Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:39

Орусиялык дрондор Одесса облусуна cокку урганда 4 киши жабыркаганы маалымдалды


Одесса облусуна буга чейин урулган соккудан жабыркаган турак жай. Украина, ноябрь 2024-жыл
Одесса облусуна буга чейин урулган соккудан жабыркаган турак жай. Украина, ноябрь 2024-жыл

Орусиялык дрондор Одесса облусундагы Черноморск шаарына сокку урганда 4 кишинин жабыркаганын аймактын аскердик администрациясынын жетекчиси Олег Кипер билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү оорукана, жер там, административдик имарат, буудай кампасы жана оор машиналар зыян тартты. Андан тышкары калаанын бир бөлүгүнө жана жака белиндеги конуштарга электр жарыгын берүү кыйындады.

Кипер жараат алгандардын арасында сокку учурунда операция жасап жаткан бир дарыгер бар экенин билдирип, Орусия үч күндөн бери Одесса облусунун “үрөйүн тынымсыз учуруп жатканын” кошумчалады.

Кечээ кечинде орус армиясы Дунай дарыясындагы украин портторуна кайрадан чабуул кое баштаганы кабарланган. "Одесса INFO" телеграм-каналы Измаил портунун айланасында жардыруулардын үнү угулганын жазды.

Черкассыда орусиялык дрондун сыныктары кулаганда көп кабаттуу үйдө өрт тутанды. Украинанын чукул кырдаалдар кызматы бир балкон зыян тартканын, эч ким жабыркабаганын маалымдады.

Украин куралдуу күчтөрү Орусия жумага караган түнү 102 пилотсуз учак менен сокку урганын, 59у атып түшүрүлгөнүн, 39у радарлардан жоголгонун билдирди.

Далилдерге карабай Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы карапайым тургундар жашаган аймактарга сокку урганын четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага аларын билдирет.

Шерине

XS
SM
MD
LG