Кыргыз өкмөтү 2024-жылы 30-марттан тарта жыл сайын эки жолу 3 млн 548 миң 387 доллар төгүп турушу керек. Ошентип Кыргызстан баштала элек долбоор үчүн акча төлөй баштаганы турат. Ошол эле учурда кыргыз өкмөтү "Камбар-Ата-2ге" гидроагрегат орното турган компанияны аныктай элек.
110 миллион эмне болгон насыя?
2017-жылы 28-февралда Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкы “Камбар-Ата 2" ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү” долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан инвестициялык кредит берүү жөнүндө келишим түзгөн.
Макулдашууга Кыргызстандын ошол учурдагы каржы министри Адылбек Касымалиев менен Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Дмитрий Панкин кол койгон.
110 млн доллар насыянын үстөгү 1% түзүп, 20 жылга берилген. Анын алгачкы беш жылдыгы жеңилдетилген мөөнөт болуп эсептелет. Ошол эле жылы келишим ратификациядан өтүп, 10-июлда президент кол койгон. Бирок мамлекеттик жол-жоболор процедурасы эки жылга созулуп, келишим 2019-жылы гана күчүнө кирип жатат.
Баштапкы келишим боюнча, кыргыз өкмөтү 110 млн доллар насыяны 2021-жылдан тарта 2036-жылга чейин төлөмөк. Ар жылы 30-мартта жана 30-сентябрда 3 млн 548 миң 387 доллардан төгүп турмак. Бирок долбоордун башталбай жатышы кошумча макулдашуу кабыл алууга мажбур кылып, карызды төлөп баштоо 2024-жылга жылдырылган. Тагыраагы, Кыргызстан колуна кармай элек насыяны быйыл 30-марттан тарта төлөй башташы керек.
2017-жылы насыя алынып жатканда долбоордун мөөнөтү эки-үч жыл деп белгиленгени айтылган. Бийликтин ошол учурдагы планы боюнча, 2020-2021-жылдары Камбар-Ата ГЭСиндеги гидроагрегат электр энергиясын өндүрүп, андан түшкөн акча карызды жабууга жумшалышы керек эле.
Камбар-Ата-2: Толук ишке ашпаган долбоор
"Камбар-Ата-2" Нарын суусунда жайгашкан ГЭСтердин бири. Анын долбоордогу кубаттуулугу 360 МВт болуп эсептелет. Бирок азыркы тапта 120 МВт электр энергиясын гана өндүрүп жатат. Кыргыз бийлигинин экинчи жана үчүнчү гидроагрегатты орнотуу аракетинен майнап чыкпай келет. Кошумча генерация электр энергиясын сырттан сатып алып жаткан Кыргызстан үчүн абдан маанилүү эле. Бирок ушундай шартта даяр турган 110 млн доллар жети жылдан бери эмнеге колдонулбай жатат деген суроо жаралат.
Жогоруда айтылгандай долбоордун мөөнөтү үч жыл деп эсептелген. Бирок Кыргызстан бул убакытты кагаз иштерине кетирип, келишим 2019-жылы гана күчүнө кирип жатат. 2020-жылы пандемия башталып кеткен.
Энергетика министрлигинин маалыматында, 2022-жылы 18-ноябрда башкы подрядчыны тандоо боюнча сынак жарыяланып, ага эки орусиялык, үч кытай компаниясы катышкан.
2023-жылы сынактын жыйынтыгы белгилүү болуп, бирок аны акчаны берип жаткан Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду кабыл алган эмес. Буга келишимде көрсөтүлгөн талаптардын аткарылбай жатышын жүйө келтирген. Ошентип 2023-жылы “Электр станциялар” ачык акционердик коому сынактын жыйынтыгын жокко чыгарган.
6-февралда Жогорку Кеңештеги Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитети ушул маселени карап, Энергетика министрлигинин маалыматын укту. Министрдин орун басары Талайбек Байгазиев мындай деди:
“Чынын айтканда узакка созулган долбоор болуп калды. Тоскоолдуктар фонд жана өзүбүз тараптан да болду. “Электр станциялар” ишканасы менен бири-бирине топ тепкендей, “футбол” болуп калды. Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун талаптары көп болду. Көбүнчө бюрократиялык иштер көп болуп калды да. Бир кытай компания ылдыйкы баа менен тандалган. Бирок фонд аны жокко чыгарды. Буга талаптардын аткарылбаганы себеп”.
Демек, Кыргызстан Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун талаптарын аткарбаганы, бюрократия сыяктуу ички маселелерден улам долбоорду ишке ашыра албай келет.
Талайбек Байгазиевдин айтымында, 2024-жылдын февраль айынын аягында кайра башкы подрядчыны тандоо башталат. Анын жыйынтыгы быйыл апрель айында жыйынтыкталып, июлда "Камбар-Ата-2ге" экинчи агрегатты орното турган компания менен келишим түзүлөт. Энергетика министрлиги долбоор 2027-жылдары аяктай турганын айтышууда.
Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасынын орун басары, депутат Мирлан Самыйкожо долбоор кийин чоң маселеге айланышы мүмкүн экенин айтты:
“Кредиттин өзүнүн табияты кандай? Акчаны багыттаган долбоор иштеп, ошонун пайдасын төлөө да. Бизде "Камбар-Ата-2деги" агрегат иштедиби? Азыркыга чейин баштала элек. Насыяны артка кайтара албайбыз. Насыяны кайра эле мамлекет төлөшү керек. Мамлекеттин бюджетине ушул сыяктуу иштер кедергисин тийгизип жатат. Бул 110 млн насыя кийин чоң маселеге айланышы мүмкүн. Убагында долбоордун жоопкерчилигин алган жетекчилер, адистер жооп бериши керек да”.
Жогорку Кеңештин тармактык комитети насыяга кол коюлгандан бери тиешелүү мамлекеттик органдар бул жаатта иш алып барбагандыгына көңүл буруу керек деп тапты.
Насыяны төлөө мөөнөтүн дагы жылдыруу аракети
2023-жылы март айында Кыргызстанга Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широков келип, бир катар жолугушууларды өткөргөн.
Ошондо "Камбар-Ата-2ге" байланыштуу маселе көтөрүлүп, кыргыз бийлиги насыяны төлөө мөөнөтүн дагы жылдырганга аракет кылган.
Андагы сүйлөшүүгө катышкан финансы министринин орун басары Руслан Татиков буларды айтты:
“Андрей Широков Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, андан кийин Финансы министрлиги менен да жолуккан. Ошондо ушул маселени көтөргөнбүз. Анткени жети жылдан бери ишке ашпай жатканын айтып, төлөө мөөнөтүн жылдырып берүүнү суранганбыз. Широков макул болгонсуп, бирок расмий түрдө кат жөнөтүүнү суранган. Биз аны жакын арада жиберебиз”.
Кыргыз өкмөтүнүн насыяны төлөө мөөнөтүн жылдырууга болгон аракети ишке ашабы же жокпу белгисиз.
2023-жылы энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетика тармагында отуз жылдан бери чогулган карыз 137 млрд сомго жеткенин айтып, аны төлөө милдетин мамлекет мойнуна алган. Бул кадам инвестиция тартуу үчүн жасалып жатканы айтылган.
Энергокомпаниялардын алкагында алсак, тармакка алынган карыздардын 95% “Улуттук электр тармактары” менен “Электр станциялары” компанияларына туура келет.
Жогорку Кеңештин депутаты, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү Эмил Токтошев бул окуяга юридикалык баа берүү керектигин айтууда:
"110 млн доллар өз максатына пайдаланылган жок. Ошол учурда иштеген тийиштүү мекемелердин жетекчилери жооп бериши керек. Бул окуяга сөзсүз юридикалык баа берилет. Биз депутаттык топ түзүп, баарын тактап чыгабыз. Анткени бул деген мамлекеттин, элдин акчасы. Мындайга такыр жол берилбеши керек".
Негизи эле Кыргызстандын тышкы карызынын басымдуу бөлүгү энергетика жана жол тармагына жумшалган. Бирок алынган насыяны максаттуу колдонуу боюнча маселе бар экени айтылат. Мындай сөздөргө "Камбар-Ата-2" ГЭСине байланыштуу долбоордун айланасындагы окуялар далил болуп берүүдө.
Кыргызстан эмнеден уттурду?
Бул маселеде бир нерсени белгилей кетүү керек. 110 млн доллар азыр да Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун эсебинде турат. Фонд аталган долбоорду түз каржылайт. Тагыраагы башкы подрядчы катары табылган компания менен келишим түзүлгөндө гана каражатты которуп берет.
Бирок адистердин көбү Кыргызстан убакыттан уттуруп жатканын айтышууда. Анткени жыл өткөн сайын инфляция болуп, кымбатчылык күч алууда.
Энергетика тармагындагы эксперт Эрнест Карыбеков долбоордун наркы 2017-жылдан бери дагы өсүшү мүмкүн экенин айтты:
“Инфляция бар. Агрегаттын баасы, аны орното турган жумушчулардын эмгек акысы, башка материалдар да кымбаттады. Мындан тышкары “колдон чыгарылган киреше” деген бар. Бул жерде жөнөкөй эле логика жатат. Долбоордун убактысы созулган сайын мамлекетке зыян келүүдө. Убагында койгондо "Камбар-Ата-2" ГЭСинин кубаттуулугу азыркыдай 120 эмес, 240 МВтка чыкмак. Ушундай болгондо биз сырттан көп электр энергиясын сатып албайт элек. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү азыркыдай түшпөйт эле”.
Өлкөдө электр энергиясына болгон таңкыстык күч алып, кышкы керектөөнү импорт менен толтуруп келет. Ошол эле учурда каржы булагы даяр болгон долбоор жети жылдан бери ишке ашпай жатат.