Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Өзбекстан алгачкы АЭСин курууга киришти


Орус-өзбек лидерлери Өзбекстанда курула турган АЭСтин макети менен таанышып жатышат. 19-октябрь, 2018-жыл.
Орус-өзбек лидерлери Өзбекстанда курула турган АЭСтин макети менен таанышып жатышат. 19-октябрь, 2018-жыл.

Орус президенти Владимир Путин Өзбекстанга эки күндүк мамлекеттик сапары менен келди. Бул визиттин алкагында орус-өзбек лидерлери Борбор Азиядагы алгачкы атомдук электр станциясынын курулушун баштап беришти.

Орусиянын президентин 18-октябрдын кечинде Ташкенттеги аэропортто өзбек лидери Шавкат Мирзиёев өзү өзгөчө салтанат менен тосуп алды. Бул Владимир Путиндин Мирзиёев бийликке келгенден берки Өзбекстандагы алгачкы мамлекеттик сапары.

Кантсе да анын бул иш сапары Борбор Азиядагы алгачкы атомдук электр станциясынын курулушунун башталышы менен эсте кала турган болду. Эки өлкөнүн лидерлери ​Өзбекстандын Навои аймагындагы станциянын курулушуна жума күнү видеоконференция аркылуу расмий старт беришти.

11 миллиард долларга баалаган атомдук электр станциясын Орусиянын мамлекеттик «Росатом» компаниясы курганы жатат. Биринчи энергоблоктун курулушу 2028-жылга барып аякташы күтүлүүдө.

Эгер долбоор ийгиликтүү аягына чыкса, бул Борбор Азия чөлкөмүндөгү алгачкы АЭС болуп калмакчы.

Владимир Путин жана Шавкат Мирзиёев. Ташкент шаары, 19-октябрь, 2018-жыл.
Владимир Путин жана Шавкат Мирзиёев. Ташкент шаары, 19-октябрь, 2018-жыл.

- ​Сөз Өзбекстандагы ири өндүрүштүк объектинин курулушу жөнүндө гана жүрүп жаткан жок. Кеп Өзбекстандагы жаңы тармактын түзүлүшү жөнүндө болуп жатат. АЭСтин кубаттуулугу 2,4 мегаватты түзөт, эки энергоблогу кымбат эмес жана таза электр энергиясын иштеп чыгат. Аны Өзбекстандагы эле эмес, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөгү кардарларына да жеткирүү планы бар, - деди орус президенти Владимир Путин.

Аталган долбоор былтыр апрель айында Шавкат Мирзиёевдин Москвадагы мамлекеттик сапары учурунда макулдашылып, бул боюнча келишим 7-сентябрда түзүлгөн.

Өзбекстандын жаңы салына турган алгачкы АЭСи Бухара шаарынан 25 чакырымдай түндүк-чыгышта, Тудакул суу сактагычынан көп алыс эмес жерде жайгашмакчы. Болочок АЭСтен алыс эмес жерде Бухара жана Навои өндүрүш зоналары орун алган.

Миллиарддык келишимдер

Кремль кабарлагандай, Путиндин Ташкентеги мамлекеттик сапарында кеминде 13 документке кол коюлду. Алардын арасында орус-өзбек өкмөттөрүнүн ортосундагы 2024-жылга чейинки экономикалык кызматташтык, Орусиянын “Лукойл” компаниясы менен “Өзбекмунайгаздын” ортосундагы мемарандум сыяктуу ар кыл макулдашуулар бар.​

Мындан тышкары, 19-октябрда Ташкентте “Өзбекстан-Орусия” аттуу аймак аралык биринчи форум өттү. ТАСС жаңылыктар агенттиги Ташкенттеги бул форумда 800дөн ашык соода-инвестициялык келишимдерге кол коюлганын, эки тарап 79 биргелешкен ишкана түзүүнү макулдашканын кабарлады.

Мирзиёевдин айтымында, бул форумдун жыйынтыгында 2 миллиард долларлык кызматташтык долбоорлору түзүлдү.

Орус-өзбек лидерлеринин катышуусунда Ташкентте өткөн форум. 19-октябрь, 2018-жыл.
Орус-өзбек лидерлеринин катышуусунда Ташкентте өткөн форум. 19-октябрь, 2018-жыл.

- Орусия - Өзбекстандын башкы соода өнөктөшү. Эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү жыл башынан бери 30 пайызга көбөйдү. Быйыл эки тараптуу сооданын көлөмү 6 миллиард долларды түзөт деп күтүп жатабыз. Жакынкы жылдары 10 миллиард долларга жетет. Өзбекстандан жер-жемиштерди Орусияга жөнөтүүгө “жашыл коридор” түзүп бергени үчүн орус тарапка ыраазычылык билдиребиз. Биз башка товарларыбыз үчүн да, анын ичинде текстил өндүрүмү үчүн да ушундай практиканы колдонууну макулдаштык. Биздин экономикабызда Орусиянын инвестициясы 8,5 миллиард долларды түзөт, - деди өзбек президенти Шавкат Мирзиёев.

Ал ошондой эле Өзбекстан менен Орусиянын «Газпром», «Газпромбанк», «ЛУКОЙЛ», «Росатом», «Форус», «Внешэкономбанк» сыяктуу ири компаниялар менен банктарынын ортосунда 25 миллиард долларлык жаңы соода-инвестициялык келишимдер даярдалганын кошумчалады.

Орусия менен Өзбекстандын алакасы 2012-жылы өзгөчө солгундап кеткен. Буга мурдагы президент Ислам Каримов башында турган өзбек өкмөтүнүн Москва жетектеген Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунан (ЖККУ) чыгып кетиши себеп болгон.

Каримов көзү өткөнгө чейин орус-өзбек алакасы калыбына келгендей болгону менен чоң долбоорлор ишке ашырылган эмес. Орус президенти Путин "эки өлкөнүн кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүнчүлүк берген ири өзгөрүүлөрдү жүзөгө ашыра алды" деп Мирзиёевди мактап өттү.

Путиндин Ташкенттеги сапарын утурлай Москванын борборунда бейшембиде Өзбекстандын биринчи президенти, маркум Ислам Каримовго орнотулган эстеликтин ачылышы болду. Эстелик Якиманка округунда саясатчынын аты берилген скверде орнотулган. Бирок бир катар москвалык активисттер орус баш калаасында диктаторго орун жок деп билдиришип, эстеликти алдырып салыш үчүн кол топтоого киришкени белгилүү болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG