Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:36

"Баш ооруйт, мээ кысылат". Сасык тумоо эмне үчүн кооптуу?


Кыргызстанда тумоологон балдар көбөйүп, ооруканалар толуп калды. Дарыгерлер быйыл тараган "Гонконг тумоосу" өтө кооптуу, бирок жалпы эпидемиологиялык абал туруктуу дешет. Бишкекте бир нече бала бакча карантинге жабылды, Баткенде айрым мектептерде окуучулар убактылуу онлайнга өттү.

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын Балдардын инфекциялык оорулары кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Дамирахан Ахунбаева сасык тумоо менен курч респиратордук оорулардын айырмачылыгы жана алардын кесепеттери тууралуу айтып берет.

Дамирахан Ахунбаева.
Дамирахан Ахунбаева.

- Дамирахан айым, саламатсызбы? Кыргызстанда "Гонконг тумоосу" (H3N2) жүрүп жатканы белгилүү болду. Ал кадимки грипптен эмнеси менен айырмаланат?

- Грипп, кыргызча айтсак, сасык тумоо. Анын бир канча түрү бар. Азыркы вирусологиялык изилдөөлөр аныктаган "Гонконг тумоосу" 1968-жылы табылган. Эки жыл аралыгында пандемияга айланып, бир миллиондой кишинин өмүрүн алган. Аябай оор өтөт. Чоң-кичине дебей абалын оорлотуп, өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Азыр андан башка дагы курч респиратордук оорулар күчөп жатат. Аба ырайын байкап жатасыздар. Эртең менен, кечкисин күн суук, түшкүсүн 15-20 градуска чейин жылып кетүүдө. Көчөдө эл, айрыкча окуучулар футболка, жалаңкат көйнөкчөн жүрөт. Күндүз ысыганда тердеп, кечинде чыйрыгып ооруп жатышат.

Курч респиратордук ооруларда дене табы 38ге чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Баш көп оорубайт. Киши чүчкүрүп, мурундан суу куюлушу мүмкүн.

- Курч респиратордук оорулар менен сасык тумоонун кандай айырмасы бар?

- Ар бир оорунун өзүнө таандык клиникалык белгилери болот. Сасык тумоо же грипп экенин кантип билебиз? Инкубациялык мезгил деп коебуз. Тумоо жуккандан белгилери пайда болгонго чейинки убакыт үч күндөн эки аптага чейин созулат. Грипп бир кишиде болсо, эки-үч күн ичинде он кишиге жугушу мүмкүн. Бир үйдө жашагандын баары ооруйт. Дене табы заматта 39-40 градуска чейин көтөрүлүп кетет. Башы-көзү чыдатпай ооруйт. Эмне үчүн? Анткени вирус дем алуу органдары аркылуу денеге киргенде көбөйөт да, уу бөлүп чыгара баштайт. Токсиндер көбөйгөндө кан тамырлар жабыркайт. Кан тамырдын бети жукарып, плазма (кан суюктугу) денеге тарай баштайт. Тери кызарып, канталап калат. Кан тамырлар кеңейгенде суюктук мээге сиңет. Мээ шишип, баш сөөккө батпай калат. Бул учурда өспүрүм же чоң киши болсо башы ооруйт, көзү канталап, кусуп калат.

- Кичине балдарда да ушундай белги болобу?

- Эки жашка чейинки балдардыкын нейротоксикоз деп коебуз. Анын үч фазасы бар. Алгачкы козголуучу же ирритативдик фазасы бир канча сааттан эки күнгө чейин созулат. Бул учурда баланын дене табы 40 градуска чейин көтөрүлөт. Бул маалда тынбай ыйлап, кежигесин артка тартып, кайкалайт. Анан денесин калтырак басат. Анткени мээ шишип, моюн омурткага тыгыла баштайт. Ошол учурда кечиктирбей догдурга алып келүү керек. Бизде көпчүлүк ата-энелер “көз тийди” деп бүбү-бакшыга же молдого дем салдырганы чуркашат. Мээнин омурткага жарым-жартылай тыгылып калганы да кооптуу. Бала майып болуп калышы мүмкүн.

Экинчи фазаны сопор деп коёбуз. Баланын дене табы түшөт, бирок калтыраганы күчөйт. Андан кийин кан куса баштайт да бат эле үчүнчү фазага өтүп кетет. Баланын абалы оорлошуп, сулк жатып калат. Дем алуусу кыйындап бат эле чарчап калышы мүмкүн.

Нейротоксикоз энеси аз кандуулуктан жапа чеккен же боюнда барында стресс болгон, төрөлгөндө бут жагы менен чыгып же киндиги моюнуна оролуп төрөлгөн балдарда көп кездешет. Андай балдар невропатологдордун көзөмөлүндө болушу керек.

- Грипп дагы эмнеси менен кооптуу?

- Кечиктирилгис чара көрчү круп, геморрагиялык, абдоминалдык деген синдромдору бар. Крупта үн байламталары шишип, кысылат. Адамдын үнү чыкпай калышы мүмкүн. Бул сасык тумоодо эле эмес, парагриппте, эрис вирусу, аденовирус козгогон ооруларда, кызамыкта, кептөөрдө да ушундай болот.

Крупта бала кабыргасы менен дем алып, тынбай жөтөлүп калат. Биринчи даражасы бир канча сааттан бир күнгө чейин баланын үнү бүтөт. Уктап жатканда билинбейт бирок ойгонгондо дем алуусу оорлошот. Экинчи даражасында уктап жатканда таноолору кеңейип, кабыргасы менен дем ала баштайт. Үчүнчү даражасында чабалактап, кыйналат. Көкүрөгүнүн кырылдаганы алыстан угулуп, жүрөгүнүн согушу катуулайт. Анан бир маалда алапайын таппай жаткан бала тынчтанып, көшүлүп уктап кетет. Бул белги иске ууланганга окшош болот. Ошол кезде мээ гипоксия болуп, шиший баштайт. Бул аябай кооптуу абал, бат эле үзүлүп кеткен учурлар болгон. Эгер балада ушул белгилер байкалса дароо догдурга алып баруу керек. Же тез жардам келгиче бат-бат жылуу суу ичирип, бутун күйгүзүп албагыдай кылып жылуу сууга салган оң.

Көп эле үйлөрдө азыр ингаляторлор бар. Ошого суу куюп, буусуна дем алдырыш керек. Айрым ата-энелер чөп-чар тундурмасын, антибиотик дарыларды, соода кошуп жасай беришет. Бул туура эмес. Анткени алар круп болгон баланын абалын ого бетер оорлотуп салышы мүмкүн. Жөн эле суудан өтөрү жок. Азыр ооругандар көптүгүнө байланыштуу Тез жардам кечигип жатпайбы. Андай учурда эки-үч саат күтүп отурбай эле такси болсо да чакырышы керек.

Геморрагикалык синдромдо болсо дене табы көтөрүлүп, мурду канайт. Көкүрөгү ачышып, катуу жөтөлөт. Кан түкүрүп калышы мүмкүн. Анткени кан тамырлары кеңейип кетет. Грипптин бул түрүндө баланын денеси канталайт. Майда бүдүрлөр чыгышы мүмкүн. Алар кызылча, кызамык баштаган башка ооруларда да болот. Ошол учурда баланын таманынан өйдө жагына чейин басып көрүш керек. Баскан учурда так өчпөсө түз эле Жугуштуу оорулар ооруканасына жеткирүү абзел. Менингококк козгогон менингококцемия деген түрү бар. Бөйрөк үстүндөгү безди жабыркатып, дене баклажандай болуп карарып кетет. Апрелде ошондой симптом менен алты айлык баланы алып келишти. Шаардын четинде турушат экен, ооруканага жеткиче бир жарым саат өтүп кетип, жолдо чарчап калыптыр. Баланын денеси карайып кеткен экен.

- Жайдын соңунда, күзүндө дагы бир тумоо жүрдү го. Адамдар кусуп, ичи ооруп, дене табы көтөрүлгөнүнө даттанып жатышты. Ал дагы гриппи?

- Оорулар жыл мезгилине жараша болот да. Жайында кармаганын бул жайлык грипп деп коебуз. Бул энтеровирустук жугуштуу оору. Күн ысыкта кездешет да. Адамдын дене табы көтөрүлүп, башы ооруп, кусуп, ичи ооруп, өтүшү мүмкүн. Жайлык грипптин өзүнө мүнөздүү сегизге жакын түрү бар. Биринчиси ошол энтеровирустук ысытма деп коёт. Андан кийин эпидемиялык миалгия деген түрү бар. Цирроздук менингити бар. Анан экзантема деп коет, бул кызамыкка окшоп кетет. Денеси канталап, исиркектер пайда болот да. Бөртмө деп да коёбуз аны. Энцефалит, миокардит жана башка түрлөрү да бар. Курч респиратордук жугуштуу оорулар, вирус козгогон оорулар жылдын кайсы мезгили болбосун кездеше берет. Бирок жай мезгилинде азыраак кездешет.

- Азыр эми тумоо күчөп жатпайбы, кантип сактаныш керек?

- Ар бир адам гигиеналык режимди сакташы керек. Күздө аш-той күчөйт, ал жерге ооругандар да барып алат. Грипп ал жакка канча киши барса, ошонун баарына жугат. Автобуска беткап тагынбай түшөт. Чүчкүргөндө, жөтөлгөндө тарайт да вирус. Башкаларга жугузбайын деген түшүнүк менен жашагандар аз. Адам ооруп калгандан кийин өзүнчө жаткырып, бөлмөнү бат-бат желдетип туруш керек. Ошондо вирус көбөйбөйт. Оорудан сактануунун эң жакшы жолу – эмдөө. Азыр гриппке каршы вакцина келген. Мунун жакшы жери адам оорубайт, ооруса да жеңил өтөт. Эл арасында эмдөө алсам да ооруп жатам дегендер бар. Ал жогоруда айтып өткөн курч респираторлук оорулар болушу мүмкүн.

Азыр эми жаштар көбүнчө жылаңбаш жүрүшөт. Эртең менен башты жууп, фен менен кургатып чыгышат. Анда чач кургабайт, анан башка суук тийет. Арахноид деген жаман оору бар, мээнин чел кабыгы сезгенет. Неврит, невралгия болушу мүмкүн. Менингит болсо адам оорукчан болуп калат. Ушул жерден айта кетчү нерсе, нейротоксикоздун белгилери менингитке окшоп кетет.

- Айырмасы бар да бирок?

- Менингит - бул мээни каптап турган жумшак чел кабыктын сезгениши. Анда да дене табы көтөрүлөт. Сасык тумоодо дары берсең, эки-үч саатта баланын дене табы түшүп, ойноп, тамак ичип калат. Бирок кайра көтөрүлүшү мүмкүн. Менингококк козгогон менингитте дене табы жогору бойдон тура берет. Сасык тумоологон баланын өңү албырып, кызарып турат. Менингитте баланын өңү бозоруп, ээги көгөрөт. Колго алган сайын чыркырап ыйлайт. Териге кол тийген сайын чочуп ыйлайт. Жаткырып койсоң, ынтыгып, кайкалай бериши мүмкүн. Бул аябай кооптуу оору. Бала майып болуп калышы мүмкүн. Анткени мээни ириң курчап калат.

- Негизи тумоолоп, бир аз чүчкүрүп, эт ысыганда эмне кылуу керек?

- Организмде вируска каршы коргоочу заттарыбыз бар да. Аны интерферон деп коюшат. Бизде дене табы 37 градуска жетсе эле чоң-кичине дебей, парацетомол иче калышат. Бул туура эмес. Дары ичкенде интерферон пайда болбойт, бала ошон үчүн көпкө чейин ооруйт. Өпкөсү сезгенип, кабылдап кетиши да мүмкүн. Эгер балаңыз невропатологдо каттоодо турбаса, калтырабаса, кыйналып төрөлбөсө дене табы 39-40ка чыкпаса, дары менен түшүргөнгө аракет кылбаган оң. Дары оору өтүшүп, нейротоксикоз сыяктуу белгилер пайда болгондо догдурдун көрсөтмөсү менен берилиши керек. Бизде болсо дароо эле антибиотик иче коюшат. Ал туура эмес. Анткени дарыга туруктуулук пайда болот.

Дагы бир айта кетчү нерсе, көп үйлөрдө градусник жок. Бизде баланын колу-бутун, чекесин кармап көрүп, муздак болсо дене табы жок деп коюшат. Бирок ошол маалда дене табы 38 градустан ашып кетиши мүмкүн.

Ал эми тумоолоп калганда жылуу сууну көп ичириш керек. Суу ичкенде кан суюлат, заара, тер менен денеден токсиндер чыгып кетет. Жөтөлүп жатканда сироп бере коюшат, ал туура эмес. Анын ордуна суу бере койсо какырыгы жумшарат. Мукалтинди какырык жумшарып калгандан кийин ичсе жакшы. Сорпо ичиш керек. Куурулган, майлуу, тузу өткүр, ачуу же өтө таттуу тамактарды жебеш керек.

- Малина, лимон кошулган чай же суучу?

- Вареньени көп жебеш керек. Айрыкча 1990-жылдардагы балдар Кытайдын витаминдери менен чоңойуп калышты. Алардын балдары аллергиялык оорулар менен төрөлүп жатат.

Аллергиясы бар балага малинанын вареньесин, лимонду, балды абайлап бериш керек. Ар кандай даамы бар, суюк дарыларды да бергенден этияттоо зарыл. Анын ордуна жылуу суу, компот берген оң. Азыр кытай антигриппини деген бар, аны да балага бербеш керек. Аспирин дагы 12 жашка чейинки балага болбойт, аны ачкарын ичсе ашказанды күйгүзүп жара пайда кылат. Парацетамол менен аспиринди бир бергенде бала чарчап калышы мүмкүн. Дары ичип токсидермия болгондор бар, мында тери күйүп калгандай болуп ыйлаакчалар пайда болот.

Азыр келиндер ичинде түйүлдүк барын билбей, тумоолоп калса дары ичип алышат. Турмуш-шарттын айынан төрөгүчө нерв болушат. Ушунун баары курсактагы балага таасир этет. Ичинен эле чарчап калат же ар кандай патология менен төрөлөт.

- Жогоруда кызамык тууралуу айтып калдык, былтыр ооруканаларга бала батпай калды эле. Быйыл абал кандай?

- Кызамык эки-үч айдан бери басаңдап калды. Ага чейин январдан июнга чейин эле ооругандар болду. Кызамыкты аденовирус козгойт. Баланын көзү чылпактап, жарыкты карай албай калат. Дене табы көтөрүлүп, жөтөлө баштайт. Белгилери крупка окшош болот.

Алгачкы үч күндө денеде исиркектер пайда болбойт. Ошол учурда оозунун ичин караш керек. Кызамык болгондо кызарып, жаакта ак тактар пайда болот. Айрым энелер кандидоз болду деп жышат, ал туура эмес.

Үч күндөн кийин дене табы түшүп, кайра көтөрүлүшү мүмкүн. Денесине кызыл тактар чыга баштайт, адегенде кулактын артында пайда болот. Алгачкы беш күн аябай оор өтөт.

Кызамык өтө жугуштуу. Эгер киши кичинесинде аны менен оорубаса же эмдөө албаса дароо жугат. Былтыр төрт жашка чейинки балдар көп ооруп, ооруканага батпай калды. Чарчап калгандар болду. 8 миңден ашуун бала ооруду. Кыргызстан эле эмес, коңшу өлкөлөрдө да күч алды. Бул эми эмдөөдөн качкандыктан болду да. Кызамыкка каршы эмдөө бир жашта берилет, вакцина тепкеден (паротит), кызылчадан да сактайт. 14 жаштан жогору балдарга паротит жукса жаагы, шилекей бези шишип кетет. Жумуртка бези сезгенип, кийин тукумсуз болуп калышы мүмкүн. Кыздардыкы да жумуртка бези сезгенет. Балдардыкы сыртта болуп көрүнүп турса, кыздардыкы ичте болуп билинбей калат. Кийин гинекологдор эмнеге балалуу болбой жатат деп жооп издегенде ушул жагын эске алыш керек. Паротит уйку безди да сезгентет. Ошон үчүн эмдөөдөн өтөрү жок. Эгер боюнда бар келин кызамык менен ооруп калса, баласы жүрөк кемтиги же кулагы укпай, көзү көрбөй төрөлүшү мүмкүн. Баланын апасы кичинесинде кызамык менен ооруса баласы жети-сегиз айга чейин оорубайт. Апасы оорубаса бала 1,5-2 айдан баштап ооруйт. Ошол кезде чарчап калуу тобокелдиги жогору болуп жатпайбы.

- Эмдөө тууралуу айтып калдык. Эмдөө албагандар көбөйсө, мурда жок болуп кеткен оорулар кайра пайда болушу мүмкүн дешет.

- Бизде азыр эмдөөнүн күчү менен кептөөр (дифтерия) жок. 1990-жылдардын башында бул оорудан чоң кишилер да кайтыш болгон. Вакцинанын күчү менен 2000-жылдардын башынан бери кездеше элек. Кептөөрдүн вакцинасы көк жөтөлдөн да сактайт. Тилекке каршы, азыр көк жөтөл күчөп жатат. Эгер көк жөтөл болгон киши ымыркайга жолосо, бала бат эле ооруп калат. Деми кыстыгып, жөтөлүп эле чарчап калат. Ошон үчүн төрөтканадан жаңы эле чыккан ымыркайды көрүп барбаш керек. Бешик тойго деле баланы алып барбай, видеодон көргөзүп коюу жетиштүү болмок. Көк жөтөл эки-үч айга чейин созулат. Ооруган баланы үйгө камабай сыртка чыгаруу керек. Бала жарык күйсө же үндөн чочуса деле жөтөлө берет. Анткени анын очогу сүйрү мээде болот. Берки өпкө ооруларынан айырмасы ушул.

- Тумоологондон кийин ооз-мурунга учук чыгып кетет го. Аны элде айыккандын белгиси катары кабылдашат...

- Учук - иммунитет түшүп кеткенде чыгат. Герпес инфекциясы деп коебуз. Бир жолу чыккандан кийин чыга берет. Адамдын денесинде жашап, үшүп калса же стресс болсо деле чыга берет. Учуктун эки түрү бар. Бири жөнөкөй учук, бул оозу-мурдуга чыгат. Экинчиси оор түрү, зостер (лишай) деп коебуз, иммунитет түшүп, организм алсыз болуп турганда бир жерге топтошуп, сезимтал нервдердин жанына чыгат. Ал аябай оорутат, чоң кишилер да чыдабай кыйналат. Турмуш кура элек жаштар учук чыга берсе дарыланыш керек. Антпесе кийин баласынын ден соолугуна терс таасир этиши мүмкүн.

Дарыгер менен маекти аудиодон толук уксаңыз болот.

"Көз кызарып, баш ооруйт". Сасык тумоонун кесепети
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:28 0:00


Шерине

 

XS
SM
MD
LG