Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Кадырбек Атамбаев үй-бүлөсүн Кой-Таштагы үйдөн чыгарып жатышканын билдирди


Атамбаевдин үйү. Кой-Таш, 2019-жыл, 8-август
Атамбаевдин үйү. Кой-Таш, 2019-жыл, 8-август

Мурдагы президенттин уулу, "Социал-демократтар" партиясынын лидерлеринин бири Кадырбек Атамбаев сот аткаруучулар өзүн, апасын жана башка үй-бүлө мүчөлөрүн Кой-Таштагы үйүнөн чыгарып жатышканын Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал бул аракетти "мыйзамсыз" деп атаган.

Кадырбек Атамбаев бир эле учурда партиянын штабын жана "Медиа-Форумду" мамлекеттин карамагына алуу аракети жүрүп жатканын белгилеген.

"Биз Жогорку сотко да, Конституциялык палатага да кайрылабыз деп билдиргенбиз. Иш жада калса шаардык сотто каралып бүтө элек. Ага карабастан сот аткаруучулар жогору жактан келген буйрук менен өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин жасап жатышат", - деп жазган ал.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жана Башкы прокуратура Атамбаевдин жазганына комментерий бере элек.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир катар саясатчылар жазага тартылган Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум Бишкек шаардык сотунда 11-августтан тартып карала баштаган. 25-августта судья Лейла Байдаева Алмазбек Атамбаев менен мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин ишин өзүнчө өндүрүшкө бөлгөн. Эки айыпталуучу тең азыр Кыргызстанда эмес.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 3-июнда “Кой-Таш” иши боюнча Алмазбек Атамбаевди 11 жыл 6 айга кесип, мүлкүн конфискация кылган. Атамбаев баш болгон башка айыпталуучулардын адвокаттары райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арызданган.

Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылындагы жер тилкесин сатып алуудагы коррупция, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоодогу жемкорлук, “Терек” сурма кениндеги коррупция иштерине айыпталган.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду буга чейин Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин балансында экенин билдирген.

Атамбаевдин бул үйү 2022-жылы Биринчи Май райондук соту тарабынан конфискация болуп, мамлекеттин менчигине өткөн. Аталган имаратта Балдардын реабилитациялык борбору ачылмак.

Алмазбек Атамбаев 2023-жылы 14-февралда абактан чыгып, Кой-Таштагы үйүнө келген. Ал жерден журналисттерге маалымат жыйынын куруп, соттун чечими менен үй өз менчигинде калганын айткан.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган.
2019-жылы 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди колго түшүрүү операциясында чогулгандар менен күч кызматкерлери кагылышып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91и ИИМдин, УКМКнын 40 кызматкери, калганы жөнөкөй жарандар болгон.

Мурдагы президент 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана эртеси күнү дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек. Ал жакында эле Кой-Таш окуясы боюнча ишти Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунда кароо демилгесин көтөргөн.

Аскарбек Шадиев 2017-жылдын соңунда биринчи-вице-премьер-министр кызматына дайындалып, иштен кеткен соң 2018-жылы ага жалпысынан үч кылмыш иши козголгон. Ал ошол эле 2018-жылы Баткен аркылуу Тажикстанга, андан ары АКШга чыгып кеткени кабарланган.

2018-жылдын 25-декабрында аны сыртынан 10 жылга кесүү жана мүлкүн мамлекетке конфискациялоо боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмү чыккан. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG