Парламенттик шайлоого байкоо салган "Клооп" басылмасы бир катар добуш берүү тилкелеринде протоколдор кайра жазылганы тууралуу видеону 30-ноябрда жарыялады. Басылманын маалыматына караганда, бюллетендерди кол менен эсептеген протоколдордун көчүрмөлөрү адегенде байкоочуларга берилген эмес. Кийинчерээк шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү протоколду жапырт түрдө кайра жазып чыгышкан. Анын себебин так түшүндүрө алышкан эмес деп билдирген "Клооп" басылмасынын видео материалдарды чыгаруу боюнча жооптуу редактору Айдай Токоева "Азаттыкка" маек курду.
- Айдай, "Клооп" басылмасынын байкоочулары 28-ноябрдагы шайлоодо өлкөнүн бардык аймактарына өз байкоочуларын жиберген. Алар топтогон протокол толтуруу жана кайра көчүрүүдө мыйзам бузуулардын видеолорун чыгарып жатасыңар. Мындай учурлар кайсы аймакта эң көп катталды?
- Эң көп деп кайсы бир аймакты бөлүп айтуу кыйын. Жалпысынан биздин байкоочулар 35 аймакты кыдырган. Анын 12синде добуштун эсеби жазылган протоколдорду кайра көчүрүү, алмаштыруу сыяктуу фактыларды көрүштү.
- Бул фактыларды тийиштүү жактарга да көрсөттүңөрбү? Арыз менен расмий органдарга кайрылдыңарбы?
- Албетте, биздин юристтер бардык фактыларды чогултуп, анализдеп чыккандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясына алып барышат. Андан тышкары дагы башка тийиштүү мекемелерге барып, балким сотко берүү жагын да карашат. Негизи ар бир факт боюнча арыздар даярдалат. Негизи протоколдорду алмаштыруу процесси бардык шайлоолордо эле болот. Бирок ар бир протокол эмнеге алмашып жатканы тууралуу шайлоо тилкесиндеги аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү атайын түшүндүрмө жазышы керек. Ар бир өзгөрүүгө акт түзүлүп, эмнеге протокол өзгөргөнүн жүйө келтирген себептер толук камтылышы керек. Азыр болсо аны эч ким жазган жок да. Эми териштире келгенде протоколдордун эмне себептен өзгөргөнүн эч ким билбей калат да. Өзгөрүлгөн протоколдо буга чейин кандай маалымат бар эле, кантип өзгөрдү дегендин изин эч ким таба албай калат.
- Байкоочулар протоколдорду өзгөртүү, кайра көчүрүү себептерин сурап көрүптүрбү?
- Көбүнчөсү "туура эмес толтуруп алыптырмын", "ката кетип калып кайра жазып жатам" деген сыяктуу жоопторду угушкан. Менин байкаганым, аймактык шайлоо тилкелеринде отурган жооптуу кызматкерлер протоколду туура толтуруунун жол-жобосун толук билишпейт экен. Ушундан улам алар бири-бирине барышып, толтуруу жол-жобосун сурап өзгөртүп жатышкан.
- Апрелдеги жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо да ушул сыяктуу көрүнүш болду беле, же акыркы шайлоого эле мүнөздүү өзгөчөлүк катары баалайсызбы?
- Ооба, апрелдеги шайлоодо да протоколдорду алмаштырып, өзгөрткөнү байкалган. Бирок анда жергиликтүү эле кеңештин депутаттары шайланган да. Ал эми бул шайлоо пропорционалдык тартипте өтүп жаткандан кийин кыйыныраак болуп калды деп ойлойм. Анткени эки бюллетень бар, бирөө автоматтык саноо урнасынан өтсө, экинчиси өтпөй калып, ушул сыяктуу учурлар көп болду.
- Айдай, бул ирет силердин байкоочулар кандай тоскоолдуктарга учурады?
- Негизи эле "Клооп" деген сөздү укканда эле биздин байкоочуларды шайлоо тилкелерине киргизбей, "силердин аккредитацияңар жок, бул жакка киргенге болбойт" деп тоскоол болуп жатышты. Бирок биздин юристтер кийин алар менен байланышып, "биз COMAR уюму аркылуу аккредитация алганбыз, байкоочулар кириши керек" деп айтып турушту. Ошондо гана байкоочуларыбыз ичине киришти. Ичине киргенде деле, көбүнчө бизге "ары-бери баспагыла, бир жерде тургула, видео-фото тартпагыла" деп тыюу салып жатышты. Аймактардагы байкоочуларыбыз шайлоо тилкелеринде протоколдор өзгөртүлүп жазылып жатканда да тарттырбай, бирөөсүнүн колунан телефонун жулуп алып, дагы бирөөнүн колун кайрыган учурлар болду. Кийин алар милицияга арыз беришти. Көбүнчө аймактык участкаларга добушканалардан протоколдорду кайра өзгөртүп, же көчүргөнү алып келишет да. Биздин байкоочуларды башка бөлмөгө отургузуп коюшуп "күтө тургула, баары келе элек" деген сыяктуу шылтоолорду айтышып, өздөрү башка бөлмөгө жашырынып кирип алышып, протоколдорду өзгөртүп жатышыптыр. Биздин байкоочулар аны да көрүп калып, ичине кирели десе киргизбей койгон учурлар да болду.
- Өлкө боюнча жалпы "Клооптун" канча байкоочусу шайлоо тилкелерине чыкты? Канча мыйзамдан тыш учурлар катталды?
- Жалпы Кыргызстан боюнча 1400 байкоочу чыкты. Алар 500дөн ашык мыйзам бузууларды байкады. Азыр биздин шайлоо боюнча командабыз протоколдорду алышты. Бирок кээ бир аймактар протоколдорду бербей, айрымдары беришти. Биздин юристтер биринчи түзүлгөн протокол менен акыркы жыйынтыктоочу протоколдорду текшерип, салыштырып жатышат. Ушул боюнча арыздарды чогултуп анан чогуу беришет.
- Демек, мыйзам бузуулар 500дөн да көп болушу мүмкүнбү? Силердин видеолордун чын-бышыгын текшерүү кандай өтөт?
- Балким... Айтайын дегеним, биздин видеодо байкоочу айтып жаткан, арызын берген мыйзам бузуу барбы же жокпу, атайын текшере турган адис-верификаторлорубуз бар. Мен жооптуу редактор катары аларды дагы бир ирет текшерип чыгам. Юристтер менен кеңешкенден кийин гана интернетке чыгарабыз.
Маалымат үчүн: 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.
Шайлоо күнү добуш берүү аягына чыккан учурда БШКнын Маалыматтык шайлоо системасы бир өчүп-күйүп, жыйынтыкта башаламандык жаралган.
Бир катар партиялар жана жарандык коомдун өкүлдөрү муну "көз боёмочулук" деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.
Президент Садыр Жапаров, Борбордук шайлоо комиссиясы жана Улуттук коопсуздук комитет система техникалык адистердин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегенин билдирип жатышат.