоо боюнча мыйзамды сурамжыланган адамдардын 75 проценти жактаганын көрсөттү.

Жакында Германияда 300 чамалуу журналист өлкөнүн маалымат каражаттарын компаниялардын менеджерлеринин 30 проценти аялдар болсун деген өнөктүк жүргүзүүгө чакырды.

А көпчүлүк эксперттер болсо ири компаниялардын жетекчилигинде аялдардын санын көбөйтүү тез жүргүзүлчү жараян болбогондуктан, оболу аялдардын менеджерлик орундарга келишине кенен жагдай түзүү зарыл дешет.

XS
SM
MD
LG