Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:31

Сокулук: зордукталган секелек каралоого кабылды


Иллюстрация
Иллюстрация

Сокулукта зордукталган 13 жаштагы кыздын жакындарына басым болуп жатканы тууралуу маселе парламентте көтөрүлүп, акыйкатчы укук коргоо органдарын буга көңүл бурууга чакырды. Милиция бул окуя боюнча козголгон кылмыш иши тергелип жатканын кабарлады.

Сексуалдык зомбулукка кабылган өспүрүмдүн окуясы коомдо кыздардын коопсуздугу боюнча маселени кайра козгоду.

Секелекти каралоо аракети жүрүп жатабы?

Быйыл Сокулукта 13 жаштагы кызды тогуз адам дээрлик бир жылдай зордуктап жүргөнү тууралуу маалымат тараган. Бул окуя коомчулукта катуу талкууга түшүп, кылмышка шектүү эки адам кармалган. Акыркы күндөрү бул иштин жаңы жагдайлары ачыкка чыкты.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева 3-апрелде парламент жыйынында зордукталган кыз жана анын жакындарына карата кысым болуп жатканын айтып, Башкы прокуратурага кайрылды.

Элвира Сурабалдиева
Элвира Сурабалдиева

“Сокулукта 13 жаштагы кызды зордуктап кеткенин баарыбыз уктук. Ал жерде 9-10 эркек деп атышат. Ошол зордуктаган адамдардын бети жоктугу, милициянын иштебегени аз келгенсип, эми кыздын тегерегинде жаш кыздарды отургузуп коюп, "ал кыз деген тигил жакка барган, бул жакка барган" деп каралоо биздин калкыбызда, биздин салтыбызда болбош керек. Прокуратура каякты карап турат?! Көзөмөл деген каякта?! 18ге чыга элек кызга 18ден ашкан эркек жолобошу керек. Ошону такыр унутуп калдык. Төмөн түшө турган деңгээлден дагы ылдый түшүп кеттик да”, - деди Сурабалдиева.

Социалдык тармактарда 13 жаштагы кыздын дарегине айтылган айыптар боюнча Акыйкатчы институту дагы үн катып, жашы жете электерди каралоо учурларына укук коргоо органдары чара көрүшү керек деген билдирүү жасады.

“Биринчиден, ушул иш боюнча тергөө жүрүп жатат. Анткени ал жакта айыпталуучулар көп. Бир эле эркек бала эмес. Ошондуктан биздин Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексибизге ылайык, бул соттук процесс тергөөдөн башталып, соттун чечими чыкканга чейин иш жабык болушу керек да. Бул жакта жашы жете элек, зордук-зомбулукка кабылган кыздын тагдыры, укуктары жөнүндө сөз болууда. Ошол эле маалда башка кыздар, ата-энелер маалымат жыйын уюштурганы жаман таасир этет. Ал кыз жанын кыйса, дагы бир нерсе кылса, ким жооп берет? Ошол маалымат жыйында сүйлөгөн кыздар жооп бере алышабы? Алар дагы жашы жете элек кыздар. Милиция буга чара көрүшү керек”, - деп билдирди Акыйкатчы институтунун Балдарды, аялдарды жана үй-бүлөнү коргоо боюнча бөлүмүнүн адиси Улара Касымбекова.

Секелек кабылган окуянын чоо-жайы

Сокулуктагы окуя ушул жылдын башында белгилүү болгон. 2024-жылы 22-январда секелек окуусуна кеткен бойдон үйүнө кайтып келген эмес. Ата-энеси милицияга арыз менен кайрылып, ал 20 күндөн кийин табылган.

Натыйжада балдар менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсүнө 20 күн кайда жүргөнүн, ага чейин 10 бала утур-утур зордуктап келгенин айтып берген.

Кыздын ата-энеси кылмыш тууралуу ошондо гана билишкен. “Азаттыкка” жабырлануучу кыздын апасы окуянын чоо-жайын айтып берди. Ал белгилүү себептен улам атын ачык атоону каалаган жок:

“Биринчи бала кызым дүкөндөн чыгып баратканда кармап алыптыр. Таанышып алалы деп тийишип, кызымды үйүңө жеткирип коём деп, машинасына салып, талаага алып барып, "жатпасаң, 40 балага жем кылам" дептир. Байке, мен андай эмесмин десе дагы болбой коюптур. Автоунаасына курткасы айрылганча жулкуп салыптыр”, - дейт кыздын апасы.

Жабырлануучунун апасынын айтымында, кызды ушундан кийин кылмышка шектүү башкалар менен да бир нече жолу зордуктаган. Кыздын жакындары учурда өз айылында басымга кабылып жатканын да ырасташты.

Чүй облустук милициясынын маалыматы боюнча, Сокулук районундагы 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 19-20 жаштагы эки бала камакка алынган. Тергөөнүн жыйынтыгы менен эки шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (“Зордуктоо”) жана 157-беренеси (“Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер”) боюнча айып тагылган.

13 жаштагы кызды зордуктады делген дагы сегиз адам боюнча тергөө иштери уланып жатат.

“Калган адамдарга карата кылмыш ишинин материалдары өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, учурда Чүй облустук милициясынын тергөөчүлөрү тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”, - деп билдирди мекеме.

Шектүүлөрдүн жакындары эмне дейт?

Шектүүлөрдүн жакындары 25-мартта АКИpress агенттигинде маалымат жыйынын уюштуруп, так эмес маалыматтар тарап жатканын айтып, кыздын өзүн айыптап чыгышкан.

“Кымындай кыз ушундай кылабы? Ата-энеси каякты карап жүргөн дейм да. Бул кыз 13-14 жаштагы кыздай көрүнбөйт да”, - деген маалымат жыйынында Сокулук районунун тургуну.

Кыргызстанда жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү кылмыш катталган учурда ага каршы чаралар коомчулукта талкууга түшүп келет.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2023-жылдын ичинде жашы жете электерге карата 406 оор жана өзгөчө оор кылмыш жасалганы аныкталган. Анын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда катталган.

“Аларды аймактарга бөлүп карай турган болсок, Бишкек шаары боюнча 69, Ош шаары боюнча 17, Чүй облусу боюнча 131, Ысык-Көл облусу боюнча 46, Нарын облусу боюнча 14, Ош облусу боюнча 37, Жалал-Абад облусу боюнча 63, Талас облусу боюнча 10, Баткен облусу боюнча 19 кылмыш иши катталган”, - деп билдирди Башкы прокуратуранын маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Айжан Жайнакова.

Ал санап берген иштердин 160ы зордуктоо беренеси менен байланыштуу. "Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери" беренеси боюнча 40 кылмыш иши козголгон. Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо беренесинин негизинде 14 кылмыш иши бар.

  • Кыргызстанда жаш жете элек кыздар сексуалдык зомбулук көргөн учурлар буга чейин да катталган. Өткөн айда Сокулуктун тургуну Болот Жаныбек уулу жалгыз карындашы, 13 жаштагы Адинай зордукталып, өз жанын кыйганын "Азаттыкка" айтып берген. Январь айында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгына Жети-Өгүз районунда жашаган тургун кайрылып, 2007-жылы туулган кызы 11-январда зордукталганын маалымдаган. Июль айында Чүй облустук соту 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган адамды 15 жылга эркинен ажыраткан Токмок шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.
  • 2022-жылы, 2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган. Анда эки милиция кызматкери жана мурда соттолгон бир адам 13 жаштагы кызды 2021-жылдын август айынан тартып, 2022-жылдын февралына чейинки убакта зордуктап жүрүшкөн деп шек саналып жатышканы тууралуу баяндалган. Свердлов райондук сотунун чечими менен айыптуу деп табылган эки милиция кызматкери ар бири 15 жылга, ал эми мурда соттолгон дагы бир адам 10 жылга кесилген. Быйыл 12-январда Бишкек шаардык соту милицияда иштеген эки айыпталуучунун айыбын жеңилдетип, биринин жаза мөөнөтүн алты, экинчисиникин тогуз жыл деп өзгөрткөн.
  • 16x9 Image

    Наргиза Асекова

    Наргиза Асекова “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG