Байкоочулар болсо күрттөр үстөмдүк кылган Кобани шаарындагы кармаштан улам түрк бийлиги оор дилеммага туш болгонун белгилешет.
Бейшембиде НАТОнун Баш катчысы Йенс Столтенберг менен биргелешкен пресс-конференцияда Чавушоглу Түркия күрттөрдүн Кобани шаарын камоолго алган согушкерлерге каршы коалициянын аба соккуларын колдоорун айтып, ошол эле маалда жалаң абадан операция аларды талкалоого жардам бербейт, жерден да чабуул коюу мүмкүнчүлүгү каралууга тийиш деп белгиледи.
Министр Анкара Сириянын түндүгүндө, Түркия менен чек ара аймагында “коопсуздук тилкесин жана учактарга тыюу салынган зона” түзүү идеясын колдоорун кошумчалады.
Кийин Столтенберг НАТО Сириянын ичинде буфердик зона орнотуу маселесин карай электигин, андай чечим альянс тарабынан кабыл алынбасын тактап кетти.
Анын сапары алдында, 8-октябрда АКШ баштаган коалиция Кобани шаарына жана анын айланасына сегиз жолу абадан сокку урган. Кошмо Штаттардын Башкы командачылыгы билдиргенине караганда, шаар күрт куралдуу кошуундарынын көзөмөлүндө кала берүүдө деген божомолдор бар.
Соккулардан "Ислам мамлекети" тобунун беш даана согуштук техникасы, казармалары, командачылыктын комплекси жана башка объекттери талкаланды.
Пентагон Кобани жоочулардын колуна өтүп, алар башка чөлкөмдөрдү да ээлеп алышы мүмкүн деп моюнга алды.
АКШ президенти Барак Обама шаршембиде армия жетекчилиги менен жолугушууда "Ислам мамлекети" тобуна каршы операцияны талкуулады:
- Өнөктөштөр менен бирге соккуларды улантып жатабыз. Бул миссия татаал бойдон калууда. Мен башынан эле бул бир түндө эле чечиле турган маселе эмес деп эскертип келатам. Эң жакшы жери региондогу гана эмес, калган өлкөлөр менен да "Ислам мамлекети" тобу дүйнө жүзүндөгү тынчтыкка, коопсуздукка жана тартипке коркунуч жаратып жатат, алардын варвардык ыкмалары токтотулууга тийиш деген орток пикирге келдик. Ирак өкмөтү менен биргелешип бул багытта алга жылабыз деп ишенебиз.
Согушкерлер Кобаниге киришсе, Түркия менен чек ара аймагын бүт бойдон өз көзөмөлүнө алышкан болот.
Бирок 30 жылдан ашуун убакыттан бери өз өлкөсүндөгү күрт жикчилерине каршы күрөшүп келген Түркия урушка анча кийлигишкиси жок.
Ошол эле маалда Анкара "Ислам мамлекети" уюмунун согушкерлери менен күрт кошуундарынын бири-бирине каршы кармашуусуна жол берүүдө.
Түрк өкмөтүнүн Кобаниге аскерлерин жибербөө чечими жергиликтүү күрттөрдүн нааразылыгын жаратып, Стамбул, Анкара жана бир катар башка шаарларда митингдер өттү. Түрк премьер-министри Ахмет Давутоглу шаршембиде билдиргендей, полиция менен кагылышууларда бери дегенде 19 киши набыт кетип, 145и жарадар болду, 368 киши кармалды.
Вандализм, уюшулган кылмыштуулукка айланган нааразылык акцияларынын Анкара менен күрт жикчилери ортосундагы тынчтык процессин үзгүлтүккө учуратышына жол бербейбиз, - деди премьер.
Ал эми байкоочулар түрк бийлиги оор дилеммага туш болгонун белгилешет.
Анкара Кобаниде "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлерине каршы аракет көрсө, өлкөнүн жихадчылардын бутасына айлануу коркунучуна кептелиши ажеп эмес.
- "Ислам мамлекети" тобу же аларга жан тарткан башка топтор тарабынан коркунуч күчөшү мүмкүн. "Ислам мамлекети" тобу буга чейин Түркияны “чыккынчы режим" деп сүрөттөгөнү бар. Бул - өлкө радикал исламчылардын бутасына айланышы ыктымал дегенди билдирет, - дейт стамбулдук эксперт Гарет Йенкинс.
Өзүн региондогу кубаттуу держава катары сүрөттөгөн Анкара Сириядагы режимди өзгөртүүнү жактап жана Асад өкмөтүнө каршы аба соккуларын колдоп келген, - деп улантат аналитик.
Түркия коалициянын операциясына кошулуунун алдында Батышка бир нече шарт койгон. Президент Режеп Тайип Эрдогандын айтымында, үч маселе – учактар үчүн тыюу салынган зона жана коопсуздук тилкесин орнотуу, Сирия менен Ирактагы байистүү оппозицияны машыктыруу тууралуу сөз жүрүүдө.
Ал эми Түркия Кобанидеги согушкерлерге каршы чара көрбөсө, өлкө ичиндеги күрттөрдүн ашынган бөлүгү менен тирешүү күчөмөкчү.
Аны менен катар Анкара эл аралык коомчулуктун кысымына да туш болууда.