Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

Актауда кызды уурдап зордуктагандардын бири өмүр аягына чейин кесилди


Казакстандын Маңгыстау облусунун Актау шаарынын апелляциялык соту 29 жаштагы Алина Серикованын өлүмү боюнча айыпталгандардын өкүмүн кайра карады.

«Лада» басылмасы жазганы боюнча, негизги айыпталуучу Нургелды Сейткалиев өмүр аягына чейин кесилди. Дагы бир фигурант Еркебулан Аманкос 16, Аралбай Мерей, Жалгас Усенгалиев жана Дархан Кулбас 13 жылга эркинен ажыратылды.

Алар ошондой эле маркумдун үй-бүлөсүнө 50 миллионго жакын тенге материалдык жана моралдык кенемте катары төлөп берүүгө милдеттендирилет.

Айыпталуучулардын өкүмгө макул болуп-болбогону кабарланган жок.

Ага чейин прокурор соттон негизги фигурантты өмүр аягына чейин, калгандарын 15-16 жылга кесүүнү сураган. Алардын бардыгы зордуктоо, сексуалдык зомбулук, өз жанын кыюуга жеткирүү, маңзат колдонууга күчтөп көндүрүү, адамды эркинен ажыратуу жана башка кылмыштарга күнөөлөнүп жаткан.

Бирок судья аларга тагылган айыпты өзгөрткөн.

Маңгыстау облусунун прокуратурасы жазаны катаалдатууну өтүнүп, апелляциялык доо арыз менен кайрылган.

Фитнесс-тренер Алина Серикованы былтыр 14-майда маңзат колдонуп алган беш эркек сабап, уурдап кеткени аныкталган. Кийин аны да наркотикалык зат колдонууга мажбурлап, зордукташкан. Соттун басма сөз кызматы маалымдагандай, маркумду опузалап, банктан кредит алдырышкан. Мындай аракеттерден кийин ал өз жанын кыйган.

Үстүбүздөгү айда «НеМолчи.kz» коомдук фонду Серикова туш болгон ырайымсыздыктын чоо-жайын жарыялаган. Кызды уурдоо учуру тартылган видеону маркумдун бир тууганы берген.

Шерине

XS
SM
MD
LG