Акыркы парламенттик шайлоодон кийинки талаш-тартыш Кыргызстан 2015-жылдан тартып колдоно баштаган автоматтык эсептөө системасы канчалык ишеничтүү деген суроолорду жаратты. Айрым партиялар "автоматтык эсептөө системасын бийлик көзөмөлдөп, добуштардын санын каалагандай өзгөрттү" деп нааразычылык билдирүүдө. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы жана бийлик өкүлдөрү мындай айыптоолор орунсуз экенин айтып жатышат.
Борбордук шайлоо комиссиясы 1-декабрда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын чыгарууда кеткен катаны түшүндүрдү. Боршайком партиялардын добуштары көбөйүп барып, кайра азайышын бир сөз менен айтканда, "партияга берилген добуштарга талапкерлердин добуштары кошулуп кеткен" деп чечмеледи.
Автоматтык эсептөө системасы кандай иштейт?
Боршайкомдун түшүндүрмөсүнө ылайык, саат 20:00дө шайлоо тилкеси жабылат. Шайлоо комиссиясынын, байкоочулардын көзүнчө автоматтык эсептөө үкөктөрдөн жыйынтыктоочу чек басылып чыгат. Чек чыгар замат автоматтык эсептөө үкөгү маалыматты автоматтык түрдө БШКнын серверине жөнөтөт.
БШКнын сервери ал маалыматты автоматтык түрдө Боршайкомдун сайтындагы маалыматтык системага чыгарат. БШКга ишенсек, ушул этапка чейин автоматтык эсептөө системасына эч ким аралаша албайт.
Шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, бул жолку шайлоо жаңы система менен өтүп жаткандыктан, жарандарга түшүнүктүү болуш үчүн кошумча баракча ачылган.
Анда партия жана партиянын тизмесиндеги талапкер канча добуш алганы көрсөтүлмөк. Бирок БШКнын кызматкери кошумча ачылган баракчага маалыматты чыгарууда туура эмес формула жазып, партияга берилген добушка талапкерлер алган добуш дагы кошулуп калган.
“Серверден автоматтык түрдө сайтка чыкты. Бул сайт кеңири маалымдоочу сайт. Бирок буга чейин силердин сайтты түшүнүү кыйын деген кайрылуулар болгондуктан, ыңгайлуу болсун деп кошумча чагылдыруучу баракчаны ачканбыз. Кошумча маалымат берүүчү таблицага туура эмес формула киргизилип ката кеткен. Ал эми кеңири маалымат берүүчү системада өзгөрүү болгон жок. Мен бул ката үчүн кечирим сурайм”.
Борбордук шайлоо комиссиясынын программалык-техникалык камсыздоо жана маалыматтардын коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Аскар Акимбаев катаны мындай түшүндүрдү.
“Мисалы, 33 345 адам “Ата Мекен” партиясына жана ичиндеги талапкерлерге белги койгон. 11 961 адам “Ата Мекен” партиясына гана белги коюп, ал эми талапкерлерге белги койгон эмес. Биз программаны түзүп жатканда партияга берилген добушка талапкерлер алган добушту дагы кошуп, ката кеткен. Ошондон улам 78 651 деген сан чыгып, 6,14 % болуп калган. 78 651 деген сандан талапкерлерге берилген 33 345 добушту алганда 45 306 болуп 3,54 % берет. Бул ката 10-15 мүнөт ичинде оңдолду”.
БШК көрсөткөн таблицага ылайык, “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 88 349 адам добуш берген, анын ичинен 69 598 адам партиянын тизмесиндеги талапкерлерди дагы белгилеген, ал эми 18 751 адам партияга гана белги койгон. Партия алган 88 349 добушка талапкерлер алган 69 598 добуш кошулуп кеткендиктен 157 917 добуш болуп, 12, 33% жеткен.
Анткен менен баштапкы жыйынтык боюнча 5% босогодон өтпөй калган партиялар БШКнын бул түшүндүрмөсүнө ишенбей турат. Алардын өкүлдөрү 29-ноябрда жана 1-декабрда шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен митингге чынышты.
“Азаттык” партиясы менен шайлоого катышкан Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков 1-декабрда автоматтык эсептөө системасында добуштарды бурмалоо мүмкүн экенин билдирип, анын схемасын чийип берген видеокайрылуу жасады.
Келдибековду видеокайрылуусунан кийин атайын кызмат суракка чакырды.
2-декабрда Улуттук коопсуздук кометитинин төрагасы Камчыбек Ташиев саясатчы эмнеге суракка чакырылганын жергиликтүү телеканалдардын бирине түшүндүрүп берди.
"БШКнын сервериндеги иш боюнча коомчулукта айтылып жатат. Бирок анын бюллетендердин санына таасири тийбегенин айтып эле жатабыз. Ага карабастан, Акматбек Келдибеков бул схеманы туура эмес деп, такыр жок схеманы коомчулукка таратып жатканы боюнча чара көрүп жатабыз. Себеби, туура эмес маалымат. Эч качан БШКнын маалыматтык сервери Акматбек Келдибеков айткандай иштебейт. Ал өздөрүнө ылайыкташтырып, коомчулукка жалган маалыматтарды таратып жатат. Ошол себептен, биз аны чакырып, БШКнын сервери кандай иштей турганын, саноо механизми кандай болоорун, мамлекеттик системада мамлекет кандай корголо тургандыгын түшүндүрүп жатабыз", -деди Ташиев.
Акматбек Келдибеков 2-декабрда дагы атайын кызматта суракта болуп чыкты. Суракта Келдибековго Санарип өнүктүрүү министри Дастан Догоев менен БШКнын программалык-техникалык камсыздоо жана маалыматтардын коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Аскар Акимбаев автоматтык эсептөө системасы тууралуу маалымат беришкен.
Атайын кызмат тараткан видео-тасмада Акматбек Келдибеков БШКнын борбордук серверине тыштан кийлигишүү мүмкүн эмес экенине ынангандыгын айткан.
“Буга чейин IT кызматкерлер менен өзүбүздүн билимибизге жараша ар кандай ой-пикирлерди айтканбыз. Ал базаны өзгөрткөнгө БШК мүчөлөрүнүн же башкалардын өзгөрткөнгө мүмкүнчүлүгү жок экенине ынандым. Ошондуктан, шайлоо тилкелериндеги шек жараткан жерлерде добуштарды кол менен эсептегенде шектенүүлөр жокко чыгат”.
Система канчалык ишеничтүү?
Кыргызстанда автоматтык эсептөө системасы менен алгачкы шайлоо 2015-жылы өткөн. 2015-жылдан тарта биометрикалык маалымат тапшырган жарандар гана добуш бере алат.
Жаңы система менен биринчи жолу парламенттик шайлоо өткөргөн БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов шайлоо жыйынтыгы бурмаланат деген күмөн саноолор тууралуу мындай пикирде:
"Мурда сервер БШКнын ичинде болчу. Ал жакка кирген адамдын баары байкоочуларга, мүчөлөргө, аппарат кызматкерлерине көрүнүп турчу. Азыр Боршайкомдун сервери эски имаратта калды, өзү башка имаратка көчүп кетти. Бул дагы ишенбөөчүлүктү жаратат. Ар кайсы жерде адам фактору бар да. Кол санакты канча күндөн бери санап жатат. Преференциалдык шайлоо кылабыз деген ою жакшы болчу. Бирок аткарылышы аягында күмөн санатмак. Ошондуктан муну токтотуш керек деп айткам. Бир жума кол менен санап жатса ким ишенет? Жасады, жасабады деп айта албайм, бирок сервер кароосуз калды, кол санак созулуп кетти".
Автоматтык эсептөө системасынын борбордук серверине кимдер кире алат деген суроо 2015-жылдан бери ар бир шайлоо маалында көтөрүлөт. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова борбордук серверге БШКнын атайын жооптуу адамдарында гана ачкыч бар экенин, бир адам жалгыз кире албай турганын айтты.
Кыргызстанда 2015-жылы автоматтык эсептөө системасы киргизилгенден тартып бул система бюллетендерди үкөккө салуу, карусел, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн сатып же келишип алуу сыяктуу мыйзамсыз көрүнүштөрдү жойду дегендер менен катар, бийлик компьютерден өзү каалаган сандарды жазып алууга шарт түзүлдү деп сындагандар дагы бар.
Укук коргоочу Динара Ошурахунова автоматтык эсептөө системасы Кыргызстан үчүн чоң жетишкендик экенин белгилейт.
“Шайлоо системасын, технологиясын өзгөртүү талабы менен автоматтык эсептөө системасына өткөнбүз. Ошондон баштап үкөктөргө топ-тобу менен бюллетень салуу, кол санак учурунда махинация жасоо, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн сатып алуу деген мыйзам бузууларга чекит коюлган. Шайлоо жыйынтыгы кол санак менен чыгат. Бирок автоматтык эсептөө үкөгү чек чыгарып коет. Ал чек чыккандан кийин мурдагыдай бурмалай албайсың. Бир добуш кошулса же алынса түшүндүрүш керек. Бийлик, саясий партиялар шайлоо жыйынтыгын бурмалай албай турганын түшүнгөндө, шайлоо күнүнө чейин добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонууга өткөн”.
Кыргызстанда 2015-жылдан бери колдонулган автоматтык эсептөөчү үкөктөрдү Түштүк Кореянын “Мирусистемс” компаниясы орноткон. 2021-жылы жаңы шайлоо системасына ылайык, аталган компания жаңы программа орнотуп берген.
Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева электрондук үкөктөрдүн лицензиясы бүтүп калганын айтып келет.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 1-декабрдагы маалымат жыйынында үкөктөрдүн "колдонууга жооп берет" деген сертификаты бар экенин, аны жыл сайын жаңыртуу керек деген талап жок экенин билдирди.
Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өттү. Бул жолку шайлоо 21 жылдан кийин аралаш система менен өтүп, биринчи жолу преференциалдык система колдонулду. Парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет.