БИШКЕК – Батыш Орусияга каршы чараларын күчөткөн маалда кыргыз жана казак компаниялары санкцияга кабылган эки багытта колдонулчу технологияларды Кремлдин согуштук машинесин жабдыган ишканаларга ташып турган. Бул схема кандай ишке ашканын “Азаттык” радиосу иликтеп чыкты.
2022-жылдын февралында орус армиясы Украинага ири масштабда басып киргенине жооп кылып АКШ менен Евробиримдик Орусияга жарандык жана аскердик максатта колдонулчу технологияны экспорттоого көзөмөлдү күчөткөн.
Бирок Орусия Батыштын керектүү технологиясын алып турууну улантыш үчүн санкцияларга кирбеген өлкөлөрдү, анын ичинде Казакстанды жана Кыргызстанды пайдаланды. Эки өлкө тең Москва башында турган Евразия экономикалык биримдигине кирет.
Украинада уруш башталганы Кыргызстан менен Казакстандан Орусияга эки багытта керектелчү бир топ буюм-тайымды импорттоо кескин көбөйгөн. Алардын ичинде америкалык Texas Instruments жана Analog Devices фирмалары баш болгон Батыштын технологиялык гиганттары өндүргөн электроникалык жабдуулар да бар. Алардын кайсы бир бөлүктөрү Украинага кыргын салган орустардын курал-жабдыгынан табылган.
Бул жагдай Орусияга технологиянын агымын токтотуу үчүн Борбор Азиядагы эки өлкөнү бутага алган экинчи деңгээлдеги санкцияларды киргизүү маселесин жаратты. АКШ жана Евробиримдиктин аткаминерлери соңку айларда Кыргызстанга жана Казакстанга жасаган сапарлары маалында санкциялык эрежелерди сактоо маселесин көтөрдү.
“Азаттык” радиосунун жаңы иликтөөсүндө Кыргызстандан жана Казакстандан эки багытта керектелчү технологияны экспорттогон орусиялык фирмалар табылды. Алар мурда Орусиянын коргонуу өндүрүшүн, анын ичинде Батыштын “кара тизмесине” кирген мамлекеттик ишканаларды электроника менен жабдыганы аныкталды.
“Азаттыктын” кыргыз, казак кызматтарынын жана украин редакциясынын “Схема” иликтөө бөлүмүнүн журналисттери бажы, сатып алуулар жана эки багытта колдонулчу товарларды ташыган компаниялардын корпоративдик документтерин, ошондой эле Орусиянын курал-жабдыгынан табылган Батыштын электроникасы тууралуу украин чалгын маалыматтарын анализдеп чыгышты.
Мындай товар ташыган орусиялык фирмалардын бири аскердик өндүрүштүн чордону болгон Ижевск шаарында президент Владимир Путин Украинага кол салууну чечкенден эки ай өтүп-өтпөй катталган.
“Азаттык” бул фирма Орусияга курал-жарак жеткиргенин далилдеген документтерди таба албаганы менен анын директорунун таржымалын аныктады. Карате боюнча машыктыруучу болуп жүргөн бул киши АКШ “орус армиясына буюм-тайым жана технологияларды жасаган” деп санаган Ижевскидеги заводдо иштегени белгилүү болду.
Бажы документтери көрсөткөндөй, орусиялык фирманын башкы өнөктөшү - Украинада кеңири масштабда уруш башталгандан бир ай өтпөй ачылган, Орусияга алдыңкы электрониканы ташыган кыргызстандык фирма болуп чыкты.
Башка бир электроника импорттогон орусиялык компаниялар 2022-жылдын февралынан көп узабай эле Казакстандагы өнөктөштөрү аркылуу эки багытта колдонулчу электрониканы кайра өздөрүнө жөнөтүп турган.
Орусиялык фирмалардын бири - ITC деп аталган электроника компаниясы Кошмо Штаттар санкция салган Орусиянын коргонуу өндүрүшүнө тиешелүү бир нече компанияны технология менен жабдыган. Өткөн айда бул компания Киевдин “кара тизмесине” да илинген.
“Акча жана келишим Бишкек аркылуу өтөт”, - деди өзүн Андрей деп тааныштырган киши “Азаттыктын” журналисттерине. Анын байланыш дарегин журналисттер АКШ менен Евробиримдиктен товар ташууну сунуш кылган кыргызстандык компаниянын веб-сайтынан табышкан. “Товарлар Орусияга түз кетет”, - деп кошумчалады Андрей.
Бажы документтери ITC латвиялык байланышы бар логистикалык фирманы колдонуп, эки багытта керектелчү технологияны Казакстанда бир нече жыл мурда түзүлгөн компания фирма аркылуу ташыганын көрсөтөт. Бул тармактагы бир нече булактар алар товарды Борбор Азияга түшүрбөй түз эле орус кардарларга жеткирип турганын айтып беришти.
Биз колдонгон маалымат базалары
“Азаттык” бул иликтөөнүн жүрүшүндө түрдүү маалымат базасындагы миңдеген документти карап чыкты. Журналисттер бажы документтерин, ImportGenius жана Sinoimex коммерциялык агрегаторлору жыйнаган импорт-экспорт тууралуу маалыматтарды, Вашингтондо жайгашкан глобалдык коопсуздук боюнча C4ADS бейөкмөт уюмунун маалыматтарын карап чыгышты.
Бул материалда аталган компаниялар жөнүндө маалыматтар Кыргызстандын, Казакстандын расмий коммерциялык реестрлеринен, SPARK маалымат базасынан алынды. Бул базада компаниялар кимге катталганы, ар кандай юрисдикциядагы компаниялардын финансылык маалыматы сакталган. Орусиянын мамлекеттик сатып алуулары тууралуу маалыматтары SPARK жана орусиялык тендерлер тууралуу расмий маалыматты агрегация кылган Clearspending.ru сайтынан алынды.
Украинада табылган орусиялык курал-жабдыктан табылган Батыштын электроникасы тууралуу маалымат Украинанын чалгын кызматтарынын Европа Биримдигине даярдаган докладдарынан алынды. Ал маалыматтар “Азаттыктын” украин кызматынын “Схема” программасынын колуна тийген. “Азаттыктын” журналисттери украин чалгын маалыматтарын жана Европа Биримдигинин анализин карап чыкты.
Бажы документтери кыргыз-казак компаниялары Орусияга эки багытта колдонулчу микрочиптерди, телекоммуникациялык жабдыктарды жана башка электроника товарларын ташыганын айгинелейт. Алар украин жергесинде табылган орусиялык ракета, танк, тик учак, дрондордон жана радиосистемалардан чыккан.
Бул компоненттер орусиялык кардарлардын колуна тийгенден кийин эмне болорун аныктоо кыйын. Анткени Орусиянын аскердик сатып алуулар системасы коомчулукка жабык.
Бирок 2022-жылдын декабрында бир күндө эле казакстандык “ЭлтексАлатау” компаниясы Орусияга 100 партиядан ашуун эки багытта колдонулчу электроника жөнөткөн. Киевдин маалыматына караганда аларды Украинада согушуп жүргөн орус күчтөрү пайдаланат.
Бажы документтеринде көрсөтүлбөгөн орусиялык жүктүн ичинде Analog Devices үлгүсүндөгү чип чыккан. Украин аскерлери андай чиптерди негизинен орус армиясынын согуштук танктарына орнотулган караңгыда бутага алчу мээлегичтен таап чыгышкан. Казак фирмасынын Орусиядагы филиалы “туруктуу” кардарларынын арасында Орусиянын Коргоо министрлигин жана Федералдык коопсуздук кызматын ачык көрсөтөт.
“Азаттык” Кыргызстандын жана Казакстандын президенттеринин администрацияларына комментарий сурап кайрылып, жооп ала алган жок.
Ушул аптада Астанада Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин казак президенти Касым-Жомарт Токаев “Эл аралык мамиледе кабыл алынган бардык эрежелер так сакталарын” айтты.
“Орусияга эки багытта колдонулчу товар экспорттоо деген нерсе такыр чындыкка коошпойт”, - деди Токаев. Бирок казак лидери эмне чындыкка коошпой турганына токтолгон жок.
20-июндагы жолугушуудан кийин Штайнмайер Орусиянын Батыштын санкцияларын айланып өтүшүн алдын алуу үчүн Брюссел менен Астана тыгыз кызматташып жатканын белгиледи.
“Санкцияны буйтап өтүүгө жол бербөө үчүн бардык аракеттерди күчөтүү зарыл. Сүйлөшүүлөрдө бул маселелер боюнча казакстандык мекемелер Евробиримдиктин агенттиктери менен тыгыз байланышта экенин уктук”, - деди немис президенти.
Штайнмайер Бишкекте жүргөндө Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкмөттөрү Орусияга каршы санкциялардын 11-пакетин макулдашты. Шаркетке төрагалык кылган Швециянын өкүлү жаңы пакет “санкцияларды айланып өткөндөргө каршы чараларды” камтый турганын жарыялады.
Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен 21-июнда жаңы санкциялар “Экспортту кескин чектөө менен Кремлди колдогон мекемелерди бутага алып, Путиндин согуштук машинесине кошумча сокку урарын” билдирди.
“Биздин чаралар санкцияга кирген товарлардын Орусиянын колуна тийишине бөгөт коёт”, - деп жазды Ляйен Твиттерде.
Экспорттун өсүшү, Батыштын басымы
2022-жылы февралда Орусия Украинага басып киргенден кийин Кошмо Штаттар менен Евробиримдик Кремлге жана орус экономикасына буга чейин болуп көрбөгөндөй санкцияларды салган. Алардын арасында орус армиясы колдонгон Батыш электроникасы жана башка технологияларга киргизилген чектөөлөр да бар.
Бирок тыюу салынган товарлардын Орусияга агымы уланып, Батыштын санкцияларына кошулбаган айрым өлкөлөр, маселен Кытайдан ташылууда. Ошол эле маалда кыргыз, казак компанияларынын да АКШ менен Евробиримдиктин санкциясына киргизилген эки багытта колдонулчу товарларды алардан сатып алып, Орусияга экспорттогон көрсөткүчү секирик жасаган.
“Азаттык” радиосу Киев украин эксперттери орустардын курал-жабдыгынан жана көмөктөш системаларынан аныктаган электрондук компонеттердин тизмесин түзүп, Евробиримдикке берген документтер менен таанышты.
Журналисттер бажы документтери менен товарлардын Евробиримдиктеги атайын коддорун салыштырып тактап чыкты.
Бул анализ Батыштын электроникасын санкцияларды айланып өтүп ташуунун масштабы канчалык кеңири экенин көргөзөт. Тактап айтканда, Украинада уруш башталгандан кийин мындай товарларды Евробиримдиктен Кыргызстанга жана Казакстанга ташуу, кайра алардан Орусияга экспорттоо кескин күчөгөн.
Маселен, 2022-жылы Казакстанга компьютер импорттоо 1.2 миллиард долларга жетип, мурдагы жылга салыштырмалуу жети эсе көбөйүп, анын 310 миллион доллардай көлөмү Евробиримдикке туура келген . Ал ортодо бул товарды Казакстандан Орусияга сатуу 300 миллион долларга жетип, өткөн жылдагыга караганда 2300 эсе көп болгон.
Улуттар Уюмунун соода-сатык боюнча маалыматына таянсак, 2021-жылы Кыргызстан учак, тик учак же дрон үчүн эч кандай тетик импорттогон эмес. Бирок 2022-жылы кыргызстандык фирмалар негизинен АКШдан 3.5 миллион долларлык ушундай товар сатып алган. 1.5 миллион долларлык товарды кайра Орусияга экспорттогон.
Евробиримдиктин өкүлдөрү шаркетке кирген мамлекеттерден сатып алынган товар Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө багытталганы менен Орусияга кетип жатканына тынчсыздануусун билдирген. Мындай схема кандай иштээрин Кыргызстан жана Казакстандын реэкспортко тиешеси бар булактары “Азаттыктын” журналисттерине айтып беришкен.
“Евробиримдик Орусия аркылуу Борбор Азияга жөнөтүлгөн товарлар Орусияда калбастан, дарегине жетип жатканын көзөмөлдөй турган системаны ишке киргизүүнү бийлик өкүлдөрү менен талкуулоого кызыкдарбыз”, - деген Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан “Азаттык” менен маегинде.
Кыргызстандын жана Казакстандын бийлиги Москванын дагы, Батыш мамлекеттеринин дагы басымына кабылып, Кошмо Штаттардын жана Евробиримдиктин экинчи деңгээлдеги санкцияларынан чочулайт.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин администрация башчысынын биринчи орун басары Тимур Сулейменов апрелде Euractiv басылмасына берген интервьюсунда Казакстан “Орусияга салынган санкцияларды кыйгап өтүүнүн куралы болбойт” деп айткан.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова өткөн айда Москвадагы жыйында “ Биздин өлкө менен алака-катышты жасалма чектөөнүн чыгымын Батыш эмес, андан башка тараптар дагы толтура албастыгын жана толтургусу келбестигин Борбор Азиядагы баш калаалар түшүнөт деп ишенебиз” деген көз карашын айтты.
Чолпон-Атада өткөн Евробиримдик - Борбор Азия саммитинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “Санкциялык товарлардын кайсы бири түрүнө байланыштуу биздин европалык өнөктөштөрдүн тынчсыздануусу менен ниетин түшүнөбүз жана Евробиримдик менен бул маселе боюнча диалогду улантууга даярбыз” деп айтты.
Бишкектен Орусиянын “курал-жарак борборуна”
Путин Украинага орус аскерлерин жөнөткөндөн эки ай өтпөй Орусияда жасалган, “Басурманин” деп таанылган БМП-1АМ чопкутталган аскердик унаанын Купянск шаарында тартылган сүрөттөрү интернетте тараган. Бир нече күндөн кийин согушту пропагандалаган орус жараны Орусиянын армиясына караштуу “Басурманиндердин” Украина чыгышындагы кербенинин видеосун жарыялаган.
“Басурманин” - “Акведук” деп аталган тактикалык радио байланыш комплекси менен жабдылган. Бул жабдуу майданда жашыруун маалымат алмашууга мүмкүнчүлүк берет. “Акведук” Орусияда өндүрүлгөнү менен анын ичи АКШ менен Европадагы Texas Instruments, Atmel, Xilinx аттуу технология компанияларынын жабдыктары менен шыкалган.
Украинанын чалгын кызматтарынын маалыматына ылайык, согуш тилкесинде табылган “Акведук” комплексинин компоненттеринин арасында АКШнын Массачусетс штатындагы жарым өткөргүчтөрдү чыгаруучу Analog Devices компаниясы жасаган, AD822 сериясындагы сигналдарды күчөтүүчү интегралдык схема бар.
“Басурманиндер” Украинанын чыгышында кадрга түшкөн күндөн дээрлик бир ай өтпөй RM Design And Development аттуу кыргызстандык компания дал ушундай интегралдык схеманы Орусияда жаңы ачылган “Микроприбор” ишканасына жөнөткөн. “Микроприбордун” орус армиясын коммуникациялык жабдыктар менен камсыз кылган заводго байланышы бар.
Так ушул микросхемалар Орусиянын аскердик техникасына кадалабы же жокпу белгисиз. Бирок ImportGenius маалымат базасы көрсөткөндөй, 2022-жылдын март айында Кыргызстанда түзүлгөн RM Design And Development компаниясы былтыр апрелден тарта Батыштын санкциясына кабылган кош багытта колдонулуучу технологиялардын жүздөгөн партиясын Орусияга жөнөткөн.
RM Design And Development компаниясынан Analog Devices ишканасынын сигналдарды күчөтүүчү микросхемаларын сатып алган “Микроприбор” компаниясы Орусия Украинага басып киргенден көп өтпөй, 2022-жылдын апрелинде Урал аймагындагы Ижевск шаарында түзүлгөн. Ижевск - Калашников автоматынын кичи мекени жана “Орусиянын курал-жарак борбору” экени белгилүү.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосу изилдеп чыккан ImportGenius базасынан алынган маалыматтар көрсөткөндөй, кыргызстандык RM Design And Development былтыр “Микроприбор” компаниясына АКШ орус армиясында колдонулганы үчүн “өзгөчө маанилүү” деп мүнөздөгөн, бир эле учурда жарандык да, аскердик да өндүрүштө керектелчү кош багыттагы технологияларды 300 жолу жөнөткөн.
Расмий документтерде Ижевскидеги “Микроприбор” компаниясынын негиздөөчүсү деп жергиликтүү бухгалтер Лилия Исмагилова, ал эми директору катары карате боюнча машыктыруучу Мария Фёдорова көрсөтүлгөн. Орусиянын ишканаларды каттаган реестрлерине ылайык, алардын бири да буга чейин эч бир компанияны жетектеп же түзүүчү болгон эмес.
Бирок журналисттер таанышып чыккан орус өкмөтүнүн ачыкка чыгып кеткен расмий маалыматтарына ылайык, Мария Фёдорова дээрлик 2021-жылга чейин Ижевск радио заводунда (ИРЗ) технологияларды өркүндөтүүчү жана өндүрүүчү кызматкер болуп иштеп турган. Украина бул заводго санкция салган. Федорованын Инстаграмдагы посттору да ал Ижевск радио заводунда иштегенин көрсөтөт.
АКШ бул завод “орус армиясы үчүн жабдык жана технологияларды даярдай турганын” билдирген. Ошентсе да аталган заводго эмес, анын өнөктөш компаниясына санкция салган.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун журналисттери Мария Федоровага иликтөөдө көтөрүлгөн маселелер боюнча WhatsApp жана Telegram аркылуу суроо жолдоду. Ал биздин катты окуганы менен жооп берген жок. Ошентсе да биздин катыбызды алгандан көп өтпөй Инстаграмдагы ага чейин ачык турган барагын кулпулап койду.
Исмагиловага телефон чалганыбызда ал “Микроприборго” байланышы бар экенин четке каккан жок. Суроолорубузга дароо жооп берүүдөн баш тартып, башка күнү байланышууну өтүндү. Бирок ал кийин канча жолу телефон чалсак да жооп берген жок.
ImportGenius маалымат базасы көрсөткөндөй, RM Design And Development компаниясы Орусиянын коргонуу өндүрүшүн, анын ичинде Батыш жана Украина санкция салган мамлекеттик ишканаларды электроника товарлары менен жабдыган дагы кеминде эки орус фирмасына кош максатта колдонулуучу жабдыктарды жолдогон.
Бишкек Эркин экономикалык аймагында катталган RM Design and Development компаниясынын жалгыз негиздөөчүсү жана директору катары Шакир Маров аттуу кыргыз жараны көрсөтүлгөн. Маров кезинде жергиликтүү пейнтбол клубун жетектеген. Ачык булактар Маровдун Бишкектеги ишкер Антон Рипптин үй-бүлөсү менен байланышы барын ишарат кылып турат. Былтыр Рипп жетектеген Москвадагы “Риберг” аттуу компания да RM Design and Development ишканасынан электроника товарларын импорттогон.
“Азаттык” радиосунун журналисттери Маровго Орусияга жөнөтүлүп жаткан товарлар боюнча комментарий сурап кайрылганда, ал кабарчыларды Иван Плутицкий аттуу орун басарына багыттады.
Плутицкий RM Design and Development компаниясынын Орусияга экспорту тууралуу комментарий берүүдөн баш тартып, алар “чакан, коомчулуктун алдына чыга бербеген компания” экенин айтты. Бул сүйлөшүүдөн кийин компаниянын веб-сайты ачылбай калды.
Маров да, Плутицкий да журналисттердин жазуу түрүндөгү суроолоруна жооп берген жок.
Антон Рипп Орусиядагы “Риберг” компаниясын эбак эле сатып жибергенин “Азаттыкка” айтты. Бирок RM Design and Development менен болжолдуу байланышы тууралуу суроону жоопсуз калтырды.
Бишкектин Эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) администрациясы бул компания аталган аймакта катталганын ырастап, бирок анын ишмердиги ЭЭА менен гана чектелбей турганын белгиледи.
Мындан тышкары биз электроника жабдыктарын, анын ичинде эки багытта керектелчү товарларды Кыргызстан аркылуу Орусияга жөнөткөн бир нече кыргыз компаниясы тууралуу президенттин администрациясына жана Бажы кызматына да расмий кат жолдогонбуз. Аларга азырынча жооп келе элек.
Казак фирмалары, Орусиядан табылган из
2022-жылдын жазында орус армиясы Украинадагы Мариупол шаарын курчоо маалында T-72Б3М танктарын да колдонгон. Дээрлик үч айга созулган операцияда Украинанын чыгышындагы бул шаар урандыга айланды. T-72Б3М – бул орустардын T-72 танктарынын жаңыланган версиясы. Бул аскердик техниканы Орусия Украинанын башка аймактарында да колдонуп келет. Декабрь айында мындай танктардын жаңы тобу орус армиясынын карамагына өткөрүлүп берилгени жарыяланган.
T-72Б3М танкынын “Сосна-У” деп аталган мээлегич жабдыгы бар. “Басурманинге” коюлган “Акведук” тактикалык радио жабдыгы сыяктуу эле “Сосна-У” мээлегичин жасоодо Батыштын электроника жабдыктары колдонулат.
Украинадагы согуш тилкесинде калган орус танкынан алынган “Сосна-У” мээлегичиндеги видеокөзөмөл системасынан Батышта өндүрүлгөн бир катар электрондук жабдыктар, анын ичинде Analog Devices компаниясы чыгарган, эки каналдуу трансивер табылган. Трансивер радио сигналдарды таратуу жана кабыл алуу үчүн колдонулат.
2022-жылдын декабрында Орусияда T-72Б3М танктарынын жаңы тобу өндүрүштөн чыгып жаткан маалда Алматыда жайгашкан EltexAlatau компаниясы бир күн ичинде эле Казакстандан мындай кош багытта керектелчү товарлардын кеминде 100 партиясын Орусияга жөнөткөн. Украинанын атайын кызматынын маалыматына негизделген Евробиримдиктин анализине ылайык, мындай технологиялар Орусиянын согуш машинасын күчтөндүрүүгө жардам берет.
Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан C4ADS изилдөө борбору топтогон жана “Азаттык” радиосу таанышып чыккан бажы документтери көрсөткөндөй, EltexAlatau жөнөткөн жүктөрдүн арасында украиндер Орусиянын T-72Б3М танктарынан табылган трансивердик радиостанциялар болгон.
Журналисттер изилдеп чыккан документтерде EltexAlatau компаниясынан бул трансиверлерди жана башка кош багыттагы товарларды Орусияда ким же кайсы ишкана сатып алганы көрсөтүлгөн эмес. Бирок бул казак компаниясы Орусияда телекоммуникация тармагында иштеген Eltex компаниясынын расмий өнөктөшү экени белгилүү. Эки компаниянын орток негиздөөчүсү бар. Ал орусиялык бизнесмен Алексей Черников.
Орусиядагы бул фирманын башка бир өнөктөшү – Eltex-MSK компаниясы өз сайтында ишкананын “туруктуу кардарларынын” арасында Орусиянын Коргоо министрлиги, Федералдык күзөт кызматы жана Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) бар экенин билдирген. 2017-жылы Eltex компаниясынын жетекчилеринин бири компания Орусиядагы жеке жана мамлекеттик ишканалар, анын ичинде Коргоо министрлиги үчүн “комплекстүү” долбоорлорду ишке ашыра турганын жазган.
EltexAlatau журналисттердин суроолоруна жооп бере элек. Бул компания орус күчтөрү Украинага басып киргенден бери Орусияга эки багытта колдонулчу товарларды жөнөткөн бир нече казак ишканаларынын бири. EltexAlatau 2011-жылы түзүлгөнү менен Орусияга электроника товарларын экспорттогон башка казак компаниялары Украинада уруш башталгандан көп өтпөй ачылган.
Маселен, Elem Group компаниясы 2022-жылдын 14-мартында же Владимир Путин Украинага кол салууга буйрук бергенден үч жума өтпөй Алматы шаарында түзүлгөн. Журналисттер изилдеп чыккан маалыматтар бул компаниянын Орусиядагы “Стрелой E-Коммерц” компаниясы менен байланышы бар экенин көрсөтүп жатат. Маселен, Elem Group 2023-жылдын январь айынан бери “Стрелой Е-Коммерц” компаниясына кеминде 300 жолу электроника, анын ичинде эки багытта керектелчү товарларды жөнөткөн.
Алардын 273ү Вашингтон Орусияга экспорттоо маселесинде өзгөчө көңүл бурулушу керек деп мүнөздөгөн товарлар. Муну кытайлык Dalian Infobank компаниясы иштеткен, бажы документтерин камтыган Sinoimex маалымат базасы күбөлөп турат.
Elem Group компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Кирилл Туляков аттуу орусиялык бизнесмен “Стрелой Е-Коммерц” ишканасын да түптөгөн. Clearspending.ru порталы топтогон мамлекеттик сатып алуулар тууралуу документтер көрсөткөндөй, “Стрелой Е-Коммерц” Орусиядагы “Русалокс” ишканасын жарык чыгарган диоддор менен камсыздап турган. “Русалокс” - Орусиянын нанатехнологияларга басым жасаган мамлекеттик “Руснано” компаниясынын туунду ишканасы жана буга чейин Кремлдин аскердик күч-кубатын даңазалаган көргөзмөлөргө катышып келген.
Батыш же Украина “Стрелой Е-Коммерц” компаниясына санкция салган эмес. Бирок Украинанын Коррупцияга каршы улуттук агенттиги Орусиядагы бул компанияга жана анын жетекчилерине санкция салууга чакырган.
Батыштагы технология компанияларынын жообу
“Эркин Европа/Азаттык” радиосу америкалык компаниялар менен байланышып, алар өндүргөн товарлар Украинада колдонулган орус аскердик техникалардан табылып жатканы жана Кыргызстан, Казакстан аркылуу Орусияга жөнөтүлүп жатканы тууралуу комментарий сурады.
Texas Instruments компаниясы 2022-жылдын февраль айында Орусияга жана Беларуска товарларды сатууну токтотконун жана бул өлкөлөр менен сооданы колдобой турганын билдирди. Далласта жайгашкан бул компания өздөрү иш алып барган “өлкөлөрдө колдонулган мыйзам жана жоболорго баш ийерин” кошумчалап, өздөрүнүн товарларын адеп өндүрүлгөн учурда белгиленген максаттан башка багытта колдонууну жактабай турганын, ага макулдук бербегенин белгиледи.
Калифорниядагы жарым өткөргүчтөрдү чыгарган Atmel компаниясы “биздин технологияны сатууга тыюу салынган Иран, Беларус сыяктуу өлкөлөрдө жана Украинанын санкцияга кабылган аймактарында” өз товарларыбызды сатпайбыз деп жооп кайтарды. Компания алардын товарларынын “мыйзамсыз колдонуу аракетин” айыптай турганын кошумчалады.
АКШдагы жарым өткөргүчтөрдү өндүрүүчү башка Vishay Intertechnology, Xilinx жана Analog Devices компаниялары иликтөө жарыяланып жаткан учурда биздин суроолорубузга жооп берген жок. Иллинойстогу алдыңкы акустикалык жабдыктарды чыгарган Knowles Electronics компаниясынан да жооп келе элек.
Xilinx компаниясына ээлик кылган, Калифорнияда жайгашкан Advanced Micro Devices (AMD) компаниясы экспорттук жоболорду “бекем сактай турганын”, ишкана Орусияда өз товарларын сатууну жана кызмат көрсөтүүнү токтотконун Reuters агенттигине билдирген.
Ал билдирүүдө AMD компаниясынын бардык кардарларына жана мыйзамдуу дистрибьюторлоруна товарларды Орусияга сатууну токтотуу талабы коюлганы да белгиленген.
2023-жылдын март айында Elem Group компаниясына Максат Артыков аттуу казакстандык юрист ээ болуп калган. Ал “Азаттыктын” журналистинин суроолоруна телефондон жооп берип, Украинадагы согушка каршы экенин жана анын фирмасы Орусияга санкцияларды буйтап өтүүгө жардам берет деп эсептебей турганын белгиледи.
“Биздин товарлар бардык жерде колдонулат. Керек болсо сиздин электр чырагыңызда биз ташыган компоненттер бар”, - деди ал. Артыков кош багытта колдонулчу товарлардын Орусияга агымына байланыштуу Батыштын санкцияларынан “ар бири киши” кооптонорун кошумчалады.
“Стрелой Е-Коммерц” журналисттердин суроолоруна жооп берген жок.
Astaris деп аталган үчүнчү казак компаниясы 2022-жылдын февралында Орусия Украинага кол салгандан эки ай өтпөй Астанада түзүлгөн. Компания Орусиядагы ишканага эки багытта колдонулчу товарларды жөнөтө баштаган.
2022-жылдын май айынан октябрга чейин “Астарис” Батышта өндүрүлгөн бир эле учурда жарандык жана аскердик максатта керектелчү товарлардын ондогон партиясын Орусияга жөнөткөн. Бул товарлар Орусиянын Украинада колдонулган аскердик техникаларынан табылганы үчүн АКШ “өтө маанилүү” деп мүнөздөгөн тогуз категориядагы товарлардын жетөөнө төп келет.
“Астаристин” товарларын Орусиянын батышындагы Смоленск шаарында катталган “Новая электронная компания” аттуу ишкана алган.
Astaris компаниясына Александр Скоробогатый аттуу Беларуста төрөлгөн ишкер толук ээлик кылат. Журналисттер Скоробогатыйга телефон чалып, суроо бере баштаганда ал телефонун өчүрүп койду.
Орусиянын Смоленск шаарында логистикалык фирмага ээлик кылган Скоробогатый WhatsApp менен жөнөтүлгөн суроолорго “мен Орусияга эч кандай товар ташыган жокмун, эч нерсе алып келген жокмун” деп жооп берди.
Бажы документтери күбөлөгөндөй, Astaris ишканасынан Смоленск шаарында катталган “Новая электронная компания” ишканасы товар алып турган. Бул компания комментарий сураганыбызда жоопсуз калтырды. Журналисттер бул ишкананын Орусиянын аскердик өндүрүшү менен кандайдыр бир байланышын таба алган жок.
Бирок алар Орусияга эки багытта колдонулчу товарларды жөнөткөн төртүнчү бир казак компаниясын аныкташты. “Компания электроникс” деп аталган бул ишкананын Батыштын санкцияларын кыйгап өтө аларын ачык эле жарыя кылган Орусиядагы ITC аттуу ири электроника ишканасы менен байланышы бар. Журналисттер тапкан маалымат казак компаниясынын атынан буюртма берилген товарлар түз эле Европадан Орусияга жөнөтүлгөнүн ишарат кылып турат.
Балтикадагы коридор
“Компания электрониксти” Орусиядагы ITC компаниясына тиешеси бар орус жарандары 2015-жылдын июнь айында Алматыда түзгөн. Бул компаниянын директорлорунун да, акционерлеринин да ITC компаниясына байланышы бар.
1992-жылы түзүлгөн ITC компаниясы өзүнүн презентацияларынын биринде Украинада уруш башталган күндөн тарта Батыштын жыйырмадан ашык компанияларынан ар кыл технологияларды импорттоп жатканын айтып мактанган. Презентацияда согуш тууралуу сөз болбосо да товарлар 2022-жылдын 24-февралынан бери импорттолгону так белгилеген. Дал ушул күнү Орусиянын президенти Владимир Путин коңшу Украинаны басып алууну көздөгөн “атайын аскердик операция” деп аталган урушту баштоого буйрук берген.
ITC компаниясынын презентациясында ишкананын негизги кардарларынын арасында Батыштын санкциясына кабылган “Электроприбор” жана “Аврора” деген Орусиядагы эки мамлекеттик компания бар экени айтылат.
Вашингтон “Электроприбор” жана “Аврора” ишканалары Орусиянын согуштук кемелери үчүн навигациялык системаларды жана башка технологияларды өндүрө турганын билдирген. Мамлекеттик сатып алуулар көрсөткөндөй, ITC компаниясы Орусиянын аскердик арсеналы үчүн өзөктүк дүрмөттөрдү даярдаган Духов атындагы автоматика боюнча илим изилдөө институтун Батыштын технологиялары менен камсыздап турган.
“Азаттык” радиосунун журналисттери изилдеп чыккан бажы документтери көрсөткөндөй, ITC компаниясы менен байланышы бар Казакстандагы “Компания электроникс” ишканасы Кремль Украинаны каратып алууну көздөгөн урушту баштаганга чейин Орусияга бир дагы товар жөнөткөн эмес.
Бирок 2022-жылдын август айында ITC компаниясы менен байланышы бар Латвиядагы OTK Group SIA карго компаниясы Орусияга электроника товарларын жана башка технологияларды камтыган 250 партия жүк жөнөткөн. Бул жүктөрдү кабыл алуучу тарап катары кайра эле ITC компаниясы көрсөтүлгөн. Бирок Ригада катталган OTK Group SIA бул товарларды ITC ишканасына байланышы бар Казакстандагы “Компания электроникстин” “тапшырмасы менен” жөнөткөнү документтерде жазылган.
Латвиядагы OTK Group SIA компаниясы жөнөткөн жүктөрдүн 71и ошол кезде Европа Биримдиги экспорттоого чектөө койгон товарларды камтыйт. Анын ичинде жети жүктө Вашингтон экспорт маалында өзгөчө көңүл бурулушу керек деп мүнөздөгөн, Батышта чыгарылган микрочиптер жана телекоммуникация жабдыктары болгон.
Бажы документтери кош багытта колдонулуучу бул товарлар ITC компаниясынын колуна тийгенге чейин Казакстандын чек арасынан өткөнүн көрсөтпөйт. Былтыр декабрь айында ITC компаниясы Санкт-Петербургда “параллель импортту өнүктүрүү” маселеси боюнча конференция өткөргөн жана өткөн айда Украинанын санкциясына кабылган.
Казакстандагы “Компания электроникс” ишканасынын “тапшырмасы менен” Орусияга товар жөнөткөн Латвиядагы OTK Group SIA компаниясынын мурдагы жана кийинки жетекчилеринин да Орусиядагы ITC компаниясы менен байланышы бар.
OTK Group компаниясынын негизги соода өнөктөштөрүнүн арасында Орусиядагы электроника товарларын импорттогон “Квазар” жана “Спецвольтаж” ишканалары бар. Быйыл май айында АКШ бул эки компанияга тең жана аларга товар жөнөткөн Эстониядагы “Элмек Трейд” аттуу компанияга санкция салган.
ImportGenius маалымат базасы көрсөткөндөй, OTK Group ишканасынын казак компаниясынын тапшырмасы менен жөнөтүлдү деген жүктөрдө товар чыккан өлкө катары бир эле учурда Латвия жана Орусия көрсөтүлгөн. Ал эми “жүктүн жеткен жери” катары Хельсинки шаары белгиленген.
“Компания электроникстин” азыркы кожоюну Алия Абишева бажы органдары текшерген бардык керектүү документтери бар экенин, анын ишмердигинин Орусиянын Украинадагы согушуна тиешеси жоктугун айтты.
Ал кош багытта колдонулчу товарлардын Орусияга экспорту тууралуу суроого жооп берип жатып, компания технологияларды жарандык максатта колдонуу үчүн гана Орусияга жөнөтөрүн белгиледи.
“Бизде электр жабдыктары бар, аскердик жабдыктар эмес. Эмнеге чаташтырып жатасыңар?”, - деп билдирди Абишева “Азаттык” радиосунун казак кызматына.
OTK Group компаниясына толук ээлик кылган Ян Волк “Орусияга эч нерсе жөнөтпөй турганын” “Азаттыктын” кабарчылары байланышканда учкай айтып, телефонун коюп салды.
Андан кийин журналисттердин Волкко кайра байланыштуу аракеттеринен майнап чыккан жок. Ага Телеграмдан салынган суроолорго кат жүзүндө кайрылгыла деп суранды. Бирок электрондук катка жооп берген жок.
“Азаттык” радиосунун журналисттери OTK Group компаниясынын Ригадагы кеңсесине барып көрүштү. Алар үч кабаттуу турак жайдын эч бир жеринде мекеменин аты жазылган тактаны же кандайдыр бир коммерциялык ишмердиктин белгисин таба алышкан жок.
ITC комментарий берүү тууралуу өтүнүчтөргө жооп берген жок.
Орусиядан Борбор Азияга: Кагаздагы соода
“Азаттыктын” журналисттери изилдеп чыккан бажы документтери Батышта өндүрүлгөн кош багытта колдонулчу товарлар Кыргызстандан жана Казакстандан Орусияга жөнөтүлүп жатканын көрсөткөнү менен алардын көбү кагаз жүзүндө гана.
Чыныгы товар Борбор Азияга жетпей эле орто жолдон Орусияга жеткирилген.
Мындай реэкспорт менен алектенген бир нече ишкер Орусияга бул санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөшкөн схема кандай иштей турганын айтып берди.
“Төлөм биздин Бишкектеги компаниябыз аркылуу кетет”, - деп айтты “Азаттык” радиосуна өзүн Андрей деп тааныштырган логистика боюнча адис. “Айтор, орусиялыктар Бишкекке акча төлөшөт. Алар силерге төлөйт. Анан силер бизге төлөйсүңөр. Биз логистика жана товар үчүн сөзсүз төлөшүбүз керек. Анан алар товарларды Бишкекке ташып отурбай Орусиядагы кампадан алышат”, - деди ал.
“Кагаз жүзүндө товардын баары Бишкек аркылуу кетет”, - деп кошумчалады Андрей.
Анын айтымында, АКШдан жөнөтүлгөн товарлар Балтика деңизинин жээгиндеги Литванын Клайпеда портуна келип түшөт. Андан кийин Литва, Беларус аркылуу Орусияга жетет.
Май айында “Азаттыктын” кабарчылары өздөрүн журналист катары тааныштырбастан байланышканда Андрей Орусияга Батышта чыгарылган кош багыттагы товарларды алып кирүү маселе жаратпай турганын айткан. Бирок товар үчүн төлөмдү евро түрүндө жөнөтүү соңку мезгилде маселе жаратып жатканын белгилеген.
“Биз азыр [Кытай] юань менен иштеп жатабыз. Ошондуктан бир аз кечигип жатат. Бирок алар бизге кандай тоскоолдук жаратышса да, биз аларды кыйгап өтөбүз. Болгону бир аз узарып кетиши мүмкүн”, - деди ал.
Орусияга электроника жана башка товарларды реэкспорт кылган бир казак ишкери да өзүнүн Казакстандагы компаниясы жана казак документтеринин жардамы менен Европадан Беларус аркылуу Орусияга товарларды түз ташый турганын айтып берди.
“Документтерге ылайык, булар Орусияда калбашы керек деген товарлар”, - деди өзүн Канат деп тааныштырган бул ишкер. Ал өз фирмасы казак мыйзамдарын сактай турганын биздин кабарчыларга айтып берди.
"Товарлар Казакстанга кирбейт. Себеби, кире турган болсо, логистика чыгымдары көбөйүп кетет”, - деди ал.
Латвиянын Улуттук башкы кеңешинин директору Раймондс Зукулс “Азаттык” радиосу менен болгон маегинде алар Европадан чыккан товардын документтерин жана андагы маалымат менен товар канчалык дал келерин, товар кайсы өлкөгө бара жатканын текшере турганын, ошентсе да бажычылардын чамасы чак экенин белгиледи.
“Мисалы, Казакстанга же Кыргызстанга бараткан товар Орусия аркылуу транзит менен өтөт. Албетте, товарды Орусияда түшүрүп калган учурлар болот”, - деди Зукулс.
Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан, коопсуздук жана коргонуу багытында иштеген RUSI уюмунун ачык булактарды изилдөө жана анализ боюнча директору Жеймс Бирн Батышта чыгарылган эки багытта керектелчү технологиялардын орус армиясын жабдыган агымын толук токтотуп коюу мүмкүн эмес экенин айтты.
Ошентсе да орус курал-жарактарындагы Батыш технологиялары боюнча соңку изилдөөнүн негизги автору айрым товарлардын экспортуна тыюу салуу аракети Кремлдин аскердик күч-кубатына кедергисин тийгизип жатканын кошумчалады.
“Биз бул жараянды дагы татаалдаштырып, товар менен камсыздоочу чынжырды дагы узартабыз. Тобокелдикти көбөйтүп, соода жолдорун кысабыз”, - деди ал.
Ал тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзбөстөн мындай товарды Орусиядагы фирмаларга жөнөткөн компаниялар же жеке адамдар дагы санкцияга кабылышы мүмкүндүгүн эскертти.