Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Сирия: Батыш БУУну "өктөм" резолюцияга үндөдү


АКШнын Мамкатчысы Жон Керри (оңдо), Британ Тышкы иштер министри Уилиям Хейг (солдо) жана француз Тышкы иштер министри Лоран Фабиус (ортодо) бул тууралуу бүгүн Париждеги жыйында айтышты
АКШнын Мамкатчысы Жон Керри (оңдо), Британ Тышкы иштер министри Уилиям Хейг (солдо) жана француз Тышкы иштер министри Лоран Фабиус (ортодо) бул тууралуу бүгүн Париждеги жыйында айтышты

Франция, Британия жана АКШ "Сириянын химиялык куралын жок кылуунун так убактысы жана сөзсүз аткарылышы керектиги көрсөтүлгөн БУУнун резолюциясы кабыл алынышы керек" дешет.

Бүгүн Париждеги сүйлөшүүлөрдөн кийин Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясынын долбоору боюнча үч мамлекеттин тышкы иштер министрлери ушундай тыянакка келишти.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри, Британиянын Тышкы иштер министри Уилиям Хейг жана Франциянын Тышкы иштер министри Лоран Фабиустун сүйлөшүүлөрүнөн кийин кабыл алынган келишим жөнүндө француз президенти Франсуа Олланд айтты.

Бул сүйлөшүүлөрдүн алдынан Сирияга сырттан аскерий чабуулду болтурбоо максатындагы сүйлөшүүлөр Женевада АКШ жана Орусиянын тышкы иштер министрлеринин ортосунда жүргөн эле.

Бүгүн Бириккен улуттар уюму 21-августта Дамасктын четинде химиялык куралдын колдонулганы боюнча баяндамасын жарыялайт деп күтүлүүдө.

Жон Керри менен Сергей Лавров, Женева, 14-февраль, 2013-жыл
Жон Керри менен Сергей Лавров, Женева, 14-февраль, 2013-жыл
​АКШ президенти Барак Обама ал күнү газ чабуулун Сириянын президенти Башар ал-Асаддын күчтөрү колдонушканын күбөлөндүрө турган далилдери бар экенин билдирген. Газ чабуулунан анда 1400дөн ашуун адам өлгөнү, алардын 400дөйү жаш балдар экени кабарланган эле.

Франциянын президенти Олланд дүйшөмбүдө Париждеги талкуунун алдынан сүйлөп, Сириянын химиялык куралын жок кылуу же башка жакка чыгаруу келишими боюнча ушул аптанын этегине чейин Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши добуш берүү жүргүзүшү мүмкүн экенин билдирди.

Сирияга чабуул койбош үчүн анын химиялык куралын эл аралык коомчулуктун көзөмөлүнө алуу демилгесин Орусия көтөргөн. Москва - Дамасктын жакын союздашы. Бирок француз президенти алдыда Орусиянын сунушу боюнча азыр моюнуна алган милдеттенмени Дамаск убагында так аткарышы үчүн ага каршы сырттан чабуул коюу идеясын да толугу менен четке какпай турган оң болот деди.

Сириядагы БУУнун эксперттери, 28-август, 2013-жыл
Сириядагы БУУнун эксперттери, 28-август, 2013-жыл
Олланд өткөн апта этегинде Орусия менен АКШнын тышкы иштер министрлеринин келишими тууралуу сүйлөп: "Биз ал макулдашуу жөнүндө кандай ойдо болушубуз керек? Мен муну маанилүү кадам деп билем, бирок ал иш бүттү дегенди билдирбейт", - деди.

Асаддын режими өзүнө тагылган милдетти так аткарбаса, анын кесепети оор болорун билдирүү максатында айтылып жаткан бул ойду Мамкатчы Жон Керри да улантып: "Эгер Асаддын режими бул аткарылышы зарыл болгон нерсе экенин билбесе, биз мында олуттуу экенибизди жеткирбесек, алар оюнун уланта беришет", - деди.

- Улуттар уюмунун инспекторлору да газ чабуулу болгон жерди иликтөөгө барышканда кандай кыйынчылыктарга туш болгону жөнүндө кабарыбыз бар. Ошон үчүн орустар да Женевадагы сүйлөшүүлөрдө Сирия өзүнүн химиялык куралдарын жашырбай, так көрсөтүүгө милдеттүү экенине кошулушту, биз ишти тез бүтүрүшүбүз үчүн бул керек экенине алар да макул болушту.

АКШ-Орусия келишиминин негизинде расмий Дамаск өзүндөгү бүт химиялык куралдары боюнча документтерди 22-сентябрга чейин берүүгө милдеттендирилет.

Алеппо шаарындагы оппозиция өкүлү
Алеппо шаарындагы оппозиция өкүлү
Мындан сырткары, Сирия быйыл ноябрдан кечиктирбей ал жакка эл аралык эксперттер барып текшерүүсүнө жол ачып бериши зарыл. Анан, эң башкысы, Сириянын химиялык бүт куралы келерки жылдын жарымына чейин жок кылынышы абзел.

Бириккен улуттар уюмунун башкеңсесинде болсо бүгүн ушул дипломатиялык жанданууга себеп болгон газ чабуулу тууралуу инспекторлордун көптөн күтүлгөн баяндамасы жарыяланганы жатат. Инспекторлор тобун химиялык куралдар боюнча швециялык эксперт Аке Селлстром жетектейт.

Жума күнү ал баяндама тууралуу сүйлөп жатып, Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун бул акыр-аягында "химиялык курал колдонулганын" айта турган “көлөмдүү отчет” болорун кыйытты. Ошентсе да, Селлстромдун тобуна куралды ким колдонгонун айтууга мандат берилген эмес. Бул эксперттер болгону химиялык куралдын кайсыл түрү колдонулганын айтышат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG