Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

"Байкоңурдан" учкан ракета космоско жетпей калды


"Союз МАС-10” ракетасын учуруу маалы. Казакстан. 11-октябрь, 2018-жыл.
"Союз МАС-10” ракетасын учуруу маалы. Казакстан. 11-октябрь, 2018-жыл.

Казакстандын "Байкоңур" космодромунан учурулган «Союз МС-10» ракетасы кырсыкка кабылды. Ичиндеги эки космонавт куткаруучу капсула менен космодромдон 500 чакырым алыстыктагы жерге кайра конууга аргасыз болду.

Овчинин: Кемеде авария. Эки мүнөт, 45 секунд. Кемеде авария...

Учууларды башкаруу борбору: Кабыл алынды.

Овчинин: Кемеде авария. Иштеп жатабыз.

Учууларды башкаруу борбору: Баллистикалык ылдыйлоо.

Кошмо Штаттардын космос агенттиги - НАСА тараткан видеодо космонавттардын Учууларды башкаруу борбору менен болгон сүйлөшүүсү жаздырылган.

Анда авария тууралуу орусиялык космонавт Алексей Овчинин борборго кабарлап жатканын угууга болот.

“Союз МАС-10” ракетасы абага көтөрүлгөндөн кийин 123-секундада авариялык система иштей баштаганын орус өкмөт башчысынын орун басары Юрий Борисов билдирди:

- Авариялык система 123чү секундада иштеген. Ал автоматтык түрдө иштеп, парашют ачылган. Капсула ракетадан бөлүнүп, экипаж жерге ийгиликтүү конду. Алдын ала маалыматтарга караганда, биринчи жана экинчи бөлүктөрдүн ортосунда мүчүлүштүк жаралган. Ал эми майда-чүйдөлөрүн атайын комиссия иликтеп, жарыялайт.

​«Интерфакс» агенттиги маалымдагандай, 8-октябрда "Байкоңур" космодромунда ракеталык комплекс учууга даяр деген бүтүмдү тиешелүү комиссия чыгарган.

Учуруу процессине «Роскосмостун» башчысы Дмитрий Рогозин менен НАСАнын жетекчиси Жим Брайденстайн көз салып турган.

Космонавттар орбитада 187 сутка жүрүүнү болжошкон. Экспедиция маалында алар бир катар эксперименттерди, анын ичинде үч мерчемдүү биопринтерде адамдын организминин ткандарын өстүрүүнү да пландап жатышкан.

Овчининге мындан тышкары Сергей Прокопьев аттуу космонавт менен биргеликте ачык космоско чыгып, "Союз МС-09" кемесинин тышын текшерүү милдети жүктөлгөн.

Август айында "Союз МС-09" кемесинин сырткы катмарында тешик бары аныкталган. Мындан улам кеменин ичиндеги басым ылдыйлай баштаган.

«Роскосмос» менен НАСА бул боюнча биргелешкен иликтөө жүргүзүп жаткан. 11-октябрдагы авариянын так себептери аныкталмайынча, космостогу станциянын экипажын алмаштыруу каралбай турганын вице-премьер-министр Юрий Борисов билдирди:

- Албетте окуя иликтенип, коопсуздук толук камсыз болмоюнча бардык учуулар токтотулат. Менимче америкалык тарап бул кырдаалга түшүнүү менен карайт. Биз эч нерсени жашырбайбыз. Андай болушу да мүмкүн эмес. Өзүңөр билгендей учурда Орусия гана Эл аралык космос станциясына экипаж ташыйт. Албетте алар баарын билүүгө милдеттүү жана биз аварияга себеп болгон тиешелүү маалыматтар менен бөлүшүп турабыз.

Адистердин айтымында, мындай авария орус космонавтикасында отуз жылдан ашуун убакыттан бери болгон эмес. Космос боюнча көз карандысыз эксперт Виталий Егоров акыркы жолу мындай окуя СССРде өткөн кылымдын 80-жылдары болгонун эстеди. Анда да космонавттар аман калган.

Орусиялык космонавт Алексей Овчинин менен америкалык астронавт Ник Хейг .
Орусиялык космонавт Алексей Овчинин менен америкалык астронавт Ник Хейг .

Анткен менен ракета учуруудагы кемчиликтер «Роскосмосто» буга чейин да катталган. Маселен, былтыр «Роскосмос» Восточный менен "Байкоңур" космодромдорун алмаштырып алган.

Байконурдан учуруу үчүн даярдалган ракета «Восточныйдан» кое берилген. Мындан улам орбитага «Метеор-м» спутнигин жеткире турган «Союз-2.1б» ракетасынын башкы бөлүгү атмосферада күйүп кетип, анын калдыктары Атлантика океанына түшкөн.

Орусиянын Тергөө комитети окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Экипаж мүчөлөрү орусиялык космонавт Алексей Овчинин жана америкалык астронавт Ник Хейг Жезказган шаарынан анча алыс эмес жерге конушту. Аларга дароо медиктер жана куткаруучулар жетип барган.

"Роскосмос" билдиргендей, космонавттардын абалы канааттандырарлык, аларга алгачкы жардам көрсөтүлгөн соң Москвага учуп кетишти.

Экипаждын экинчи мүчөсү Ник Хейг НАСАнын астронавттарынын катарына 2013-жылы кошулган. Эки жылдан кийин космоско барууга даярдык башталган. Бул анын алгачкы учуусу болчу.

АКШнын аскер аба күчтөрүнүн полковниги, 42 жаштагы Ник Хейг бул анын бала кезден берки кыялы экенин айтууда:

- Бала кезимен бери түнкү асманды карап, жылдыздарды, учу-кыйырсыз кең ааламды иликтөөнү, ал жактардан жаңы нерселерди табууну кыялданчумун.

Ал эми орусиялык космонавт Алексей Овчининдин космоско чыгуу боюнча тажрыйбасы бар. Буга чейин 2016-жылы учуп, 172 сутка космосто болгон. Эл аралык космос станциясындагы эрдиги үчүн Овчининге «Орусиянын баатыры» наамы ыйгарылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG