Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Орусияда жасалма документ менен кармалган кыргызстандыктар көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Орусияда жасалма ID карта (ички паспорт) жана айдоочулук күбөлүк менен жүргөн кыргызстандыктар көп кармалып жатканын кабарлап, документтерди мыйзамдуу алууга чакырды. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылды.

Анда: “Ар бир жаран өзүнүн документтерин жоготкон учурда ошол замат райондук полиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, кагаз алышы керек. Орусия Федерациясынын аймагында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Консулдук бөлүмдөрүнө кайрылып, тийиштүү документтерди мыйзамдуу жол менен алуу зарыл”, - деп айтылат.

Милиция жасалма документ менен кармалган кыргызстандык Орусиянын Кылмыш-жаза кодекси менен жоопкерчиликке тартыларын эскертет. Ички иштер министрлиги Орусияда жасалма документ менен кармалган кыргызстандыктардын санын айткан жок. Орусия мамлекетинде миллиондой кыргызстандык жүрөт.

Социалдык тармактарда кыргыз документтерин жасап берүү жөнүндө жарнамалар ачык эле чыгып турат. Буга чейин Кыргызстандын жасалма паспорту менен кармалган башка өлкөнүн жарандары болгон.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, 2020-жылдын алгачкы 10 айында кыргызстандыктардын жоголуп кеткен 348 документи табылып, 214ү ээсине кайтарылып берилди. Статистика боюнча жарандар ID картасын, жалпы жарандык паспортун жана айдоочулук күбөлүгүн көп жоготушат. (TSh)

XS
SM
MD
LG