Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

Атамбаевдин Кой-Таштагы хансарайы карылар үйү болот, жер тилкесине бала бакча курулат


Алмазбек Атамбаевдин үйү. Кой-Таш, 2019-жыл, 8-август
Алмазбек Атамбаевдин үйү. Кой-Таш, 2019-жыл, 8-август

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин уулу, Социал-демократтар партиясынын лидерлеринин бири Кадырбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүн конфискациялоо башталганын айтып чыкты.

Ошондой эле партиянын штабы жайгашкан "Медиа форумду" дагы мамлекеттин карамагына алуу аракеттери жүрүп жатканын билдирди. Тиешелүү кызмат, органдар буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек. Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-президентти Кой-Таш окуясына байланыштуу күнөөлүү деп таап, 11,5 жылга кескен. Бул иш шаардык сотко жеткен.

Кадырбек Атамбаев анын атасына таандык мүлктөрдү конфискациялоо башталганын Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал "Азаттыкка" комментарий берип жатып, бул аракеттерди мыйзамсыз, "акылга сыйгыс" деп атады.

Кадырбек Атамбаев
Кадырбек Атамбаев

"Атама "Медиа форум" 90-жылдардан бери эле таандык. Анын 30 жылдык таржымалы бар, ар дайым партиянын штабы жайгашып келген. Буга чейин аны эч ким азыркыдай конфискациялоого аракет кылган эмес. Кырдаалдын өзү абсурд. Азыр Кой-Таш окуясын Бишкек шаардык соту карап жатат. Биз Алмазбек Атамбаев дарыланып жатканын айтып келебиз. Учурдан пайдаланып ага чабуул жасап, анын үй-бүлөсүн там-ташсыз калтырып, партиясынын талкалап жатышканы чектен чыгууну көрсөтөт. Анын үстүнө биз Жогорку сотко, Конституциялык палатага кайрылабыз деп билдиргенбиз. Шаардык сот да аягына чыга элек. Ага карабай сот аткаруучулар жогору жактан келген буйрук менен мыйзамсыз аракеттерин башташат".

Кадырбек Атамбаевдин ырасташынча, 12-сентябрда алардын үйүнө 30 чакты сот аткаруучу райондук милиция кызматкерлердин коштоосунда келген. Ал эми "Медиа форумга", ал жактагы партиянын штабына Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрү барган.


Буга байланыштуу Мамлекттик мүлктү башкаруу фондунун директору Тимур Малбашев комментарий берди. Ал фонддун социалдык баракчасы аркылуу Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү карылар үйү болорун, жеринин жарымына бала бакча салынарын жазды.

"Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн билесиздер. Башында ал жер дагы мамлекетке таандык болгон. Бирок кийин өзүнө өткөрүп алып, үй курган. Соттун чечими менен бул жер дагы мамлекетке кайтарылган. Эми жер тилкенин жарымына заманбап шарттагы карылар үйү курулуп, эскилиги жеткен Ысык-Ата районундагы жана Бишкектеги карылар үйлөрүндөгү карыялар ушул жерге көчүрүлөт. Калган жарымына 500 орундуу балдар бакчасы курулуп, Кой-Таш, Арашан, Таш-Мойнок, Татыр, Прохладное жана жакынкы айылдардын балдарына кызмат кылат. Учурда бул айылдардын тургундары балдарын шаарга ташып келишет. Курулуш иштери жакынкы күндөрү башталып, кийинки жылга бүткөрүлөт. Ал эми Бишкек шаарындагы карылар үйүнүн ордуна ипотекалык көп кабаттуу үйлөр түшөт", - деп жазган Малбашев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 3-июнда “Кой-Таш” ишине байланыштуу Атамбаевди 11 жыл 6 айга кесип, мүлкүн конфискация кылган. Экс-президент баш болгон башка айыпталуучулардын адвокаттары райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арызданган.

Бишкек шаардык сотунда бул ишти кароо 11-августта башталган. Көп өтпөй, 25-августта судья Лейла Байдаева Атамбаев менен мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин ишин өзүнчө өндүрүшкө бөлгөн. Эки айыпталуучу тең азыр Кыргызстанда эмес.


Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү 2022-жылы Биринчи май райондук сотунун чечими менен конфискацияланып, мамлекеттин менчигине өткөн. Ошол жылы президент Садыр Жапаров бул имарат кары-картаңдар үчүн үй болорун билдирген. Экс-президенттин жактоочулары менен менен жакындары соттун чечими жок экенин айтып келишкен.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова төмөнкүчө комментарий берди.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

"Муну эми соттун чечимине байланыштуу караш керек. Эгер күчүнө кирген сот өкүмдөрү болсо, мүлктөрү конфискациялансын деген кошумча жаза болсо, анда ал сөзсүз аткарылышы керек. Анан соттун чечими канчалык адилеттүү же адилетсиз деген бул башка суроо. Эгер соттун чечими чыкса, анда сот аткаруучулар айла жок аны аткарышат. Жазык кодексине ылайык, мүлктү конфискациялоо - бул камсыз кылуучу жаза деп белгиленген. Ал келтирилген зыянга жараша болот. Эгер келтирилген зыянга жараша болот. Мисалы келтирилген зыянды баалап, үйдү баалап туруп анан чечим чыгарылат. Башка жолдор менен ушунча зыян келтирди, ушуну баланча деген жол менен жап деп туруп, жазага тартпай, кылмыш ишин токтотуп, кое берип деле жиберип жатышпайбы. Бир тобун байкадык го. Ала турганын алып туруп өкүм чыгарбай, бошоткондорун бошотуп коюп жатышат. Мыйзам баарына бирдей болушу керек эле. Бирок эгер салыштырмалуу ала турган болсок Атамбаевге карата өзгөчө мамиле бар".

Алмазбек Атамбаев 2023-жылы 14-февралда абактан чыгып, Кой-Таштагы үйүнө келген. Ал жерден журналисттерге маалымат жыйынын куруп, соттун чечими менен үй өз менчигинде калганын айткан.

Жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикиинде, экс-президент учурда өз бийликте турганда жүргүзгөн саясатынын кесепетин көрүп жатат.

Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков.

"Алмазбек Атамбаев өлкөнүн тарыхында Аскар Акаевден кийин эле элди көп башкарган президент болгон. Жети-сегиз жыл бийликти кармап турган. 2010-жылы алар бийликке келип, жоопкерчиликти алганда биз укук коргоо органдарын, сот тармагын, атайын кызматты толук реформалоо деген тарыхый миссияңыз бар деп айтканбыз. Абдан суранганбыз, конструктивдүү сунуштарды берип келгенбиз. Бирок ал бийликте турганда өзүм билемдик кылганын көрдүк. Шоопуру мамлекетти башкарууга аралашып, анын макамы премьер-министр менен парламент төрагасынан дагы жогору болуп кеткенин көрдүк. Жансакчысы министр болгонун көрдүк. Реформаларды эмес, түшүнүксүз эл аралык мамилелерди, чырларды көрдүк. Башка бир өлкөлөрдүн буйругу менен эл аралык маселелерге кийлигишүүнү көрдүк. Ушундай түшүнүксүз жагдайда жети жылды өткөрдү. Андан кийинки үч жыл ошол Сооронбай Жээнбеков менен кармашуу менен өтүп кетти. Азыр эми өзү дагы, баласы дагы эл аралык сотторго кайрыларын айтып жатат. Бул болсо Атамабаев жүргүзгөн саясат, реформасы эч кандай жыйынтык бербегенин көрсөтүп жатат. Азыр эми өзү четте безип-качып, бул жактагы там-ташынан айрылып жатканы өтө өкүнүчтүү. Атамбаев ага чейинки окуялардан, Акаев, Бакиев кантип качканынан өзү биринчи сабак алышы керек эле. Атамбаев дагы, Жээнбеков дагы, тилекке каршы азыркылар дагы өткөн тарыхтан, кечээги эле күндөн сабак албай жатышат. Мен сабак алуу керек деген конструктивдүү ойду айткым келет. Мына, Непалдагы окуялар деле чоң сабак жана эскертүү. Азыр заман, муун такыр башка. Азыр коммуникациялык технологиялар өнүккөн заманда от алып кетүү, жанып кетүү өтө тез экенин ушул окуялар тастыктап жатат".


Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган.

Анын алдында, 7-8-август күндөрү экс-президентти колго түшүрүү операциясында чогулгандар менен күч кызматкерлери кагылышып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов баштаган 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91и ИИМдин, 40ы УКМКнын кызматкери, калганы жөнөкөй жарандар болгон.

Мурдагы президент 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана эртеси күнү дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек. Ал жакында эле Кой-Таш окуясы боюнча ишти Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунда кароо демилгесин көтөргөн.

Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылындагы жер тилкесин сатып алуудагы коррупция, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоодогу жемкорлук, “Терек” сурма кениндеги коррупция иштерине айыпталган.

Шерине

XS
SM
MD
LG