Сербиялык студенттер бийликти коррупцияга айыптап, Белграддан Нови-Сад шаарына жүрүш жасашты. Алар дем алыштарда Дунай дарыясындагы үч көпүрөнү тосмолоону пландап жатышат.
Жаштар үч ай мурун Нови-Садда болгон трагедияга байланыштуу жетекчилерге нааразылыгын билдирүүдө. Былтыр 1-ноябрда ал жактагы темир жол вокзалында чатыр урап түшкөндө 15 киши каза болгон, эки киши оор жараат алган.
Студенттер адегенде кырсыктын тыкыр иликтенишин жана күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышын талап кылган. Андан соң алар бийлик кулак салбай жатканын айтып, өкмөттү таркатууга жана парламенттик шайлоо өткөрүүгө чакыра баштады.
Жаштарды оппозиция активисттери жана жарандык коомдун өкүлдөрү колдошууда. Алардын пикиринде, Нови-Саддагы кырсыкка бийликтеги жемкорлуктан улам вокзалдын оңдоп түздөө иштери сапатсыз жүргүзүлүшү түрткү болгон. Станция акыркы бир нече жылда кытайлыктар башында турган консорциум тарабынан эки жолу ремонттолгон.
Жаштар андан тышкары акцияларга чыккан студенттерге кол салган адамдарды табууну талап кылууда. Ошол кол салууда оор жарадар болгон студент кыздын башына операция жасалды. Бирок күнөөлүүлөр аныктала элек.
28-январда Сербиянын премьер-министри Милош Вучевич студенттердин нааразылыгынан кийин кызматтан кеткен. Өкмөт башчы акциялар “чет өлкөдөн уюштурулган” деп эсептейт.
Эртеси өлкөнүн президенти Александр Вучич 10 күндүн ичинде жаңы өкмөт түзүүнү же мөөнөтсүз парламенттик шайлоо дайындоону чечерин билдирди.
Ноябрдын этегинде кырсыкка байланыштуу 11 киши камакка алынганы кабарланган.
Аларга коомдук коопсуздукка коркунуч жаратуу жана мыйзамсыз курулуш жүргүзүү тууралуу айып тагылды.
Шерине