Абхазиядан, Армениядан келген машиналар 1-мартта мыйзамдаша баштайт
Жогорку Кеңеште министрликтердин жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү абхаз, армян номурлуу унааларды легалдаштыруу боюнча мекеме аралык жумуш тобунун мүчөлөрү маалымат беришти. "Биринчи бардык керектүү документтери бар унааларды мыйзамдаштыруу, документтери жок, бирок техникалык талаптарга жооп берген машиналарды каттоо каралат", - деди депутат Марлен Маматалиев. Ал учурда мыйзамсыз жүргөн унааларга рейддер уланып жатканын айтып, Абхазиядан, Армениядан мыйзамсыз алынып келген унааларды айдабай турууга чакырды. Президент Садыр Жапаров былтыр 31-декабрда Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келди делген Абхазиянын, Армениянын жана Орусиянын номуру менен жүргөн автоунааларга байланыштуу жарлык чыгарган. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда Армениядан, Абхазиядан мыйзамсыз ташылып келген 15 миңдей машине бар экенин 2024-жылы 11-декабрда парламентте билдирген. Анын сөзүнө караганда, көбү өлкөгө автоунаанын тетиги деп алынып келген, 15 миңдей машиненин 90% документи жок.
DemirBank "Керемет банк" менен операция жүргүзүүнү токтотту
DemirBank АКШнын Каржы министрлиги санкция салган “Керемет банк” менен төлөм жана акча которуу операцияларын токтотконун билдирди. Банктын сайтындагы маалыматка ылайык, 31-январдан тартып DemirBank аркылуу чет өлкөлүк жана улуттук валютада "Керемет банктын" кардарларына төлөм жана которуу операциялары жүргүзүлбөйт. Ушундай эле акча операцияларын "Керемет банктын" кардарлары дагы жүргүзө алышпайт. DemirBank мындай чектөөнүн себебин жана мөөнөтүн ачыктаган жок. "Керемет банк" менен кызматташууну убактылуу токтотконун буга чейин “Бакай банк” да жарыялаган. 15-январда АКШнын Каржы министрлиги чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын жаңы санкциялар топтомун жарыялаган. Анын ичинде “Керемет банк” да "кара тизмеге" илинген.
Кыргыз бийлиги муктаждык болсо мигранттарды алып келүү үчүн АКШга учак жөнөтүүгө даяр экенин билдирди
Жогорку Кеңеште АКШда мыйзамсыз жүргөн кыргызстандыктар чыгарыла турган болсо, аларды мекенине алып келүү маселеси талкууланды. Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев миграцияда жүргөн жарандар үчүн күнү-түнү иштеген байланыш телефондору бар экенин, ар дайым юридикалык жардам жана кеп-кеңеш берилерин белгиледи. “Керек болсо, биз учак жөнөткөнгө даярбыз”, - деди Имангазиев. Учурда АКШда мыйзамсыз мигранттарга карата рейддер өтүп, аларды депортациялоо жараяны уланууда. Президенттик кызматка жаңы киришкен Дональд Трамп иммиграция маселесине жана Мексика менен чек арага байланыштуу жарлыктарын АКШнын улуттук коопсуздугун жана суверендүүлүгүн коргоо аракети менен түшүндүргөн.
Израил "Хезболланы" жарашуу келишимин бузду деп, Ливандагы буталарга сокку урду
Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) жума күнү “Хезболла” уюмунун Бекаа өрөөнүндөгү жана Сирия-Ливан чек арасындагы бир нече жайына сокку урганын билдирди. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жазды. Маалыматка караганда, курал-жарак жасалган жертөлөлөр, Ливанга багытталган аткезчиликтин башка жолдору бутага алынды. Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Бекаа өрөөнүндө Израилдин соккусунан эки киши каза болгонун, 10 киши жаракат алганын билдирди.Бейшембиде Израил “Хезболла” тараптан учурулган көзөмөл дронун колго түшүргөнүн айтып, муну “ок атууну токтотуу келишимин одоно бузуу” деп атады. “Хезболла” менен Израил өткөн ноябрда жарашууга жетишип, 2023-жылы Газа тилкесинде башталган согуштан бери уланып келаткан жаңжалга чекит коюлган. Ок атышууну токтотуу келишими узартылгандан бери Израиль Ливандын аймагына бир нече жолу сокку урду. Маалыматка караганда, натыйжада 100 киши каза тапты жана жарадар болду.
Орусиялык дрондор Одесса облусуна cокку урганда төрт киши жабыркаганы маалымдалды
Аймактын аскердик администрациясынын жетекчиси Олег Кипер билдиргендей, жергиликтүү оорукана, жер там, административдик имарат, буудай кампасы жана оор машиналар зыян тартты. Андан тышкары калаанын бир бөлүгүнө жана жака белиндеги конуштарга электр жарыгын берүү кыйындады. Ал жараат алгандардын арасында сокку учурунда операция жасап жаткан бир дарыгер бар экенин билдирип, Орусия үч күндөн бери Одесса облусунун “үрөйүн тынымсыз учуруп жатканын” кошумчалады. Кечээ кечинде орус армиясы Дунай дарыясындагы украин портторуна кайрадан чабуул кое баштаганы кабарланган. "Одесса INFO" телеграм-каналы Измаил портунун айланасында жардыруулардын үнү угулганын жазды. Черкассыда орусиялык дрондун сыныктары кулаганда көп кабаттуу үйдө өрт тутанды. Украинанын чукул кырдаалдар кызматы бир балкон зыян тартканын, эч ким жабыркабаганын маалымдады.
Актауда кызды уурдап зордуктагандардын бири өмүр аягына чейин кесилди
Казакстандын Маңгыстау облусунун Актау шаарынын апелляциялык соту 29 жаштагы Алина Серикованын өлүмү боюнча айыпталгандардын өкүмүн кайра карады. «Лада» басылмасы жазганы боюнча, негизги айыпталуучу Нургелды Сейткалиев өмүр аягына чейин кесилди. Дагы бир фигурант Еркебулан Аманкос 16, Аралбай Мерей, Жалгас Усенгалиев жана Дархан Кулбас 13 жылга эркинен ажыратылды. Алар ошондой эле маркумдун үй-бүлөсүнө 50 миллионго жакын тенге материалдык жана моралдык кенемте катары төлөп берүүгө милдеттендирилет. Айыпталуучулардын өкүмгө макул болуп-болбогону кабарланган жок. Фитнесс-тренер Алина Серикованы былтыр 14-майда маңзат колдонуп алган беш эркек сабап, уурдап кеткени аныкталган. Кийин аны да наркотикалык зат колдонууга мажбурлап, зордукташкан. Соттун басма сөз кызматы маалымдагандай, маркумду опузалап, банктан кредит алдырышкан. Мындай аракеттерден кийин ал өз жанын кыйган.
Шерине