Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Помпео Нур-Султанда Шинжаң маселесин көтөрдү


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео (солдо) менен казак президенти Касым-Жомарт Токаев. Акордо, 2-февраль, 2020-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео (солдо) менен казак президенти Касым-Жомарт Токаев. Акордо, 2-февраль, 2020-жыл.

Нур-Султанга биринчи жолу келген АКШнын мамкатчысы Майк Помпео Казакстандагы өзгөрүүлөрдү кубаттады.

Ал бул сапарында мурдагы советтик республикаларды Шинжаңдагы мусулман азчылыктарына жасалган мамиледен улам Кытайга басым көрсөтүүгө чакырды. АКШнын башкы дипломаты Майк Помпео Украина менен Беларустагы сапарынан кийин Нур-Султанга келип, жекшемби күнү казак бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп кетти.

«Реалдуу реформалар»

Ал «Азаттыктын» казак кызматындагы маегинде Казакстанда «чыныгы реформалар» жүрүп жатканын айтып, Вашингтон бул өлкөдөгү өзгөрүүлөргө көмөктөшүүнү көздөй турганын билдирди.

- Биз жаңы өкмөт чыныгы өзгөрүүлөрдү жасап жатканын көрдүк. Анын чыныгы реформаларды жасай алгыдай түрү бар. Америкалык ишкерлер келип жатканын көрүп жатасыз. Алар шарт жакшырып, чыныгы реформалар жасалып жаткандыктан келип жатышат. Бул даана көрүнүп турат. Америкалык компаниялар мыйзам үстөмдүгү өкүм сүрбөгөн, элин сыйлабаган өлкөлөрдүн бир бөлүгү болгусу келбейт, - деди Помпео.

Вашингтон мунайга бай Казакстанды Орусиянын Борбор Азиядагы таасирин тең салмактоочу мамлекет катары көрөт. Казакстан эгемендик алгандан бери бир катар америкалык мунай компаниялары Каспий деңизинде кара май өндүрүүчү биргелешкен ишканаларга миллиарддаган доллар жумшаган.

- Биз Борбор Азиядагы ар бир мамлекет аймактагы башка өлкөлөрдүн вассалы эмес, өз алдынча жана эгемен мамлекет болушун каалайбыз. Биз алар өздөрүнө гана таандык кайталангыс маданиятын өнүктүрүшүн каалайбыз, - деп кошумчалады Майк Помпео.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео «Азаттыктын» казак кызматынын журналистинин суроолоруна жооп берип жатат. 2-февраль, 2020-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео «Азаттыктын» казак кызматынын журналистинин суроолоруна жооп берип жатат. 2-февраль, 2020-жыл.

Адам укуктарынын абалы

Америкалык дипломат 2-февралда казак президенти Касым-Жомарт Токаев жана мурдагы президент Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул жолугушууда Токаев эки тарап талкуулашы керек болгон «көптөгөн» маселелер бар экенин, казак тарап кезинде АКШ Казакстандын эгемендигин биринчилерден болуп тааныганын «унутпай турганын» белгиледи.

Казакстанда былтыр президент алмашканы менен адистер өлкөдө туңгуч президенттин же учурда Коопсуздук кеңешин жетектеген Нурсултан Назарбаевдин өкүмү күч экенин белгилешет. Казак оппозициясы Назарбаевди сынчыл көз караштагы саясатчыларды куугунтуктап, шайлоолорду бурмалаганы үчүн кескин айыптап жүрөт. Былтыр Токаевди бийликке алып келген президенттик шайлоо да миңдеген адамдардын нааразылыгы менен коштолуп, полиция аларды ырайымсыз камакка алган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео «Азаттыктагы» маегинде Казакстандагы адам укуктарынын абалына да токтолуп, «ар бир мамлекет бул маселени өзү туура чечкенди» билиши керек экенин айтты.

- Казакстандын эли талап кылышы керек. Алар бул тууралуу талкууну улантышы зарыл, - деди Помпео.

Шинжаң маселеси

Америкалык дипломат Нур-Султандагы сапарында Шинжаң маселесин да козгоду. Помпео Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди катышкан басма сөз жыйынында Казакстандын бийлигин Кытайдын Шинжаң аймагынан качып келген улуттук азчылыктарга башпаанек берүүгө чакырды. Бирок анын мындай билдирүүсү боюнча казак дипломаты үн каткан жок. Муну улай мамкатчы туугандары Кытайдагы «саясий кайра тарбиялоо лагерлеринде» кармалып турганын айткан кытайлык казактар менен да жолукту.

Майк Помпеонун кытайлык казактар менен жолугушуусу, Нур-Султан шаары. 2-февраль, 2020-жыл.
Майк Помпеонун кытайлык казактар менен жолугушуусу, Нур-Султан шаары. 2-февраль, 2020-жыл.

Ал «Азаттык» менен маегинде мурдагы советтик республикаларды Шинжаңдагы мусулман азчылыктарына жасалган мамиледен улам Кытайга басым көрсөтүүгө чакырды.

- Шинжаңда болуп жаткандар тууралуу сөз кылсак, биз Кытай өкмөтүнө да, бүгүнкү иш сапарында Казакстандын өкмөтүнө да так айттык. Биз ар бир адамга татыктуу мамиле кылынышын күтөбүз. Ал жерде болуп жаткандар буга шайкеш келбейт. Казакстандын өкмөтү жакшы иш кылды. Алар Кытай өкмөтү сураган адамдарды өткөрүп берген жок. Биз буга кубанып турабыз. Бирок бул маселе чечилиши керек экенин билебиз, - деди Помпео.

Кытайдын Шинжаң аймагында уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу жергиликтүү мусулман коомчулугун жүз миңдеген өкүлдөрү лагерлерде негизсиз кармалып турганы кабарланып келет. Расмий Бээжин шинжаңдыктардын укугу бузулуп жатканы тууралуу маалыматтарды четке кагып, мындай лагерлерди «кесипке үйрөтүүчү борборлор» катары мүнөздөп жүрөт.

Кыргызстанды кыйгап өткөн сапар

Айтор, мындай билдирүүлөрдөн кийин Майк Помпео 2-февралдын кечинде Өзбекстанга учуп кетти. Ал дүйшөмбү күнү Ташкентте өзбек лидери Шавкат Мирзиёев менен жолугуп, Борбор Азиянын беш мамлекетинин тышкы иштер министрлери менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын Чыгыш Европадагы жана Борбор Азиядагы бул сапарларына Кыргызстан кирген жок. АКШнын Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык жана грин-карт визаларын берүүнү чектеген чечими да Помпео Борбор Азияга келер алдында жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги президент Дональд Трамптын администрациясынын мындай чечимине өкүнүп жатканын жана бул Кыргызстан менен АКШнын алакасына сезилерлик зыян тийгизгенин 1-февралда билдирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG