Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:23

"Соттун медиага чыгарган өкүмү түшүнүксүз болуп калды"


Журналисттик иликтөөлөрдү жарыялап келген медиа долбоорлордун "экстремисттик" деп табылышы сөз эркинидиги үчүн өтө кооптуу коңгуроо болуп калды.

Эл аралык уюмдар жана медиа эксперттер буга чейин журналисттердин камалып, айрым басылмалардын жабылышын айыптаса, бул жолу кыргыз соту журналисттик ишмердүүлүк менен алектенген кишилерге карата "экстремист" деген беренени колдонду.

Мындай чара жана анын таасири тууралуу журналист, акын, котормочу Жыргалбек Касаболотов менен маектештик.

- Жыргалбек мырза, соттун медиа долбоорлордун материалдарын жана алардын негиздөөчүлөрү Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердигин экстремисттик деп тапкан чечимин кандай кабыл алдыңыз?

- Чынын айтсам, мен “Клооптун” материалдарын билбейм. Бирок Temirov Live медиасынын видеолорун көп эле көрүп жүрөм. Ал жакта эч кандай экстремизмдин белгилерин байкаган жокмун. Себеби экстремизм болушу үчүн бийликти кулатууга, бир нерсени басып алууга же зомубулукка түздөн-түз чакырык болушу керек. Мен андай нерсени Temirov Live каналынан көргөн жокмун. Ошондуктан сот кайсы материалдарына негиздеп чечим чыгарганы мага түшүнүксүз. Чечим чыгарып жатканда кайсы бир материалды факты менен көрсөтүп, Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренелерине негиздеп далилдесе, алда канча ынанымдуу болмок.

- Экстремисттик деген айыптын коюлуп жатышы Кыргызстандагы сөз эркиндиги боюнча маселени козгоп жатпайбы. Мындай оор айып медиалардын ишине кандай таасир этет?

- Кеп жалаң эле кандай кесепеттерге алып келишинде эмес. Кеп бул чечимдин ынанымдуу эмес болуп жатканында. Андай болгондон кийин аны карап отурган элде сөзсүз түрдө: “Демек айта турган башка жүйөсү жок экен. Ошон үчүн ушундай чечимдерге барышты. Болбосо материалдарга каршы кайсы бир фактылар менен так жооп бере алышмак” деген жыйынтык чыга баштайт. Бул табигый нерсе. Мындай көрүнүштөр бийлик системасына ишенимди кетирет. Кимдир бирөө бийликти сындап жатса, сынга конкреттүү фактылар менен жооп бериши керек жана ал ынанымдуу болууга тийиш. Бирок андай жолго түшпөй, административдик же сот аркылуу жолду тандап, бирок экстремисттик материал экенин далилдей албаса, аудиториянын ишеними жоголот. Негизги жыйынтык ушул.

- Албетте, сиз айтып жаткан коомчулуктун күмөн саноосу өзүнчө жагдай. Кандай болгон күндө да сот чечими чыгып калды. Бул журналисттик иликтөөлөрдү, бийликтин ишмердигин сынга алган пикирлерге орун бергендерди чектөөгө жол ачкан прецедент болуп калбайбы?

- Иштегендер иштей берет. Бирок бир нерсени эске алуу керек. Сын эмне үчүн маанилүү? Сын, кайсы бир тарапка жакпаган фактылар ошол кемчиликтерди оңдоо үчүн маанилүү. Эгерде ал каталарды айткан тарап жок болсо, көзүн байлап алып алдыдагы аңды көрбөй кетип бараткандай болот. Ал киши “азыр аңга түшөсүң” деп эскерткендердин баарын жаман көрүп, сөгө берсе, айткан кишилер да кайдыгер болуп коёт. Аягында киши аңга түшөт.

- Журналисттерге, медиаларга экстремизм боюнча айып койгон тажрыйба дүйнөдө башка өлкөлөрдө да байкалып жүрөт. Узак мөөнөттөн алганда акыр-аягы эмнеге алып келет?

- Дүйнөдө сот чечими менен журналисттер же медиа уюмдардын ишмердиги чектелип, соттолуп, алтургай түрмөдө отурган учурлар көп. Жалпысынан муну сөз эркиндигине басым деп койсок болот. Бирок мындай басым Кыргызстандыкы сыяктуу элде акыры түбү жыйынтык бербейт. Азыркыдай шартта адамдар баары бир билчүсүн билип алат.

Эгерде ынанымдуу фактылар менен берген материалдарды негизсиз эле “экстремисттик” деп таба берсе, мындай кырдаалда чыныгы экстремисттик маалыматтардын күнү тууйт. Эч кайсы мыйзамды бузбай эле өз оюн айткан же иликтөө жүргүзгөн журналисттердин ишине тыюу салына берсе, тескерисинче, өзүн-өзү чектебеген тараптарга шарт түзүлүп калат. Алардын баарын чектешке мүмкүн болбой калат.

Муну социалдык тармактарда медиалардын берүүлөрүнүн ылдый жагындагы комментарийлерди карасаңар, троллдордун, боттордун иштегени байкалып турат. Бирок алар дагы чектелүү эле жерге чейин жардам берет да, баарын тыюу мүмкүн эмес. Себеби азыр интернеттин мүмкүнчүлүктөрү өтө кеңири. Медианын өзү деле интернетке ылайыкташып, ооп кетпедиби. Ошондуктан мындай чара убактылуу гана натыйжа берет деп ойлойм.

Шерине

XS
SM
MD
LG