Өткөн жылы Кыргызстанда табигый кырсыктардын масштабы жылдагыдан чоң болуп, 67 адам каза тапты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жергиликтүү маалымат каражаттардын бирине курган маегинде айтты.
Сел, көчкү өңдүү кырсыктардын кесепетинен 1000ден ашуун үй бузулуп, зыян тарткан.
Министр бир жылда расмий эсеп боюнча 130 түрдүү кырсык катталганын белгилеп, бейрасмий эсеп мындан бир нече эсе көп экенин кошумчалады.
Буга чейин ӨКМ Кыргызстанда ушул тапта 3817 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашап жатканын билдирген. Алардын көбү Ош облусунда экени айтылган. Калган кооптуу аймактар катары Ош шаары, Баткен жана Жалал-Абад облустары аталган.
ӨКМ андан мурдараак 2024-жылы Кыргызстанда селдин саны рекорддук чекке жетип, 300дөн ашканын, алты ай ичинде табигый жана техногендик кырсыктардан 1 миллиард 900 миллион сом зыян келтирилгенин маалымдаган. (КЕ)
Шерине