15-январда АКШнын Каржы министрлиги чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын жаңы санкциялар топтомун жарыялап, Кыргызстандагы "Керемет Банкка" санкция салганы белгилүү болду.
Кошмо Штаттардын Каржы министрлигине караштуу башкармалыктын билдирүүсүндө белгиленгендей, "2024-жылдын жайынан бери Кыргызстандагы «Керемет Банктын» расмийлери эл аралык санкцияларды кыйгап өтүү схемаларын жүзөгө ашыруу үчүн орусиялык расмий өкүлдөр жана АКШнын "кара тизмесиндеги" "Промсвязьбанк" менен иштешип, аталган банктын атынан сыртка каражат которуп турган".
Вашингтондун билдирүүсүңдө "Промсвязьбанк" Орусиянын аскердик өнөр жай базасындагы ишканаларга миллиарддаган доллар каржылык колдоо көрсөткөнү жазылган.
Ошондой эле 2024-жылы Кыргызстандын Каржы министрлиги “Керемет Банктын” акцияларынын контролдук пакетин Орусиянын өкмөтүнө жакын орус олигархына байланышы бар фирмага сатканы айтылат. Вашингтондун маалыматында молдован тектүү орус олигархы Илан Шор санкцияларды кыйгап өтүү үчүн схемалардагы "Керемет Банктын" ролу тууралуу талкууларга катышкан.
АКШнын Каржы мекемесинин билдирүүсүндө "Керемет Банкты" сатып алуу Орусияда санкцияларды кыйгап өтүү борборун түзүүгө багытталганы, анын максаты импорттолгон жана эспорттолгон товарга төлөм жүргүзүү экени көрсөтүлгөн.
Вашинтондун соңку санкциясы тууралуу кыргыз бийлиги да, "Керемет Банк" да азырынча эч кандай комментарий бере элек.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган "санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат" деп айтууга негиз жок экенин билдирген.
Былтыр күздө мамлекеттик "Керемет Банк" жеке колго сатылганы белгилүү болгон. Банктын жаңы төрайымы болуп Татьяна Куржей аттуу казакстандык менежер дайындалган.
Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары “Керемет Банктын” сатылганын, жаңы кожоюндары чет элдиктер экенин жазышкан. Былтыр жыл соңунда жергиликтүү медианын бири банкка Люксембургда катталган компания ээлик кылып калганын кабарлаган.
Былтыр июлда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасында банктын орусиялыктарга сатылганын жазган. Бул тууралуу журналисттер кайрылганда, банк маалыматты четке каккан.
“Керемет Банктын” тарыхы Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык “АзияУниверсалБанкка” барып такалат. Улуттук банкка өткөндөн кийин беш-алты жыл ортодо арсар абалда турган банктын 97,45% акциясын 2024-жылы март айында Финансы министрлиги сатып алган.
АКШ менен Евробиримдиктин өлкөлөрү 2022-жылдан бери Кыргызстандагы он чакты компанияга санкция салган. Алар көбүнчө өнүккөн өлкөлөрдөн жарандык да, аскердик да багытта иштетилген кош маанидеги товарларды Орусияга өткөрүп турган ишканалар болчу. (AiA)
Шерине