Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

Пакистан жетекчилиги АКШнын пилотсуз учактарына каршы


Пакистандын Тышкы иштер министри Шах Мехмуд Курейши жана АКШнын Түштүк Азия боюнча атайын чабарманы Ричард Холбрук пресс-конференцияда. Исламабад, 7-апрель 2009
Пакистандын Тышкы иштер министри Шах Мехмуд Курейши жана АКШнын Түштүк Азия боюнча атайын чабарманы Ричард Холбрук пресс-конференцияда. Исламабад, 7-апрель 2009

Исламабад менен Вашингтон “ал-Каидага” жана талиптерге каршы согушта чогуу аракеттенели деп, бири бирине сөз беришкен. Ага карабай, Пакистан жана АКШ арасында экстремизмге каршы күрөштүн тактикасы боюнча карама-каршылык өсүп баратат кейпи.

Пакистан айрыкча Ооганстанга чектеш аймактарында талиптер менен «ал-каидачыларга” каршы АКШнын пилотсуз учактарды колдонуусуна нааразы. Бул жөнүндө тышкы иштер министри Шах Мехмуд Куреши 7-апрелде АКШнын атайын чабарманы Ричард Холбрук менен Исламбадда кездешкен соң билдирди:

-Биз пилотсуз учактар жөнүндө сүйлөштүк. Ачыгын айтсам, эки ортодо бул маселе боюнча келишпестик бар. Ал тууралуу сүйлөшүүнү Вашингтондо кездешкенибизде улантабыз.

Исламаббадагы пресс-конференция: Ким кимди ишендирет?
Учкучу жок учактарды Пакистан тараптан Ооганстанга кирип турган исламчыл согушчандарга каршы пайдалануу натыйжалуу болгондуктан, бул тактиканы кеңири колдонууга президент Обама дилгир экенин “Нью-Йорк Таймс” гезити 6-апрелде жазган. Ырасмий Исламабад пилотсуз учактар эл ичинде анти-америкалык нааразылыктарды күчөтөт деп санайт. Ырасында эле, пакистандык айырым саясый партиялар пилотсуз учактар өлкөнүн эгемендигине шек келтирет жана АКШнын жаңы стратегиясы Пакистандын элдешкис душманы Индияны кубаттандырат деп, калаба салууда.
Пакистан жана Индия 1947-жылы Британиядан эркиндик алгандан бери Кашмир аймагы үчүн үч жолу салгылашкан.


АКШнын Түштүк Азия боюнча атайын чабарманы Ричард Холбрук шейшемби күнкү сапары учурунда пакистандыктарга кайрылып, алардын коопсуздугуна баарынан мурда ислам экстремисттери коркунуч туудурарын айтты:

-Биз Пакистандын жана Американын кызыкчылыгы окшош экенине ишенебиз: Кошмо Штаттар менен Пакистандын стратегиялык коркунучу бирдей, жалпы душманы жана түйшүгү окшош болгондуктан, алдыдагы милдеттери да окшош.

Фарзана Шейх- «Чатам хаус» катары белгилүү Лондондогу Эларалык байланыштар боюнча падышалык институтун талдоочусу. Анын айтышынча, азыркы АКШ жетекчилиги “Пакистанга мурдакыдан туура мамиле жасоодо”. Анткени, Буш президент кезде Вашингтон президент Мушаррафты терроризмге каршы согуштагы негизги таянычы деп билген. Обама жаңы стратегиясында, биринчи кезекте, Пакистандын али кубатсыз демократиялык институттарын колдоп, өкмөткө жардамды экстремисттик топторго каршы күрөштүн ийгилигине жараша бериле турганын шардана кылган. Ислам согушчандары, Холбрук айткандай, Пакистандын Индиядан да коркунучтуу душманы экенине пакистандык генералдар менен көпчүлүк калкты ишендирүү үчүн ондогон жылдар керек, дейт Фарзана Шейх:

-Негизинен Индия менен болгон чатак пакистандык аскерлерге саясый жактан пайдалуу болду. Пакистан аскерлери өз ыктыяры менен саясый жанкечтиликке барарына ишенбейм. Бул, менин оюмча, аскерлер ойлогондой ишенимдүү стратегия эмес.

Пакистан жана Индия 1947-жылы Британиядан эркиндик алгандан бери Кашмир аймагы үчүн үч жолу салгылашкан. Индиянын маалымат булкатарынын кабарлашынча, Жаңы Делини президент Барак Обаманын жаңы стратегиясында Пакистандын ислам экстремисттерин колдогону жөнүндө ооз ачпаганы кыжаалат кылган.

XS
SM
MD
LG