Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:30

Кыргызстандын маалымат айдыңын ээлеген орус пропагандасы


"Биринчи каналдын" журналисти Марина Овсянникова 2022-жылы 14-мартта “Время" программасынын түз эфиринде Екатерина Андрееванын артына барып, "Согушту токтоткула! Пропагандага ишенбегиле. Бул жерде силерге калп айтып жатышат" деген плакатты көтөргөн.
"Биринчи каналдын" журналисти Марина Овсянникова 2022-жылы 14-мартта “Время" программасынын түз эфиринде Екатерина Андрееванын артына барып, "Согушту токтоткула! Пропагандага ишенбегиле. Бул жерде силерге калп айтып жатышат" деген плакатты көтөргөн.

Кыргызстанда Орусиянын бир катар маалымат каражаттары иштейт. Алардын көбү Советтер Союзу тараган 32 жылдан бери Кремлдин пропагандасын туруктуу таратып келет.

Мурдагы советтик республикалардын бир тобу бул медиалардан баш тартууну өз эгемендигин чыңдоодогу принципиалдуу фактор катары карайт. Ошондон улам алардын көбүндө бул маалымат каражаттары эбак эле токтотулган, иштеп жаткандары дыкат көзөмөлдөн өтүп турат.

Кыргызстанда жагдай кандай?

Кыргызстандын аймагында “Биринчи канал” (ОРТ),Бүткүл орусиялык мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын” курамына кирген “Россия 24”, РТР, “Культура” жана Орусиянын Коргоо министрлигинин “Звезда” телеканалдары иштейт.

Мындан тышкары дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө ишмердигине тыюу салынган Sputnik маалымат агенттигинин кыргыз редакциясы иш алып барат.

Басылмалардан “Аргументы и факты”, “Российская газета”, "Московский комсомолец" жана “Комсомольская правда” гезиттери баары бириккенде 20-25 миң нускада тарайт. "Российская газета" Кремль тарабынан толук каржыланат жана күн сайын басылып чыгат.

"Комсомольская правда" гезитинин Кыргызстандагы редакциясынын мурдагы жетекчиси Жылдызбек Керимбаевдин айтымында, орусиялык басылмалардын баары Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн.

Бул маалымат каражаттарынын дээрлик баары Кремлдин саясатын колдогон кызылдай пропагандасы менен айырмаланат.

Медиа эксперттер эгер депутат Надира Нарматова демилгелеген "Чет элдик өкүл жөнүндө" мыйзам толук кабыл алынса, анда Орусиянын маалымат каражаттары дагы "агент" катары каттоого алынып, каражаттары тууралуу отчеттору ачыкка чыгышы керек деген пикирде.

Буга чейин "Адилет" укуктук клиникасы Надира Нарматованын мыйзамын анализдеп чыгып, Орусиянын "Чет элдик агент жөнүндө" мыйзамына окшош экенин аныктаган.

"Советтик өтмүшкө кусалык"

Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттарынын кыргызстандыктардын аң-сезимине тийгизген таасири жөнүндө журналисттик иликтөө мындан төрт ай мурда “Кызылдай пропаганда” деген ат менен жарыяланган.

Медиа сынчы Асел Сооронбаева Украинада уруш башталгандан бери Орусиянын ЖМКлары Кыргызстандын аймагында бир беткей маалымат таратууга өткөнүн айтууда. Ал мындай маалыматтар башка платформалардан да тарап жатканын белгиледи.

“Орусиянын басылмалары, пабликтери, Телеграм-каналдары аркылуу маалымат алган адамга пропаганданын таасири сөзсүз тиет. Бул биздин мамлекетте эле эмес, башка өлкөлөрдө да байкалат. Биз “Фактчек” долбоорунда иштеп жүргөнүбүздө “Россия 24” телеканалынын бир нече сюжеттеринин маалыматтарын текшерип, аларды төгүндөгөнбүз. Ал жакта пропагандадан тышкары чындыкка коошпогон фейк материалдар да кетерин аныктаганбыз. Иликтөөлөр көргөзгөндөй, улуу муундун өкүлдөрү Орусиянын телеканалдарын көрөт, ал болсо Советтер Союзун эңсөө, ага болгон сагыныч менен байланышкан. Орусиянын телеканалдарын көргөн жарандар орус-украин согушунда Киевди күнөөлөп, Москванын саясатын колдошот”.

Ал эми медиа эксперт Тынымгүл Эшиева Орусиянын пропагандасынан элди сактоо үчүн маалыматка сынчыл көз караш менен кароону үйрөтүү керектигин белгиледи.

“Орусиянын телеканалдарынын программаларын көрбөйм, себеби ал жакта жалаң пропаганда берилерин билем. Андай булактардын маалыматтарын алуу үчүн ар бир жаранда сынчыл көз караш болушу керек. Мен бул тууралуу өз студенттериме да айтам – кандай гана маалымат булагы болбосун, анын артында ким турат, эмне максатты көздөйт деп, тарап жаткан кабарларды башка жактан да текшерип турган оң дейм.”

Орусия өз ЖМКларын башка өлкөлөрдүн аймагында ачканы менен өзүндөгү эркин маалымат каражаттарын ооздуктап, Кремлди сындаган айрым журналисттер камалып, тышка чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

«“Биринчи канал” – Кремлдик пропаганданын жарчысы»

Кыргызстанда ОРТ деген ат менен таанымал “Биринчи канал” жана РТР телеканалдары тартат.

Бул эки канал тең 1996-жылы 28-мартта эки мамлекеттин өкмөттөрү тарабынан кол коюлган “Кыргыз Республикасынын аймагында орусиялык телерадио берүү мекемелеринин программаларын таратуунун тартиби жана шарттары жөнүндө” келишимдин негизинде чыгып келет.

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Юридикалык башкармалыгынын жетекчиси – башкы юристи Максат Төлөнов буларга токтолду:

“Өкмөттүн токтому менен кайсы телеканалдар “социалдык пакетке” (соцпакет – жарандарга акысыз көрсөтүлүүчү телеканалдардын топтому – ред.) кире турганы аныкталган. Ошол токтом менен Орусиянын эки телеканалын соцпакетке киргизип, ага жооптуу катары ошол убактагы Коомдук телерадиоберүү корпорациясын (азыркы УТРК – ред.) көргөзүп, бекитип койгон. Ошонун алкагында алар менен келишим түзүлүп келет. “Биринчи канал” бирок жарнама менен иштебейт, себеби аны ачса, жергиликтүү каналдарга акча түшпөй калат. Ал эми РТР телеканалы бир жылдай жарнама менен иштеп, тапкан каражаты эки телеканалдын сигналдарын таратууга кеткен чыгымды жаппагандыктан, бул канал дагы жарнама берүүнү токтоткон”.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматтык саясат башкармалыгынын жетектөөчү адиси Атай Осмонбаевдин “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, азыркы тапта бюджеттен Орусиянын жогоруда аты аталган телеканалдарынын программаларын таратууга акча бөлүнбөйт.

Бул эки телеканал “Кыргызтелекомго” караштуу “Радиорелейлик магистралдардын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмеси” (РПО РМТР) менен сигналдарын таратканы үчүн түз келишим түзүп, ага акы төлөшөт.

Атай Осмонбаевдин кошумчалаганына караганда, орусиялык эки каналдын программалары толугу менен ретрансляция кылгандыктан, алардын мазмуну көзөмөлгө алынбайт. Ошондон улам Кыргызстан тарабынан редакциялык оңдоолорго, чектөөлөргө, кийлигишүүгө тушукпайт.

"Кутумчул кол салуунун" колдоочусу

Өткөн 2022-жылы жылы май айында Америка Кошмо Штаттары “Биринчи каналга” санкция киргизген.

Канада “Орусиянын негизсиз жана кутумчул кол салуусун” жана “маалыматты бурмалоо структураларын” колдогону үчүн 2022-жылы 7-июлда ОРТнын программаларын токтоткон.

Балтика жээгиндеги жана Европа Биримдигинин бир катар өлкөлөрү Кремлге жакын Sputnik маалымат агенттиги менен Russia Today каналын көрсөтүүгө тыюу салган.

Украина согуш башталгандан бери орусиялык маалымат каражаттарын өз аймагында көрсөтпөйт.

Кыргызстанда да Орусиянын телеканалдарын жабуу пикирлер акыркы жылдары айтылып келет.

2022-жылдын мартында бул маселени андагы депутат, азыркы төрага Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүп, "Орусиянын эки телекомпаниясын өчүрүш керек. Аны токтотуп, алардын ордуна жергиликтүү телеканалдарды өнүктүрүүгө шарт түзүү керек", - деген болчу.

Анткен менен кыргыз бийлиги бул чакырыктарды олуттуу кабыл алган эмес. Анын ордуна соңку жылдары Орусия менен маалымат жаатында кызматташтыкты чыңдоого умтулуп келет.

Алсак, быйыл 9-майда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин Москвадагы жолугушуунун соңунда кызматташтык жана стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышкан. Анын 19-бөлүгүндө тараптар маалымат коопсуздугун камсыздоодо кызматташтыкты күчөтөрү белгиленген.

Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда 92 телеканал 40 радио каттоодон өткөн.

Социалдык медиага көчкөн пропаганда

Былтыр 10-марттан баштап YouTube Орусиядагы колдонуучулар үчүн монетизациялоо же программаларын таратканы үчүн акча табуу функциясын толук токтоткон.

Ошого удаа эле Premium, Music Premium булактарына катталуу сыяктуу кызматтар да иштебей калган. Видеохостинг “бул авторлор Орусияда аталган функциялардан киреше албай калат дегенди билдирет” деген.

Ал окуялардан кийин айрым кыргызстандыктардын эгер катталган аккаунту Орусияда болсо, андай ютуберлер менен стримерлердин чыгарылыштарын көргөндөр азайып, тапкан кирешеси да ага жараша кыскарган.

YouTube менен катар Meta компаниясы Орусиянын Russia Today жана Sputnik эл аралык маалымат каражаттарын Facebook менен Instagram социалдык түйүндөрүндөжапкан.

Ага жооп кылган Кремль Украинага согуш ачкандан кийин Фейсбук менен Инстаграмга кирүүгө тыюу салып, Meta корпорациясын экстремисттик уюм деп жарыялаган. Орусия аймагында Twitter'ге кирүү да бөгөттөлгөн. YouTube хостингине Орусиянын аймагында тыюу салынары кабарланган, бирок ал азыр бул мамлекеттин аймагында иштеп жатат.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

XS
SM
MD
LG