Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:54

Орусияга баскынчыл саясатынан улам жарыяланган санкциялардын өзөккү мааниси эмнеде?


Санкт-Петербургдагы баскынчыл согушка каршы жыйын
Санкт-Петербург шаарындагы В.Путиндин баскынчыл согушуна каршы нааразылык жыйындан бир көрүнүш.

Басма сөздө жана интернетте Орусияга каршы санкциялардын майнаптуулугу же майнапсыздыгы жөнүндө ар кыл ойлор айтылып келет. Бул санкциялар В.Путин жетектеген авторитардык режимге каршы 2014-жылдан бери киргизилип жана улам күчөтүлүп келет. Тарыхчынын блогу.

Эки баскычтан турган баскынчыл согуш

Адатта, Орусия Федерациясынын Владимир Путин жетектеген авторитардык бийлиги Украинанын Кырым аймагына “Киевдеги элдик ыңкылапты жазалоо үчүн киргизгендиги” жөнүндө арбын айтылып келет.

Арийне, нагыз маалыматтарга караганда, В.Путин жашыл кийимчен жана аскердик белгиси жок жоокерлерди Киевде мурдагы маскөөчүл президент Виктор Янукович кызматынан кете электе эле киргизе баштаган. Демек, иш жүзүндө расмий Кремль Украинада өзүнүн шериги В.Янукович бийликте отурганда, б.а. “Эвромайдан” толук жеңе электе эле баскынчыл аракеттерин жүзөгө ашыра баштаган.

Ал эми 2022-жылы 24-февралда путиндик режим баштаган кеңири өлчөмдөгү согуш – бул 2014-жылы февралда Кырым аймагында башталган баскынчыл согуштун эле жаңы баскычы болуп саналат.

Маша Троцки тарткан согушка каршы плакат.
Орусиядан бозгунга кеткен сүрөткер Маша Троцки тарткан согушка каршы плакат. 24.10.2023.

Орусиялыктар Кремлдин согушун сындашат

Расмий Кремлдегилер жана анын үгүтчүлөрү Киевдеги демократиялык бийлик “3 же катуу кетсе 5 күндө упурап түшөт, президент Владимир Зеленский чет өлкөгө качып чыгат, ал эми украин эли орусиялык танктарды гүлдесте жана оркестр менен тосуп алат ко” деп кыялданышкан.

Бирок алардын үмүтүн таш каап, украин эли азыркыга чейин өзүнүн көп этностуу демократиялык жумуриятынын эгемендиги жана аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү үчүн адилет согуш жүргүзүп келет.

Ошол эле учурда орусиялык бир катар прогрессивдүү айдыңдар жана карапайым жарандар украин элине өз тилектештигин билдиришүүдө.

Орусиянын өзүнүн эле жарандары Путиндин баскынчыл согушун терең айыптап чыгышты. Айрым орусиялык жарандар Украинанын басып алынган аймактарын бошотуу үчүн согуш аракеттерине ыктыярдуу жоокер катары катышууда.

Прогрессивдүү жана тынчтыкты сүйгөн орусиялык саясатчылардын жана карапайым кишилердин бир катары Кремлдин Украинага бир тараптуу ачкан согушун ачык айыптаган сын пикирлери үчүн абактарда отурушат, айрымдары бозгунга кетүүгө мажбур болушту, бирок өздөрүнүн сын пикирлерин ачык шардана кылуусун улантышууда.

2015-жылы Кремлдин жанындагы көпүрөдө атып өлтүрүлгөн оппозициячыл лидер Борис Немцов дагы орусиялык бийликтердин 2014-жылы февралда эгемен Украинага кол салышын кескин айыптаган болчу.

Орусиянын Кырымды басып алгандыгына каршы жыйын. Нью-Йорк. 13.4.2014.
Орусиянын эгемен Украинанын Кырым жарым аралын басып алгандыгына каршы нааразылык жыйын. Нью-Йорк, АКШ. 13.4.2014.

Дүйнөдөгү демократиялык өлкөлөрдүн санкциялары

Албетте, дүйнө коомчулугу Орусиянын Украинага каршы адилетсиз баскынчыл согушуна көз жумду мамиле кылып, кайдыгер болуп отуруп калган жок.

2014-жылы Орусия Украинага таандык Кырым жарым аралын каратып алып, Донбасстын айрым аймактарына басып кирген маалдан тартып эле дүйнөнүн көп өлкөлөрү Орусияга каршы санкциялар (чектөөлөр) киргизе баштаган.

Албетте, оболу расмий Кремлден эл аралык укукту сыйлап, өз аскерин Украинадан тынч чыгарып кетүү жана бул өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөө тууралуу талап кылынды.

Тасма. В.Путин аскердик иш-чара тууралуу жарыялады. Радио Свобода. 24.2.2022. (Мында 02:10 мүнөттөн кийин Путиндин сөзүн угуп көрүңүз).

Путиндин режими элдик ыңкылап аркылуу Киевге келген жаңы бийликти “кутумчулар” катары тааныбай тургандыгын билдирген соң жана 2014-жылы март айынын ортосуна карата Кырымды “жашыл кийимчен” жоокерлеринин көзөмөлү астында каратып алуусун жыйынтыктаган соң гана, Батыш жана анын башка чөлкөмдөрдөгү өнөктөштөрү Орусияга карата санкциялардын алгачкы топтомун (пакетин) шардана кылышты.

Бул алгачкы санкциялык иш-аракетти оболу АКШ, Канада, Евробиримдик, Австралия жана Жаңы Зеландия жүзөгө ашырышты.

Мында В.Путиндин айланасындагы орусиялык төбөлдөрдүн жана башка таасирдүү кишилердин атайын түзүлгөн тизмесиндегилерге визалык чектөө салуу, бул төбөлдөрдүн жана аларга таандык компаниялардын жогорудагы өлкөлөрдөгү жана Евробиримдиктеги баалуу кагаздарын жана банк эсептерин тоңдуруу, “кара тизмедеги” бул компаниялар менен мындан ары кызматташууга бөгөт коюу сыяктуу чаралар камтылган.

Кремлдегилер Украинага таандык Донбасстын айрым аймактарында атайын жикчил кыймылды козутуу, ал жикчил топторго куралдуу жана каржылык көмөк көрсөтүү иштерин күчөтө берген тапта, 2014-жылы апрел–май айларында Орусияга каршы санкциялардын экинчи топтому жарыяланды.

Мурда “Чоң сегиздик” деп аталып, Орусияны да кадыр-барктуу өлкө катары өз арасына кошуп келе жаткан ири мамлекеттердин жыйыны жаңы форматка өттү. 2014-жылы 25-мартта Орусиянын бул бейрасмий ынтымакка катышуусуна бөгөт коюлуп, эми ал шерине “Чоң жетилик” болуп калды.

2014-жылы 10-апрелде Европа Кеңеши Орусиянын Европа Кеңешинин Башкы парламенттык жыйынындагы добуш берүү укугун жана андагы жетекчиликке талапкер сунуштоо укугун жокко чыгарды. Кийинчерээк Орусиянын делегациясына бул маанилүү жыйынга катышууга чектөө киргизилди.

2014-жылдын март айынын экинчи жарымынан тартып Швейцария дагы өзүнүн Орусияга карата саясатында Батыштын санкцияларына ылайык иш-аракет кылаарын жарыялады. 27-мартта бул өлкө өзү да Орусия менен аскердик кызматташтыкты токтотту жана кийинки айдан тартып Кремлге каршы айрым каржылык санкцияларга өтө баштады.

Жапония 2014-жылы 18-мартта Орусиянын жарандары үчүн визаларды жеңилдетүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү токтотуп салды. Ошол жылы 29-апрелде Орусиянын айрым аткаминерлерине буга чейин берилген визаларды жокко чыгарды. Кийинчерээк Орусиянын компанияларына карата ар кыл чектөөлөрдү киргизди.

2014-жылдын апрел-май айларында Албания да Орусияга каршы айрым чектөөлөрдү киргизди.

2014-жылы 17-июлда түштөн кийин Малайзия аба жолдору компаниясынын “Boeing 777” жүргүнчү учагы ракеталык чабуулдун айынан Украинанын Донецк облусундагы Грабово кыштагынын жанында кыйроого учураган.

Амстердам шаарынан Куала-Лумпур шаарын карай MH17 каттамы боюнча учуп бара жаткан жүргүнчү учактагы 298 киши бүт набыт болгон.

Көз карандысыз иликтөөлөр бул жүргүнчү учак Орусиянын аймагынан Орусиянын абадан коргонуу күчтөрү тарабынан атылган “Бук” зениттик ракеталык комплексинин ракетасы тийип кыйрагандыгын аныктаган.

Бул каргашалуу окуядан кийин Орусияга жана баскынчыларды колдоп жаткан жикчилдерге каршы санкциялардын дагы бир топтому кабыл алынган.

Андан бери бир катар санкциялардын мөөнөттөрү узартылып жана улам жаңы санкциялар жарыяланып келди.

Маселен, 2020-жылы сентябрда Жапония Орусия менен тынчтык келишимин түзүүдөн баш тартты жана анын себептеринин бири катары Орусиянын Кырым жарым аралын Украинадан тартып алуусун көрсөттү.

Ал эми 2022-жылы 24-февралда путиндик режим Украинага каршы кеңири өлчөмдөгү согушту баштаган соң, эл аралык коомчулук буга чейинки Орусияга каршы санкцияларды ого бетер күчөттү.

2022-жылы 25-февралда Евробиримдик, Улуу Британия, Канада жана АКШ президент Владимир Путиндин өзүнө карата санкциялар киргизди.

Ошол жылы 27-февралда Жапония, 28-февралда Австралия, март айында башка да бир катар өлкөлөр Путиндин жеке өзүнө санкция киргизишти. 9-июнда Украина Путинге каршы мөөнөтсүз санкция жарыялады.

2023-жылы 17-мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Владимир Путинди жана Орусиянын президентинин жаш балдардын укуктары боюнча ыйгарымдуу өкүлү Мария Алексеевна Львова-Белова айымды “согуш кылмыштары үчүн” камакка алуу тууралуу буйрук чыгарды. Аларга “Украинанын убактылуу басып алынган аймактарындагы украин балдарын мыйзамсыз түрдө Орусияга депортациялады” деген кылмыш доосу коюлду.

Орусиянын баскынчылыгына колдоо көрсөткөн Беларустун жана Ирандын режимдерине каршы дагы айрым чектөөлөр киргизилди.

2022-жылдын 8-мартында АКШнын президенти Жо Байден Орусиядан мунай, газ жана көмүр сатып алууга жана Орусиянын отун-кубат өнөр жай тармагы менен кызматташууга тыюу салды.

2022-жылдын 22-мартына карата санкцияга кабылган орусиялык жарандар менен юридикалык жактардын жалпы саны 7116га чыкты.

2022-жылдын апрелине карата Батыш өлкөлөрү Орусиянын бул өлкөлөрдөгү 350 миллиард доллар көлөмүндөгү валюта корун тоңдуруп салгандыгы маалымдалды.

Орусиядагы режимге каршы бул сыяктуу санкциялык чаралар азыркыга чейин улантылып жана күчөтүлүп келет.

Санкциялардын коомдук жана тарыхый мааниси

Албетте, согушчан В.Путиндин үгүтчүлөрү бул чет элдик санкциялар жаатында сөз кылганда “аларды эбегейсиз зор мейкиндикти кучагына алган Орусия чымын чаккандай да көргөн жок” деген сыяктуу жоромолдору менен терс баалап, калайыкты жооткотуп келишет.

Чындыгында бул санкциялардын (ар кыл деңгээлдеги чектөөлөрдүн) өзүнүн тарыхый ролу жана жүгү бар.

Айрым саясатчылар “санкциялар Орусиянын режими менен ачык согушка баруудан баш тартуунун, бирок ага моралдык жана каржылык түйшүк тарттыруунун аргасы болгон” деп да түшүндүрүшүүдө.

Санкциялардын башкы маңызы – чаканыраак эгемен өлкөгө карата баскынчыл саясат жүргүзгөн авторитардык режимдин кылмыштарына жана башка эл аралык тартипке кайчы келген жосунсуз жоруктарына карата “кайдыгер карап отура албайбыз” деген эл аралык турумду шардана кылуу.

Кээде авторитардык режим өлкө ичинде да адамзатка каршы кылмыштарга барчу болсо, андай шартта да эл аралык коомчулук мындай режимге каршы санкция киргизиши ыктымал.

Албетте, расмий Кремл орусиялыктардан жашырууга канчалык далаалат кылбасын, анын Украинага каршы баскынчыл согушу жана буга байланыштуу киргизилген санкциялар Орусиянын жалпы калайыгынын кедерин кесүүдө, орто жолдо карапайым калайыкты да эл аралык жандуу турмушка толук жана теңата катышуудан обочолотууда.

Бул кесепетке учураган тармактардын арасында, өнөр жайды мындай коёлу, илим жана технология, билим, маданият, медиа, спорт, туризм сыяктуу дал ушул заманыбызда ар бир үй-бүлө үчүн да маанилүү болгон тармактар дагы бар.

Демек, бул санкциялар айрым кишилерге “каржылык жактан чымын чаккандай да болбогондой сезилгени менен” анын заттык (материалдык) гана эмес, моралдык да таасири зор.

Азыркы тапта “чыдагыдай” саналганы менен бул санкциялар ири өлкөнү да кыйла ондогон жылдарга артка сүрүп салышы ыктымал.

Эгерде путиндик режим эгемен Украинага каршы 2014-жылдан тартып баскынчылык кылбаган болсо, анда канча миллиондогон кишилердин тагдырлары бүлгүнгө учурамак эмес, канча жүз миңдеген кишилер бөөдө жерден өз өмүрүнөн ажырамак эмес, канчалаган кишилер ыктырдуу бозгунга кетмек эмес, канчалаган илимий, технологиялык, маданий, экономикалык жана туристтик тармактар дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү менен эриш аркак өнүгө бермек...

Орусия демократиялык нукта бакыбат өнүксө, анда анын өзүнө да дүйнө жүзүнөн магниттей тартылышмак.

В.Путин эл аралык коомчулуктан дээрлик обочодо калган азыркы шартта өзүнүн соңку “ва-банк” кадамын таштап, 2024-жылы кайрадан президент болуп шайланууга дымагы бар экенин билдирди.

2020-жылы Орусиянын Башкы мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр эми Владимир Путинге 2024-жылдан тартып кайра президенттикке ат салышууга жана эки жолу алты жылдык мөөнөткө удаа “эли үчүн” 2036-жылга чейин мамлекет башчы катары кызмат кылууга мүмкүндүк ачты. Бул конституциялык өзгөртүүлөр анын буга чейинки шайланган учурларын эсептебей коюуга укуктук шарт жаратты.

Эгерде Түндүк Кореянын диктатору Ким Ир Сен 1948–1994-жылдары “марксизмди жергиликтүү кыртышта андан ары өнүктүрүп”, мамлекеттик идеология катары “чучхе” (“[корей коомуна таандык] өзгөчө маңыз”) идеясын көтөрүп чыкса, ал эми Владимир Путин падышалык Орусия менен Советтер Биримдигинин империячыл шовинисттик маңызын өзүнө идеологиялык туу кылып көтөрүп чыкты.

Жакында (2023-жылдын 28-ноябрында) В.Путин мындай деп сүйлөгөн:

“Мен баса белгилеп айткым келет: этнос катары чыккан орустарсыз, орус элисиз – эч кандай орус дүйнөсү жана Орусиянын өзү да жок жана боло да албайт.”

(“Хочу подчеркнуть: без русских как этноса, без русского народа нет и не может быть Русского мира и самой России”).

Ошентип, ал азыркы Орусиядагы тең укуктуу этностордун ичинен өзгөчө укуктуусу – орус эли деген сыяктуу шовинисттик тыянакка жем таштаган ойлорду ачык айтып келет. Албетте, бул сөздөрүн кайра жымсалдап, мында артыкчылыкка, тандалмалыкка же өзгөчөлүккө тап берген эч кандай кыйынсынуу деле жок, бирок “бул – нагыз факттын эле өзү” (нет никакой претензии на превосходство, на избранность или исключительность – "это просто факт"), – деп да кошумчалоону Путин эч унутпайт.

Ал эми өздөрү үчүн кереги жок болгон Украинага каршы баскынчыл согуштун жана санкциялардын зардабын бара-бара жон териси менен сезип жаткан карапайым орусиялыктар быйыл 15–17-мартка белгиленген президенттик шайлоодо акыркы 23 жылдан ашуун убакыт ичинде жеке авторитардык режимин түптөгөн дал ушул “түшпөс ханга” каршы добуш бере алышабы?

Бул суроонун жандырмагын сырткы санкциялар эч чечпейт, орусиялыктардын өздөрүнүн шайлоочуларынын саясий деңгээли чечет.

Кыйла оңтойсуздукка кириптер кылган санкциялар, Украинадагы согуштагы өлүм-житимдер, социалдык-экономикалык көйгөйлөр жана улам жакырдануу жүрүмү шайлоочуларды “бүдөмүк ойлорго салбасын” үчүн Орусиядагы авторитардык мамлекеттик машина мүмкүн болушунча эркин басма сөздү жок кылып, оппозиция өкүлдөрүн камап, интернеттеги кайчы пикир таркаткан булактарга бөгөт уюштуруп, өкмөттүк сыналгы каналдары аркылуу кремлчил бир тараптуу маалыматтарды ар кыл тилдерде таркатып, айтор, бар күчүн салып далбаса урууда.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG