Эки жыл мурда Кыргызстандан чыгып кеткен журналист, "Новые лица" гезитинин редактору Лейла Саралаева ага “массалык башаламандыкка чакырык” деген берене менен кылмыш иши козголгонун айтып чыкты. Ал Фейсбук баракчасына иш мурда эле козголуп, Кыргызстандын укук коргоо органдары издөө жарыялаганын эми гана билгенин жазды. Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке козголгон кылмыш иши боюнча расмий маалымат бере элек болчу. 1-октябрда гана мекеме Саралаевага иш козголгонун ырастады. Медиа коомчулук кыргыз журналистикасы кооптуу абалда экенин белгилөөдө. Бийлик башындагылар, тескерисинче, Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин кайталап, жоопкерчиликтүү болууга чакырып келишет.
Иш жапырт башаламандык тууралуу берененин негизинде козголгон
Кыргызстандык журналист Лейла Саралаева ага Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренесинин (278-берене) негизинде кылмыш иши козголгонун Фейсбук баракчасына жазып чыкты. Айтымында, 2024-жылы мартта ага издөө жарыяланган.
Бул тууралуу быйыл сентябрда гана билгенин белгилеген журналист кылмыш иши эмнеге байланыштуу козголгонун 30-сентябрда "Азаттыкка" мындайча түшүндүрү:
"Иш козголгон болушу ыктымалдыгын апрель айында билдим. Мага Октябрь райондук милициясында илинип турган сүрөттү жөнөтүшкөн. Ал жерде башка кылмышкерлердин катарында менин сүрөтүм дагы илинип, 2024-жылдын март айынан бери издөөдө экеним жазылыптыр. Бирок толугураак маалыматты билген жокмун, көп маани дагы берген эмесмин. Сентябрдын башында "Түндүктөн" соттуулук тууралуу маалымат керек болуп калды. Ал жактан Кыргызстанда кылмыш жоопкерчилигине тартылганым тууралуу маалымат беришти. Таң калычтуусу - туугандарымдын эч кимиси мен изделип жатканымды билген эмес. Кылмыш иши козголгон соң үйгө барып, повестка берип же кабарлаган эмес. Юристтер аркылуу мага иш 278-берененин 3-бөлүгү боюнча козголгонун тактадык ("Массалык башаламандыктар" беренесинин "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" бөлүгү)".
Журналисттин айтымында, 2024-жылдын апрелинде ИИМдин сунушу менен жасалган экспертиза колуна тийген. Анда депутаттыкка талапкерлигин койгондогу Тик-Ток, Ютубдагы видеолору, УТРКдагы сүйлөгөнү, иликтөөчү журналист Болот Темиров менен маеги, жалпысынан 53 видеосу бар экени белгилүү болгон:
"Экспертиза "чакырык жок, бирок бийликти сындоо бар" деп көрсөткөн. Болгону ошол. Экспертизага жөнөтүлгөн материалдардын арасында Болот Темировдун "Эркиндик берилбей, ага жетүү керек" деген слоганы бар экен. Ошол негиз болушу мүмкүн деп ойлоп жатам. Азырынча толук маалыматым жок, бирок мен бул сөздү эч жерде колдонгон эмесмин. Менин таң калганым, кылмыш иши козголгон 1,5 жылдан бери эч ким расмий маалымат берген эмес".
Саралаева журналистикадагы 30 жылдык тажрыйбасында жүздөгөн материалдарды жазганын, бирок эч кандай кылмыш кылбаганын жана башаламандыкка чакырбаганын белгилеген. Акыркы төрт жылда башка журналисттер сыяктуу эле өлкөдөгү кырдаалды анализдеп, адам укуктарынын, мыйзамдын бузулушун, сөз эркиндиги кысымга кабылып жатышын, коррупция фактыларын гана жазып келгенин айткан.
Ички иштер министрлиги Саралаевага кылмыш иши козголуп, сыртынан айыбы угузулганын ырастады. Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов 1-октябрда билдирип, журналистке Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрүнө байланыштуу иш ачылганын айтты.
“Биз анын жазгандарында массалык башаламандыкка чакырык барбы же жокпу деп экспертизага беребиз. Экспертизадан чакырыr бар деген жыйынтык чыккан”, - деди ал.
Макилов белгилегендей, иш Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” менен козголгон.
"Мындан ары журналистика керекпи деген суроо жаралууда"
Медиа коомчулук учурда кыргыз журналистикасы оор сыноодо турганын белгилеп жатат. Медиа эксперт Гүлзада Медралиева өз ою, позициясы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу туура эмес деп эсептейт:
"Кыргызстанда ар дайым сөз эркиндиги болуп келген. Бир кезде бизди "Демократия аралчасы" деп дагы белгилешкен. Массалык маалымат каражаттары төртүнчү бийлик эмес беле. Азыр эмне болду, кайда баратабыз? Журналисттер азыр өз ишин аткара албай калды. Өз позициясын билдирип, айткан сөзү үчүн камап жатканы туура эмес. Адамдар азыр өз ою үчүн жабыркап жатат. Мындай болбошу керек".
52 жаштагы журналист Лейла Саралаева2024-жылы январда өлкөдөн чыгып кеткен. Ал “Новые лица” гезитинин башкы редактору жана негиздөөчүсү болгон. Ага чейин "Алмаз" радиосунда, “Дело №…” коомдук-укуктук гезитинин, “Лица” коомдук-саясий гезитинин атайын кабарчысы болуп иштеп, эл аралык “Ассошиэйтед пресс” жана “Франс-пресс” маалымат агенттиктери менен кызматташкан. 2019-жылдан бери Ютубдагы “Новые лица” каналына Кыргызстандын эгемен тарыхындагы саясий окуялар, элдик толкундоолор тууралуу видеолорду чыгарып келет. 2023-жылы №21 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан.
Журналист Кайыргүл Урумканова дүйнөдө маалыматтык коопсуздук маселеси күн тартибине чыгып жаткан учурда Кыргызстандагы журналистика чоң сыноонун алдында турганын белгилөөдө.
"Азыр басым болуп жатат, журналист болуп эч ким иштегиси келбей калды. Негизи журналистиканын трансформация боло турган чегине келип жетти деп ойлойм. Мындан ары журналистика керекпи, жокпу деген суроо жаралып калды. Азыр блогерлерди көкөлөтүп, өстүрүп жатышат. Алардын кандай иштеп жатканын көрүп жатабыз, аябай көп такталбаган, фейк маалыматтар чыгууда. Ошонун фонунда журналистиканы басынтып жатканы түшүнүксүз. Маалыматтык коопсуздукту мамлекет кайсы адамдар менен камсыз кыла алат. Жакын арада жакшы бир маалыматтык долбоорлор чыгат деген үмүт деле жок калды. Анткени тажрыйбалуу журналисттер бул кесиптен кетип жатат. Анткени ушул журналистиканын ролун басаңдатуу жана кесипкөйлүктү жокко чыгаруу себеп болууда".
"Кыргызстанда сөз эркиндиги камсыздалган"
Кыргыз бийлиги журналисттерге басым болуп жатканын четке кагып, өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин белгилеп келет.
Президент Садыр Жапаров 26-февралда Европа парламентинин делегациясы менен жолугушууда да муну кайталаган.
“Бизде дин эркиндиги да, сөз эркиндиги да бар, адам укугу да сакталат, демократия да бар. Сиздер биздин коңшу өлкөлөр менен эле салыштырып айтып жатасыздар, мен керек болсо Европадагы айрым өлкөлөргө салыштырмалуу да бизде демократия жана сөз эркиндиги жакшы деп айта алам. Журналисттер өз укуктарын жетишинче колдонушат”.
Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк менен жолугушууда Жапаров Кыргызстанда демократиялык башкаруу формасын чыңдоо, укуктук мамлекетти куруу, улуттук мыйзамдарды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү, сот жана укук коргоо системасын реформалоо процесстери ырааттуу жүргүзүлүп жатканын айткан. Ал ошондой эле соңку төрт жылдан бери мыйзамдарды инвентаризациялоо жүрүп жатканын маалымдаган.
“Бул иш-чаралар өлкөнүн мыйзамдык базасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү, анын ичинде жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында аткарылууда. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети кылмыш-жаза мыйзамдарын гуманизациялоо боюнча ырааттуу иш алып барууда”, – деген Жапаров.
Быйыл майда “Чек арасыз кабарчылар” (RSF) эл аралык уюму дүйнөдөгү сөз эркиндиги боюнча 2025-жылдагы рейтингин жарыялап, Кыргызстан 2024-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 24 баскычка артка кетип, 180 өлкөнүн ичинен 144-орунга илингенин билдирген. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан 141, Өзбекстан 148, Тажикстан 153 жана Түркмөнстан 174-тизмеде турат. Басма сөз эркин деген өлкөлөрдүн сап башында Норвегия, Эстония жана Нидерланд бар.
Жыл башында Freedom House (FH) эл аралык уюму жаңы баяндамасында Кыргызстанды бешинчи жыл катары менен “эркин эмес” мамлекеттердин катарында экенин белгилеген. Буга себеп катары кыргыз өкмөтү пикирин билдиргендерди куугунтуктоону жана чектөөлөрдү күчөткөнү көрсөтүлгөн.
Уюм соңку жылдары өлкөдө саясий укуктар чектелип, саясий оппоненттер куугунтукталып, маалымат каражаттары басымга туш болгонун эскертип келген. Кыргызстандын бийлиги мындай айыптоону четке кагат. Өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин айтып, бирок журналисттерди жоопкерчиликтүү болууга чакырып келүүдө.
Лейла Саралаева социалдык тармактардагы баракчаларында бийликтин кемчиликтерин сындаган, Кыргызстандагы сөз эркиндигин колдогон постторду жазып турат. Ушул тапта Грузияда жашап жатканын кабарлаган.
Шерине