Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:39

Ирандын президенти Тажикстанга мамлекеттик сапар менен келди


Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон Дүйшөмбү шаарында, 15-январь, 2025-жыл
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон Дүйшөмбү шаарында, 15-январь, 2025-жыл

15-январда Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Тажикстанга мамлекеттик сапар менен келгенин тажик президентинин админстарциясы кабарлады. Ирандын лидерин тажик президенти Эмомали Рахмон Дүйшөмбү шаарынын аба майданында тосуп алды.

"Эки өлкөнүн башчылары Масуд Пезешкиандын Тажикстанга биринчи келиши жана анын мамлекеттик сапарынын программасы тууралуу кыска пикир алмашты" деп айтылат маалыматта.

Буга чейин "Озоди" радиосу президенттен тышкары делегациянын курамында Ирандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасынын жетекчилиги астында өнөр жай, тоо-кен жана айыл чарба тармагынын өкүлдөрү бар экенин жазган. Дүйшөмбүдө тажик жана ирандык бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда бизнес-форум өтөрү кабарланган.

Президенттик администрация тектеш тилдүү эки өлкөнүн ортосунда кызматташуу тууралуу бир нече ири документтерге кол коюлары, негизги басым бизнес, илим жана маданият тармагына коюларын кабарлады.

Иран лидери Тажикстанда 17-январга чейин болот.

Былтыр учак кырсыгында каза болгон Ирандын президенти Ибрагим Раиси 2023-жылы Тажикстанга расмий сапар менен барган. Анын алкагында Дүйшөмбү менен Тегеран виза режимин жоюу тууралуу макулдашкан.

Тажикстан менен Ирандын алакасы 2015-жылдары кескин начарлап кеткен. Анда расмий Дүйшөмбү Тегеранды тажик бийлиги террордук деп тааныган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" төңкөрүш, жарандык согуш тутантуу аракетин колдогон" деп айыптаган.

Соңку жылдары эки коңшу мамлекет ортосундагы мамилелер кайрадан өз нугуна түшкөнү байкалат. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG