Өзбекстан Борбор Азияда биринчи болуп Кытайга кыска мөөнөттүү визасыз режим ачты.
Президент Шавкат Мирзиёев 12-сентябрда кол койгон буйрукка ылайык, келерки жылдан тартып Кытайдын жарандары, анын ичинде Гонконг административдик аймагынын тургундары Өзбекстанда жети күнгө чейин визасыз жүрө алат.
Эксперттердин баамында, расмий Ташкент акыркы жылдары жаратылыш газы менен металл экспортунан көз карандылыгын азайтыш үчүн туризмди өнүктүрүүгө басым жасоодо.
Мирзиёев маркум Ислам Каримовдун учурунда туризмге тоскоолдук жараткан бир катар чектөөлөрдү алып салган. Алардын бири –Ташкенттеги метрону сүрөткө тартууга уруксат берилген.
Ошондой эле Улуу Жибек жолундагы маданий борбор болгон Бухара, Самарканд жана Хива шаарлары чет өлкөлүк конокторго кучагын кенен ачкан.
Өзбекстандын Туризм комитетинин маалыматы боюнча былтыр өлкөгө 5,3 миллион турист кирген. Сырттан келгендердин агымы мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсе көбөйгөн. Өзбекстанга ушу тапта 65 өлкөнүн жарандары визасыз каттай алат.
Быйыл Казакстан да улуттук авиакомпаниянын учактарында Нур-Султан менен Алматы аэропорттору аркылуу үчүнчү өлкөгө каттаган Кытай жарандарына 72 сааттык визасыз транзитке уруксат берген.
Кечиккен «Жибек жолу визасы»
Расмий Ташкент менен Нур-Султан чөлкөмдө туризмди өнүктүрүүгө багытталган «Silk Visa» же «Жибек жолу визасын» быйыл февралда ишке киргизмек. Эки мамлекеттин башка өлкөлөргө визалык эрежелери түрдүү болгонуна байланыштуу долбоор кечеңдеп турат. Бул долбоорго Кыргызстан менен Тажикстан да кошулушу мүмкүн экени кабарланган.
Быйыл 10-июлда Самаркандда өткөн КМШнын туризмди өнүктүрүүнү талкуулаган кеңешинде Борбор Азияда «Жибек жолу визасын» киргизүү идеясын Тажикстан колдоп чыккан.
Турфирмалар Тажикстанга келүүнү каалаган туристтердин 80 пайызы коңшу өлкөлөрдү да көрүүгө кызыгарын белгилешет. Мисалы, былтыр Казакстанга 8,5 миллион турист келсе, тарыхый эстеликтер менен байыркы маданияты бар Тажикстанга бир миллиондой эле чет өлкөлүк келген.
Тажикстандын аткаминерлери «Жибек жолу визасы» жалпы аймактагы бир топ социалдык-экономикалык маселелерди чечмек деп эсептешет.
«Бүтүндөй чөлкөм, туризмге байланыштуу бардык уюмдар, туристтерди тейлегендердин баары жакынкы 5-10 жылга саякаттагандардын чоң агымына даярдык көрө баштамак. Жаңы инфратүзүм жаралып, жалпы жүгүртүүгө акча пайда болмок. Жумуш орундары түзүлүп, ар бир өлкөнүн кирешеси көбөймөк», - дейт Тажикстандын Туризмди өнүктүрүү кеңешинин башчысы Давлат Хабибов.
Адистер белгилгендей, чөлкөмдө «Азия Шенгенин» түзүп алууга коңшу мамлекеттердин саясий эркинен тышкары эл аралык келишимдерди, ошол эле ЕАЭБдин алкагындагы милдеттерди карап чыгып, бирдиктүү виза жана туристтерге көзөмөл жүргүзүү системасын иштеп чыгуу зарыл.
Бишкектеги позиция
Кыргызстанда Кытайдан келе турган туристтик топтор үчүн визасыз тартип киргизүүнү былтыр октябрда Жогорку Кеңештин депутат Махабат Мавлянова парламентте сунуш кылган.
Депутат дүйнө жүзүндө туристтердин 30% кытайлар түзөрүн айтып, Казакстан менен Орусия 15 жылдан бери Кытайдан туристтерди визасыз тартипте кабыл алып келатканын кошумчалаган.
Мындай сунуш кыргыз коомчулугунун кескин сынына кабылган. Депутаттын сунушун Туризм департаменти колдогон эмес.
«Менин жалгыз максатым – кытайлык туристтердин миллиондогон эмес, миллиарддаган акчасынын агымын Кыргызстанга буруу. Мен туризмди өнүктүрүү тууралуу оюмду айткам. Албетте, бул сунуш кылдаттык менен изилденип, мамлекеттин коопсуздугу жагынан, чет элдиктердин кыймыл-аракеттерин көзөмөлдөө маселелери менен чогуу каралышы керек», - деген кийин Мавлянова.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, 2018-жылы Кыргызстанга 1,4 млн. чет өлкөлүк турист келип кеткен.