21-апрелде Орусияда жүз миңден ашуун кыргызстандык мигрант депортация коркунучуна туш болгондуктан, Бишкек менен Москванын ортосунда ушул жаатта сүйлөшүү жүргүзүү сунушталды.
Парламент өкмөткө протоколдук тапшырма берип, маселеге көңүл бурууга чакырды.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бурун Аманова мигранттар маселесин көтөрдү.
«Орусия тарап мыйзамсыз жүргөн мигранттарга өлкөдөн чыгып кетүүгө мөөнөт койду. Бизге мигранттар кайрылып, "өкмөт сүйлөшүү жүргүзүп, мунапыс киргизип беришсе" деп жардам сурап жатышат», - деди Аманова.
Орусиянын ички иштер министринин орун басары Александр Горовой 16-апрелде КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын жыйынында сүйлөп жатып, мигранттарга байланыштуу бул уюмга мүчө айрым өлкөлөргө эскертүү берген.
«Силердин көптөгөн жарандарыңар бүгүн менин өлкөмдүн аймагында мыйзамсыз жүрөт. Эгерде биз силер менен 15-июнга чейин алардын санын кыскартпасак, президенттин буйругунда көрсөтүлгөндөй, бул адамдар жазага тартылып, өлкөдөн чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынат».
20-апрелде Дүйшөмбү шаарында миграциялык көйгөйлөр боюнча Тажикстан менен Орусиянын Тышкы иштер министрликтеринин жана миграция кызматтарынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү өткөнү кабарланган.
Жолугушуунун жыйынтыгында Москва Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн тажик жарандарына 30-июнга чейин укуктук макамын аныктап, документтерин мыйзамдаштырып алууга убакыт бергени белгилүү болду.
Орус бийлигинин ырасташынча, ушул тушта Азербайжандын 120 миңден ашуун жараны, Армениянын 61 миңдей, Казакстандын 49 миң, Тажикстандын 247 миң, Өзбекстандын 332 миң, Украинанын 152 миң, ал эми Кыргызстандын 115 миңден ашуун жараны миграциялык эрежелерди бузуп, мыйзамсыз жүрөт.
Былтыр 15-мартта Орусия коронавирус пандемиясынан улам чет өлкөлүктөргө айрым бир миграциялык жеңилдиктерди берген. Президент Владимир Путиндин жарлыгына ылайык, бул аралыкта миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүктөр административдик жазага тартылган эмес. Бул маалда мөөнөтү аяктаган документтер жокко чыгарылбай, чет өлкөлүктөрдү депортациялоо токтотулган.
Москвадагы кыргыз элчилиги ушул жылдын башынан бери эле Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы аба каттамдары жанданганына байланыштуу жеңилдиктер алынып, миграциялык текшерүүлөр күчөрүн эскертип жаткан. Анда элчилик кыргызстандыктарды 15-мартка чейин миграциялык документтерин ирээтке келтирүүгө чакырган.
Ошондой эле Орусияда жүрүү үчүн миграциялык картаны жана каттоону орус мыйзамдарына ылайык тариздөө, жумуш берүүчүлөр менен эмгек келишимдерин узартуу, ошондой эле административдик мыйзам бузганы үчүн айып пулду тез арада жоюу зарылдыгын эскерткен.
Кыргызстандын Москвадагы элчилиги административдик мыйзам бузганы үчүн бул өлкөдөн чыгып кетүүгө милдеттендирилген кыргызстандыктар талапты аткарууга тийиш экенин белгилеген.
Орусияда миграциялык эрежелерди сактабаган чет өлкөлүктөр административдик жоопко тартылат. Анда 1-2 мыйзам бузууга айып пул же эскертүү каралган, эгер андан ашса ал адам өлкөдөн чыгарылып, "кара тизмеге" илинет. Ушу тапта 64 миңден ашуун кыргыз жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынган.
Миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Майрамбек Бейшенов Горовой белгилеген 115 миң кыргызстандыктын бул "кара тизмеге" кирип калуу коркунучу чоң экенин түшүндүрөт.
«64-65 миңдей жаран Орусиянын "кара тизмесинде". Алар бул жактан чыгып кетишкен. Ал эми Горовой айткан 115 миң жаран 15-июнга чейин миграциялык документтерин мыйзамдаштырбаса, "кара тизмеге" алынып, өлкөдөн чыгарылат».
Бейшенов бул кезде Орусияда 600 миңдей жаран миграциялык каттоого турганын кошумчалады.
«600 миңден ашуун жаран миграциялык каттоого турса, анын жарымы эмгек келишими менен иштеп жатканы тууралуу Орусиянын ИИМине кабар берген. Мындан тышкары студенттер, дарыланууга келгендер жана жеке сапарлар менен келгендер бар. Орусия тарап жыл башында бизге маалымат берип, ошондон бери эле биз жарандарыбызга эскертип, кабарлап келгенбиз. "15-мартка чейин документтерди тариздегиле, андан кийин эски тартип калыбына келет" деп эскертип эле жаттык».
Соңку маалыматтарга ылайык, Орусияда бери дегенде 750 миңдей кыргызстандык жүрөт.