Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

"Наристемдин балалыгын уурдабагыла!"


Биби Роза
Биби Роза

Пакистанда алты жаштагы кызды айыл аксакалдары эки уруу ортосундагы кастыкка чекит коюш үчүн жекшембиде күчтөп эрге берүүнү буйрушту. Той күнү жакындаган сайын кыздын ата-энеси жанталашып перзентин сактап калууга аракет кылышууда.

Пакистандын түндүк-батышындагы алыскы тоолуу аймакта жашаган эл адатта ич-ара кастык, араздашууларын мыйзамый жол менен эмес, каада-салтына карап эле чечип көнгөн.

Уруулардын же үй-бүлөлөрдүн ортосунда чыр чыкса, аларды “жырга” деп аталган уруу аксакалдарынын тобу эле карап туруп өкүмүн чыгарып койот. Непада кайсыл бир тарап “күнөөлүү” деп табылып калса, анда ал капа кылган тарабынын көңүлүн алыш үчүн жер, акча, же кунун төлөшү зарурат. Буга окшогон айрым жагдайларда жырга ошол күнөөлүү тарапты “свара” деген салтты аткарууга да буюрат, башкача айтканда, кыз берип кастыкты токтотууга чакырат.

Бул элде кылымдардан бери колдонулуп келаткан “свара” салты касташкандарды кан төгүүдөн токтотуп, урушту алдын алыш үчүн сейрек болсо да, баары бир колдонулуп келген. Ага көп деле каршылык болгон эмес.

Өткөн жумада Сват өрөөнүндөгү жырга ошондой бир чечимин чыгарды. Анын буйругуна ылайык, душманына кызын берүү менен бул үй-бүлө эки уруунун ортосунда араздашууга чекит коюшу лаазым. Эгер эми ошол аксакалдардын буйругу аткарыла турган болсо, анда Биби Роза деген алты жаштагы кыз ушул жекшембиде, 11-ноябрь күнү, душман тараптын жигитине турмушка чыгат.

Кан бере албаган кун берип...

Азыр ал кыздын ата-энеси перзентин эптеп күч менен турмушка берүүдөн сактап калыш үчүн Сваттагы сотко да, аймактык өкмөткө да, керек болсо, Пакистандын Юстиция министрлигине да жырганын чечимин жокко чыгарууну сурап кайрылышты. Кыздын ата-энеси азыр берки уруудагы 16 жаштагы жигитке кызын күчтөп турмушка берүүдөн сактап калганга өздөрүнүн күчү такыр жетпей турганын айтышат.

Кыздын 56 жаштагы атасы Азим Хан чечимди чыгарган аксакалдарга далай ирет кайрылып, кызына ырайым кылууну сураган - эч пайда болбоду. Керек болсо, жергиликтүү полиция да бул кишиге “айла жок, жырганын өкүмүн аткарышыңыз керек” деп гана тим болгон экен.

Азим Хан азыр аксакалдардын айтканын аткарбай койсо, эки үй-бүлөнүн ортосунда кастык башталаарын, келинсиз калгандар “намысын коргош үчүн” буларга кол салууга да акысы бар экенин айтат.

"Аксакалдар сотунун мүчөлөрү мага: “Сиз өзүңүз кызыңызды тиги үй-бүлөгө турмушка бергенге макул болбодуңуз беле?”, - дешет. Ооба, мен макулмун дегем. Бирок мени буга полиция мажбурлады да. Азыр мага алар кызым ушул жекшембиде эрге тиет дешти. Мен аларга кайрылып, азырынча кызымды эрге бере албайм деп өтүндүм", - дейт Розанын атасы.

Жергиликтүү полициянын башчысы Шах Дауран кыздын атасынын сөзүн жалган деп, полиция жырганын чечимдерине эч аралашпай турганын айтты. Ага кошумча, Шах ал кыздын жашы белгилүү болуп калгандан кийин бул боюнча кылмыш ишин козгогонун кабарлады.

Розанын апасы да азыр наристе кызын эрте турмушка чыгуудан сактап калыш үчүн бүтүн мусулмандарга кайрылып, жырга чечимин кайтарсын деп жалбарды.

"Наркы үй-бүлө азыр бул сүттөй ак балам “свара” салтын көрүшүн каалап жатат. Аксакалдар кызымды жекшембиде эрге берилсин дешти. Мен алардан кызыма ырайым сурадым, ал болгону алты гана жаштагы бейкүнөө наристе. “Аны менден тартып албагыла, балалыгын уурдабагыла”, - дедим. Жамы мусулмандар муну жакшылап ойлонушу керек. Мен өкмөттөн да кызымды сактап калгыла деп жардам сурап атам", - дейт айласы кеткен эне.

Үмүт

Биби Розанын үй-бүлөсүнүн аны эрге берилсин деген үй-бүлө менен араздашуусу кыздын жеңесинин айынан чыккан. Ал мурда башка жигит менен сүйлөшүп, сөйкө салынгандан кийин Розанын агасына турмушка чыккан экен. Буга ал кыздын мурдагы жигити ызаланып, өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн эл алдында жүзүн сактап калыш үчүн жыргага кайрылган.

Дал ушундай үй-бүлөлөр, уруулар ортосунда жаңжалды жайгарыш үчүн кыз берип, кыз алуу салты же “свара” Пакистандын түндүк-чыгышындагы Сват өрөөнүндө, Хайбер-Пахтункхва вилаетинде, Федералдык башкаруудагы Уруулар аймагында кеңири колдонулуп келген.

2004-жылы жумурияттын парламенти бу салтты кылмыш деп таап, ал үчүн күнөөлөнгөндөр кеминде үч жылга түрмөгө отурат деген чечимин чыгарган эле. Бирок салтка катуу турган региондордо бул өңдүү учурлар дале колдонулуп жүрөт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG