Орусиянын Волгоград облусунун губернатору Андрей Бочаров 31-январда мунай иштетүүчү ишканага дрон соккулары урулганын билдирди. Ал заводго бир пилотсуз учактын сыныктары кулаганын, тутанган өрт тез өчүрүлгөнүн жана жарадар болгон бир жумушчу ооруканага жеткирилгенин айтты.
Ага чейин Телеграм-каналдар жергиликтүү тургундарга шилтеме менен Красноармейск районундагы мунай иштетүүчү ишкана тарапта жарылуу, ок атуу угулганын маалымдашкан. Shot каналы жазгандай, күбөлөр түнкү саат үчтөн тарта дрон жана жарылуу добуштарын уга баштаган.
«Свобода» радиосу Волгограддагы өнөр жай зонасында ЛУКОЙЛ компаниясынын мунай заводу, жылуулук электростанциясы, мунай базасы жана дагы бир нече ишкана чабуулга кабылганын маалымдады.
Маалыматка караганда, былтыр украиналык дрондор үч жолу ал жактагы мунай иштетүүчү заводго чабуул койгон же сокку урууга аракеттенген.
Ал эми Baza Воронеж облусунда дрон жолдо кетип бараткан машинага тийгенин, айдоочу жарадар болгонун жазды.
Орусиянын Коргоо министрлиги жумага караган түнү өлкө аймагынын үстүнөн 49 пилотсуз учак атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Украинанын аскерлери же расмий адамдары мунай ишканасына болгон соккуга байланыштуу үн ката элек.
Ушул эле күнү орус армиясы Одесса облусундагы Черноморск шаарын аткылаганда төрт киши жабыркаганын жергиликтүү бийлик билдирди.
Шерине