Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Референдум өттү, алдыда парламенттик шайлоо


Бишкектин бир добушканасынан көрүнүш, 27-июнь.
Бишкектин бир добушканасынан көрүнүш, 27-июнь.

27-июнда Кыргызстанда референдум өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымдоосуна караганда, добуш берүү үчүн тизмеге киргизилгендердин 69% ашууну референдумга катышты. Референдумга жаңы Конституцияны кабыл алуу жана Роза Отунбаевага 2012-жылга чейин президенттик ыйгарым укуктарды берүү суроосу коюлду.

27-июнга белгиленген референдумга катышууга укугу бар 2 млн. 767 миңден ашуун жаран катталган.

Жекшемби күнү кечки саат 9га карай алардын ичинен 1 млн. 912 миңден ашуун шайлоочу же тизмеге киргизилгендердин 69% ашууну добушун бергенин БШК маалымдады.

Алгачкы бюллетен саноолорго караганда, референдумга катышкан адамдардын көпчүлүгү “макул” деген добуш берген.

Муну менен кыргыз калкы жаңы Конституцияны кабыл алды жана Роза Отунбаевага 2012-жылга чейин президенттик ыйгарым укуктарды бергени айкын болууда.

Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева өзү болсо добушун Ош шаарында берди.


Жакында эле түштүк жергесинде болгон калабага байланыштуу референдумдун мөөнөтүн которууну айрым саясатчылар сунуштаган. Алардын катарында “Ата Журт”, “Эл арманы”, “Бүтүн Кыргызстан” партиялары жана алардын лидерлери болгон.

“Ата Журт” партиясынын лидерлеринин бири Өмүрбек Субаналиев референдумдун жыйынтыгы, ага катышкан адамдардын саны боюнча берилген маалыматтар шектүү экенин билдирди:

- Бүгүнкү күнү элдин көбү катышкан жок. Биздин байкоочулардын алдын-ала маалымдоосу боюнча ушундай болгон. Биз башында эле декреттер мыйзам бузуулар менен кабыл алынганын белгилегенбиз. Мисалы үчүн, качкындар документи жок көрүнгөн жерде добуш бере берсин дегени, үкөктөрдү базарларда, бардык жерлерде көтөрүп жүрүштү. Булар боюнча бизде актылар бар. Референдумда кошуп жазуулар болгону оркоюп көрүнүп турат. Аны биз билип турабыз. Ал боюнча атайын кайрылуу жасайбыз.

Бирок Суваналиев “Ата Журт” партиясы жарыялана турган парламенттик шайлоого даярдыгын белгиледи.

500 шайлоо бекетине экиден байкоочу койгон “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова референдумга чындыгында элдин активдүү келгенин белгилеп, бирок элдин катышуусу боюнча так маалыматты азырынча бере албастыгын белгиледи. Ушундай эле пикирин Ош облусунда адам укуктарынын сакталышына байкоо салып жүргөн “Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдырасулова да билдирди.

БШКнын маалымдоосуна караганда, референдумдун жыйынтыгы бир жумадан кийин расмий түрдө жарыяланат.

Конституциялык кеңешменин катчысы Данияр Нарынбаевдин айтымында, референдумдун жыйынтыгы жарыяланган соң өкмөт парламенттик шайлоонун мөөнөтүн дайындайт. Шайлоо сентябрь айынын баш чендерине белгиленип калышы мүмкүн.

“Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов парламенттик шайлоо мурда айтылгандай октябрь айында өткөнү туура болот:

- Эмнегедир Убактылуу өкмөт бирди айтып коет, анан мезгил өткөндөн кийин шарттарды өзгөртүп, кайра өзүнүн бир саясий оюндарын баштап жатат. Бир нерсени түшүнүш керек, канчалык булар шаштырбасын эгер элдин пикири тескери бурулса, эгер эл добуш бербесе, бир ай болобу, эки ай болобу, сентябрь болобу, октябрь болобу андан эч нерсе өзгөрүлбөйт. Албетте саясий технологдор буларга айтып аткандыр, күндөн-күнгө Убактылуу өкмөттүн аброю түшүп баратат, элдин пикири бузулуп баратат, ошон үчүн тездеткиле деп.

Ошол эле мезгилде шайлоону кечеңдетпей, тезирек укуктук талаага кирүү керек дегендер да жок эмес. Маселен Орозбек Молдалиев шайлоону бери көздөй мүмкүн болушунча убактысын жылдырса туура эле болот эле дейт.

Дагы бир саясат таануучу Марс Сариев да легитимдүүлүктү тезиреек алып келүү максатка ылайыктуу деген пикирде экенин айтты:

- Менин оюмча, референдум өткөндөн кийин легитимдүүлүк болуш үчүн парламенттик шайлоону эртерээк эле өткөрсө жакшы болмок. Легитимдүү болуп баары иштей башташ керек. Мына көрүп жатасыңар, чоң мамлекеттер да (Кыргызстан боюнча) бир сөз таппай башка оюндарын баштап жатат.

27-июнда кечки саат 11:20га карай бюллетендердин 23 % иргелип, ал боюнча добуш берүүгө катышкандардын 62 % жакыны макул, 7 % жакыны жок деп добушун берген.

Эгерде бул тенденция сакталып, Конституция кабыл алынса, Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр ичинен биринчи болуп парламенттик башкаруу системасына өтөт.

Жаңы Конституцияга ылайык парламент 120 депутаттан турат. Шайлоодо жеңген партия өкмөттү түзүү укугуна ээ болот. Бирок канчалык көп добуш албасын бир дагы партия 65тен ашык депутаттык мандатка ээ боло албайт.

Парламенттик шайлоо өз нугунда өтүп, өлкө туруктуу өнүгүүгө жол алса келерки жылы күз айларына карай президенттик шайлоо өткөрүлүүгө тийиш.

Президенттин ыйгарым укуктары жаңы Конституцияда бир топ кесилгенге карабай президент болуу үчүн аракеттенгендер аз болбошу турган иш. Ал эми босогодо турган парламенттик шайлоого аттануу үчүн Убактылуу өкмөттөгү бир топ лидерлер кызматын таштарын билдирүүдө. Маселен, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев мына ушундай пикирлерин 27-июнда ачыкташты.

Булардан сырткары социал-демократтар, Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров, Эмилбек Каптагаев да шайлоого камданып жатканы белгилүү.

Ал эми оппозициядан болсо акыркы мезгилде олуттуу күчкө айлана баштаган “Ата Журт” партиясы коркунучтуу атаандашка айланып баратат. Дал ошол коркунучту сезген бийлик УКМКнын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев аркылуу Камчыбек Ташиевге эскертүү бергендей болду. Бирок андай эскертүүлөр тескери роль ойноору мурунку тажрыйбалардан белгилүү.

Убактылуу өкмөттүн жетекчилери 27-июнда добуш берүүдө коопсуздук сакталып, добуш берүү тынч мүнөздө өткөнүн белгиледи.

Тасмада: Роза Отунбаева: Референдум боюнча соңку сөз

Р. Отунбаева: Референдум боюнча соңку сөз
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:50 0:00
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG